Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-марты № 17
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө" 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгынын 2-пунктун, 3-пунктунун бешинчи абзацын аткаруу, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө" 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасында "Самаркандек айылдык кеңешинин" деген сөздөр "Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогорудагы токтом менен бекитилген "Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө" убактылуу жобонун 1-пунктунда "Самаркандек айылдык кеңешинин" деген сөздөр "Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык аймактарынын жашоочуларынын арасында электрондук формада добуш берүүнүн тартибин маалымдоо жана түшүндүрүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук формада добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн арыздарды, анын ичинде "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу кабыл алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабековага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |