Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ
КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫ
БУЙРУК
2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 140-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери жөнүндө жобо ушул буйрукка тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийим кийүү эрежелеринде:
- 21-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Атайын формалык кийимдин шымы, жайкы атайын костюмунун шымдарын кошпогондо, узун кончтуу ботинкага киргизилип кийилет.”;
- 22-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- аялдар үчүн – юбка (шым) менен.”;
- 23-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Атайын костюмдун (күрмө жана шым) шымы бийик кончтуу ботинкага киргизилип кийилет. Жайкы атайын костюмдун (күрмө жана шым) шымы киргизилбей кийилет.”;
- 24-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“24. Мойну тегерек ачык пуловер өткөрүү пункттарында жана кинологиялык түзүмдүк бөлүмдөрдө кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн арналган.
Пуловер кышкы күнүмдүк атайын форма кийими менен жана жайкы күнүмдүк атайын форма кийми менен аба-ырайы суук болгон учурларда футболканын үстүнөн бөлмөнүн ичинде кийилет.”;
- төмөнкү мазмундагы 271-272 пункттары менен толукталсын:
“271. Жүн колкаптар кышкы мезгилде кийилет.
272. Ак чыттан колкаптар, параддык кур, аксельбант туу көтөрүүчү тобуна кирген кызматкерлердин өкүлчүлүктүү формалык кийми менен салатанаттуу иш-чараларда кийилет.”.
2. Укук башкармалыгы (М. Таштанбеков):
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Басм-сөз катчысы (Г. Чубакова) ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитинде же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында расмий жарыялоосун камсыздасын.
4. Камсыз кылуу бажысы (А. Ишекеев) камсыздасын:
- формалык кийимдин элементтеринин эскиздерин жана үлгүлөрүн даярдоону жана аларды МБКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдоону;
- форма кийимдин элементтерин Форма кийимди камсыз кылуу ченемдерине жана кийүү мөөнөттөрүнө ылайык берүүнү (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №35-10/394 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери жөнүндө жобого 1-тиркеме).
5. Иш кагаздарды камсыздоо бөлүмү (А. Токтосун кызы) ушул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамын тааныштырсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий www.customs.gov.kg сайтында 2024-жылдын 11-майында менен жарыяланды.
Төрага |
| С.С. Исабеков |