Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-сентябры № 520
Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселесин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксаттар үчүн лицензиялык акынын өлчөмүнүн убактылуу прейскуранты.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 4 жыл колдонулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-апрели № 218, 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 617, 2016-жылдын 14-июлундагы № 396 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан берилүүчү уруксат берүүлөргө лицензиялык жыйымдын өлчөмүнүн УБАКТЫЛУУ ПРЕЙСКУРАНТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аталышы | Чен бирдиги | Баасы (сом) |
I. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө уруксат | |||
1 | Радио электрондук каражаттарды (РЭК), жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү (ЖЖТ) радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр-магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды | Бир уруксат үчүн | 299 |
II. Жыштык ыйгаруу | |||
1 | Электр-магниттик шайкештик экспертизасы |
| 2305 |
2 | Мекемелер аралык макулдашуулар |
| 814 |
3 | Эл аралык макулдашуулар |
| 814 |
4 | Радиоконтроль |
| 1627 |
5 | Радио жыштыкты колдонууга уруксат берүү: | Бир жыштык ыйгарууга |
|
5.1 | - РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын курамына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка; |
| 488 |
5.2 | - радиотелефондорго; |
| 244 |
5.3 | - 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга; |
| 203 |
5.4 | - кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга |
| 54 |
6 | Радио жыштыкты пайдаланууга уруксат берүү мөөнөтүн узартуу | Бир уруксат үчүн |
|
6.1 | - РЭК жана ЖЖТ (РЭК СВ жана кесипкөй эмес диапазондон тышкары), ошондой эле кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү станциялардын карамагына кирбеген кабыл алуучу түзүлүштөргө, телекөрсөтүүчү жана үн уктуруучу кабыл алгычтардан жана жеке радио чакыруучу каражаттардан башка |
| 231 |
6.2 | - радиотелефондорго |
| 203 |
6.3 | - 27 МГц диапазондогу СВ радиостанцияларга |
| 163 |
6.4 | - кесипкөй эмес диапазондогу радиостанцияларга |
| 54 |
Эскертүү:
Жыштык ыйгаруу бөлүп берүү тууралуу арыздарды кароодо РЭК жана ЖЖТ электр-магниттик шайкештигине экспертиза жүргүзүү иштери аткарылат, макулдашуулардын жана радиоконтролдун баасы (радиоконтроль жүргүзүлгөн учурда) уруксат берүүнүн баасына кошулат.