Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралы № 12
2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгынын 2-пунктун, 3-пунктунун бешинчи абзацын аткаруу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо пилоттук режиминде апробациялансын:
1) Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнүн формасы;
2) айрым шайлоо участокторунда шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдуулары.
(КР Борборшайлоокомунун 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - КР СӨМ), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР СӨМне караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, КР СӨМне караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин адистерин, Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинде колдонулуучу электрондук программалардын иштеп чыгуучуларын жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен шайлоочуларды идентификациялоо программасын модернизациялоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ идентификациялоо программаларын шайлоочуларды идентификациялоо боюнча модернизацияланган жабдууларга жана электрондук добуш берүүгө жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын Маалыматтык-коммуникациялар технологиялар башкармалыгы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессинде колдонулуучу электрондук программалардын иштеп чыгуучулары, адистер менен биргеликте электрондук добуш берүүнүн маалыматтык системасын иштеп чыксын, тестирлөө өткөрсүн жана пилоттук режимде апробацияласын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабековага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |