Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2024-жылдын 10-декабры № 35-10/2
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана мүлктүк үлүш маселелери жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесинин 6-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана мүлктүк үлүш маселелери жөнүндө” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана мүлктүк үлүш ченемдери жөнүндө жободо:
- 7-пункттун үчүнчү абзацында “бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айырмалоочу белгилери менен кооздолгон” деген сөздөр алынып салынсын;
- 8-пункттун үчүнчү абзацында “бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблема белгилери менен кооздолгон” деген сөздөр алынып салынсын;
- 50-пункттун 1-пнуктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“1) ачык-көк, кара түстөгү мехтен тигилген кулакчындуу тумак. Маңдайынын ортосунда Мамлекеттик герб түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн маңдайынын дал ортосунда Мамлекеттик герб жайгашкан алтын түстөгү томпойгон овал түрүндөгү кокарда жайгашат, гербдин жээгинен четине чейин кокарданын толкундуу бети лавр веногу менен курчалган;»;
- 2-главасынын §3 төмөнкү мазмундагы 501, 502 пункттары менен толукталсын:
“501. Өкүлчүлүк мундири (бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн)
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар алты топчуга топчулана турган эки борттуу, кочкул-көк түсүндөгү жүн костюм кездемесинен тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айырмалоочу белгилери менен кооздолгон.
Жаканын четине жашыл түстөгү милте тигилген.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген. Асты жагынан учанын линиясында 20 см *22 см бурчтары бир аз тоголок фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган чөнтөктөрү бар.
Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Капкалдыктары боюнча туурасы 0,1 см болгон кооздочу тигилиши бар.
Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, эки каптал чөнтөгү жана оң капталында бир арткы капкалдырыктуу чөнтөгү бар, чөнтөк топчуга топчуланган шым. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Шымдын кашаты кур үчүн алты өткөргүчтөрү менен темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.
502. Өкүлчүлүк китель.
Китель кочкул көк түстөгү кездемеден, силуэти түз кайырма жакалуу, лацканы бар, ачык болот жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги алтын түстөгү төрт формалык топчусу менен өңүрүнүн ортосунда топчулугу бар. Өңүрлөрү кесилген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген жана фигуралуу капкалдырыктары бар тилик каптал чөнтөктөрү бар.Далысында ортосунан кеткен тигиши бар, аягы тилик. Жеңдери танаптап тигилген кош тигиштүү. Сол жана оң жеңде кол шеврондору бар. Сол өңүрдүн астарында ички “жалбыракча” чөнтөгү бар, ал астардын төмөнкү кесилген бөлүктөрүнүн кайып тигилген тигиштеринде жайгашкан. Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондор жайгашат.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери кайып тигилген, эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жүн аралаш кездемеден тигилген, диагоналдуу токулган, кочкул көк түстүү, түз классикалык бычылган, алдыңкы астары тизеден ылдый ичтелген, эки каптал чөнтөгү жана оң капталында бир арткы капкалдырыктуу чөнтөгү бар, чөнтөк топчуга топчуланган шым. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Шымдын кашаты кур үчүн алты өткөргүчтөрү менен темир илгичке илинет жана топчу топчуланат. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес. Каптал тигишинде диаметри 2-3 мм жашыл түстөгү ноотудан тасма тигилген. Кездеменин түзүлүшү: 40% кем эмес жүн. Тыгыздыгы 220-240 г/м2.”;
- 51-пунктта:
биринчи абзацта “Өкүлчүлүк китель” деген сөздөр “Күндөлүк кийилүүчү китель” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн гана:”
- 2-главанын §4 төмөнкү мазмундагы 771, 772 пункттары менен толукталсын:
“771. Өкүлчүлүк мундири (бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлери үчүн)
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, эки катар төрт топчуга топчулана турган эки борттуу мундир, кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Далысынын ортосунан борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш отот. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Жеңдин сол жана оң жеңдеринде шеврондор жайгашкан.
Жүн кездемеден (жаз-күз кийилүүчү, кездеменин курамында жүн 50%дан кем эмес), жайкы костюм кездемесинен (жайкы, жүн 40%дан кем эмес, полиэфир 54%; лайкра 2%; тыгыздыгы 220-225г/м˄2) тигилген юбка. Кочкул көк түстөгү, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этек жагы бир аз кууш, балтырдын ортосуна чейин юбка. Юбканын отурушу өйдө, бели танапталып тигилген. Бели 0,1 см тигиш менен кайып тигилген, белинде бир топчу менен бүчүлөнгөн. Арткы борбордук тигиш боюнча жашыруун сыдырма бүчүлөмө. Юбканын арткы борбордук тигишинде тилиги бар.
772. Өкүлчүлүк китель
Классикалык, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, этеги түз, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч топчуга топчулана турган бир борттуу китель, кочкул көк түстөгү костюмдун жүн кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма - пиджак тибинде, орточо раскеп менен.
Өңүрүндө вертикалдуу рельефтүү конструктивдүү линиялар бар. Белдин ылдый жагында кооздолгон капкалдырыктары бар кесилип тигилген жан чөнтөктөр жайгашкан.
Учасында борбордук тигиш, вертикалдуу рельефтүү линиялар жайгашкан.
Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Жаканын четине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилген эки тигиштүү түз кайрылган, кайрылган жеңдин эни 90 мм, кайрылган жеңдин кайып тигилген жерине жашыл түстөгү ноотудан милте тигилген.
Ийиндин линиясы боюнча алтын түстөгү тигилген погондору бар.
Бардык декоративдик тигиштерде, кесилген, калдыркан жана декоративдүү деталдарда декоративдүү 0,1 см тигиш отот. Кыналуусу орточо, боштугу дагы орточо.
Жеңдин сол жана оң жеңдеринде шеврондор жайгашкан.
Классикалык, ичтелген, көрүнүшү жарым-жартылай кыналган, этеги бир-аз кууш жүндүү кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген юбка. Бели өз ордунда, юбканын артындагы борбордук тигиштин деңгээлиндеги бир топчуга топчуланган топчулугу менен кашаты бар. Арткы тигишинде сыдырма тигилген. Юбканын арткы тигишинде тилиги бар. Юбканын узундугу балтырга чейин.”;
- 78-пунктта:
бирични абзацта “Өкүлчүлүк китель” деген сөздөр “Күндөлүк кийилүүчү китель” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Жаканын учуна бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы бекитилет.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн гана:”;
- 105-пунктта:
биринчи абзац “күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү ачык-боз” деген сөздөрдөн кийин “, мундир жана өкүлчүлүк кители үчүн - алтын” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацта “күндүн нуру менен алкакталган түндүктүн фонунда бүркүт түшүрүлгөн эмблема” деген сөздөр “бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын айырмалоочу белгилери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык киймин кийүү эрежелеринде:
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“2. Берилген атайын наамдарга ылайык бажы органдарынын кызматкерлери, ошондой эле атайын наам ыйгарылбастан кызматкерлердин милдетин убактылуу аткарган жарандык калктын ичинен чыккан адамдар формалык кийимди кийип жүрүү укугуна ээ.”;
- 5-7-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“5. Бул формалардын ар бири жайкы, күз-жай жана кышкы болуп бөлүнөт.
6. Өкүлчүлүк формалык кийим ант берүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алуу учурунда, бажы кызматынын атайын наамын ыйгарууда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрүндө, “Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамда, салтанаттуу жана юбилейлик отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, эл аралык форумдарда, расмий кабыл алууларда, курман болгон жоокерлердин эстеликтерине, мүрзөлөрүнө, мемориалдарга жана башка объекттерге гүл чамбарларды койгон учурда, бажы органдарынын өздүк курамынын катышуусу менен расмий иш-чараларда кийилет.
Өкүлчүлүк формалык кийим ордендер, медалдар же мамлекеттик сыйлыктардын символдору жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер (мындан ары - төш белги) менен кийилет.
Кызматтык (кызматтык) милдеттерин аткарууда дем алыш жана майрам күндөрү өкүлчүлүк формалык кийимди кийүүгө жол берилет.
7. Күнүмдүк формалык кийим отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, ведомстволук сыйлыктарды алууда, аттестациядан өтүүдө, кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле кызматтан тышкары убакытта кийүүгө жол берилет.
Күнүмдүк формалык кийим ордендик тасмалар жана планкаларга медалдардын тасмалары жана төш белгилер менен тагылат.”;
- 10-пунктта “кышкы” деген сөз “күз-жай, кышкы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункттун үчүнчү абзацында “ак түстөгү” деген сөздөр “ачык-боз түстөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 31-пунктта:
сегизинчи, тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“д) мундирде жана өкүлчүлүк кителинде – өкүлчүлүк, тигилген.”;
төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
“Кызматкерлердин милдетин убактылуу аткарган жарандык калктын ичинен адамдар үчүн атайын наам ыйгарылбастан погондор жарыгы, эмблемасы жана жылдызы (жылдызчасы) жок тагылат.”;
- 34-пунктта “эмблемалар” деген сөздү тиешелүү жөндөлүштө “айырмалоочу белгилер” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Укук башкармалыгы (М. Таштанбеков):
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Басма-сөз катчысы (Г. Чубакова) бул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Адистештирилген окутуу бажысы (А. Мырзалиев) форма кийимдин элементтерин Форма кийимди камсыз кылуу ченемдерине жана кийүү мөөнөттөрүнө ылайык берүүнү камсыз кылсын (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдери жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 1-тиркеме).
5. Иш кагаздарды камсыздоо бөлүмү (А. Токтосун кызы) ушул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамын тааныштырсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калытарм.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы |
| С.С. Исабеков |