Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтому менен бекитилген |
Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук формада добуш берүүнү өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат.
(КР Борборшайлоокомунун 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Электрондук добуш берүү дегенди электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу менен добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жана электрондук системада добуш берүүнүн маалыматтарын автоматтык түрдө кошуп бириктирүү билдирет.
3. Электрондук добуш берүүнү жүргүзүүдө убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү жок шайлоочуларга добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо менен өз эркин билдирүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды кошуп бириктирүүдө шайлоочулардын эркин билдирүүсүн эсепке алуунун аныктыгы, жарандык контролдун жана мониторингдин өбөлгөлөрү камсызданат.
2. Электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзүү
4. Электрондук формада добуш берүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган шайлоочу, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кеч эмес тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына электрондук формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен (Тиркеме 1) же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизация өтүү менен мамлекеттик порталда "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу (Тиркеме 2) кайрылууга укуктуу.
5. Электрондук формада добуш берүү үчүн арыз берилгенден кийин, шайлоо участкасында добуш берүүгө катышуу үчүн арыз кабыл алынбайт.
6. Электрондук формада добуш берүү тууралуу шайлоочулардын арызы тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы (мындан ары - АШК) КР БШКнын системалык администратору тарабынан иштелип чыгат.
7. Арызды иштеп чыгуунун натыйжасы жөнүндө жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кеч эмес шайлоочуга электрондук маалымдоо түрүндө шайлоочунун кабинетине же болбосо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.
8. Электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси ар бир шайлоо участогу боюнча өзүнчө түзүлөт жана "Тизме" мамлекеттик порталынын өзүнчө бөлүгүнө жайгаштырылат.
9. Электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочунун биометрикалык маалыматтары шайлоо участокторунда колдонулуучу идентификациялоонун локалдуу системасына киргизип жүктөөгө жатпайт.
Шайлоочулардын биротоло түзүлгөн тизмесинин кагаз түрүндөгү вариантында электрондук добуш берүү үчүн арыз берген жана электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын тушуна, "кол тамга" деген графага "ЭДБ арызы" (электрондук добуш берүү боюнча арыз) деген белги коюлат.
10. Электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочу электрондук добуш берүүгө гана катышууга укуктуу.
11. Электрондук добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмеси 3 календардык күндөн кеч эмес КР БШКнын расмий сайтынын атайын бөлүгүнө, ошондой эле шайлоо участогуна жайгаштырылат.
3. Электрондук шайлоо бюллетени
12. Электрондук формада добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетени (мындан ары - электрондук бюллетень) пайдаланылат.
13. Талапкерлердин сүрөтү менен электрондук бюллетендин формасын жана текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК бекитет, мында талапкерлерди жайгаштыруу тартиби кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенинин текстине дал келтирилет.
14. Электрондук бюллетендин формасы бекитилгенден кийин талапкер чыгып кеткен учурда электрондук бюллетендеги талапкердин позициясы активдештирилбейт, бул чыгып кеткен талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
15. Электрондук добуш берүү башталгандан кийин электрондук бюллетенге өзгөртүүлөр киргизилбейт.
4. Электрондук добуш берүүнүн тартиби
16. Электрондук добуш берүү шайлоо күнү, жергиликтүү убакыт боюнча 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
17. Электрондук формада добуш берүү үчүн электрондук бюллетень колдонулат.
Шайлоочу мобилдик жабдуусуна атайын тиркемени киргизүүсү же жеке компьютери аркылуу КР БШКнын атайын электрондук порталына кирүүсү зарыл.
18. Шайлоочунун мыйзамдарга ылайык авторизация, аутентификациялоо жана идентификациялоо жол-жоболорунан өтүүсү зарыл.
19. Биометрикалык идентификациялоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин система шайлоочуга автоматтык түрдө тийиштүү шайлоо округунун электрондук бюллетенине жол берет.
20. Шайлоочу электрондук колтамасын киргизүү аркылуу электрондук бюллетенди алгандыгын тастыктайт.
21. Электрондук формада өз билдирүүнү тандап алган талапкерлеринин тийиштүү позицияларына же болбосо "Баарына каршы" позициясына электрондук бюллетенге белгини коюу аркылуу ишке ашырылат.
Андан кийин электрондук добуш берүү жабдуусунун экранындагы "Добуш берүү" кнопкасын басуу менен шайлоочу өзүнүн тандап алуусун тастыктайт жана добуш берүү процессин аяктайт.
22. Шайлоочу добуш бере турган талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.
23. "Баарына каршы" позициясын тандап алган учурда башка позициялар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү бөгөттөлөт.
24. Өз эркин билдиргенден кийин же болбосо кайра билдиргенден кийин өз эркин өзгөртүүгө жол берилбейт
25. Электрондук добуш берүүнү жүргүзүүдө шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжалары блокчейн технологияларын пайдалануу менен аларды түзүү аяктаганда анонимдештирилет.
5. Электрондук добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн тартиби
26. Электрондук добуш берүү үчүн байкоочулар шайлоо процессинин субъекттери тарабынан дайындалат жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте АШК жана КР БШК тарабынан катталат.
27. Электрондук добуш берүүгө байкоо жүргүзүү үчүн КР БШКда электрондук добуш берүүгө байкоо жүргүзүү борбору түзүлөт.
6. Электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол
28. Электрондук добуш берүү аяктагандан кийин система автоматтык түрдө ар бир шайлоо округдары жана участоктору боюнча бекитилген формада электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол (мындан ары - электрондук протокол) түзөт.
29. Электрондук протокол төмөндөгү маалыматтарды өзүнө камтыйт:
- алган добуштарынын санын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмеси;
- "Бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилген добуштардын саны;
- электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;
- электрондук добуш берүү үчүн идентификациядан өтүшкөн шайлоочулардын саны;
- электрондук формада добуш беришкен шайлоочулардын саны.
30. Электрондук протокол ар бир шайлоо округдары жана участоктору боюнча өзүнчө басылып чыгарылат. Электрондук протоколдун маалыматтары тийиштүү деңгээлде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда эске алынат.
31. Эгерде электрондук добуш берүүнү жүргүзүүдө электрондук добуш берүүнүн катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузууларга жол берилсе, шайлоо участкалары, шайлоо округу боюнча электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы АШК тарабынан анык эмес деп таанылат.
Мындай учурда шайлоонун натыйжалары электрондук добуш берүүлөрдү эсепке албай туруп, шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча белгиленет.
|
| Тиркеме 1 |
ЭЛЕКТРОНДУК ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН АРЫЗ
(шайлоо участкасында ФТШИМТ аркылуу берилет)
2023-ЖЫЛДЫН 9-АПРЕЛИНЕ ДАЙЫНДАЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАРЫН, БАТКЕН, ОШ, ТАЛАС ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСТАРЫНЫН АЙРЫМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Участкалык шайлоо комиссиясы: ________________________________________________________
Мен, _______________________________________________________________________________,
мени электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.
АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП ИШТЕП
ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.
ПИН: _____________________________ Телефон: ____________________________________
Электрондук почта дареги: ________________________________________________________
Биометрикалык идентификациядан өтүү:
Идентификация № ______________________________________
Датасы: ________________ Убактысы: _____________________
______________________________________________________
Шайлоочунун кол тамгасы
__________________________________________ ___________
Арызды кабыл алган УШКнын мүчөсүнүн аты-жөнү, кол тамгасы
М.О.
Телефон: _____________________________________________
Урматтуу шайлоочу!
Арыз берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кеч эмес Сизге арызды иштеп чыгуу макамы жөнүндө шайлоо комиссиясынан жооп жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесине туура киргизилгендигиңизди Тизме мамлекеттик порталынан (tizme.gov.kg) көрүп, 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен ынансаңыз болот.
_________________________________________________________________________
Арыз электрондук түрдө түзүлөт жана идентификациялоодон ийгиликтүү өткөн учурда 2 нускада басып чыгарылат.
|
| Тиркеме 2 |
ЭЛЕКТРОНДУК ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ҮЧҮН АРЫЗ
("Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу берилет)
2023-ЖЫЛДЫН 9-АПРЕЛИНЕ ДАЙЫНДАЛГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАРЫН, БАТКЕН, ОШ, ТАЛАС ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСТАРЫНЫН АЙРЫМ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Участкалык шайлоо комиссиясы: ________________________________________________________
Мен, _______________________________________________________________________________,
мени электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.
АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП ИШТЕП
ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.
ПИН: _____________________________ Телефон: ____________________________________
Электрондук почта дареги: ________________________________________________________
Биометрикалык идентификациядан өтүү:
Идентификация № ______________________________________
Датасы: ________________ Убактысы: _____________________
Урматтуу шайлоочу!
Арыз берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кеч эмес Сизге арызды иштеп чыгуу макамы жөнүндө шайлоо комиссиясынан жооп жөнөтүлөт. Шайлоочулардын тизмесине туура киргизилгендигиңизди Тизме мамлекеттик порталынан (tizme.gov.kg) көрүп, 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен ынансаңыз болот