Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-октябры № 01-13/177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 "Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 "Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасында:
- 40-пункттун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Ушул Методика бузулган учурда мыйзамсыз алынган кирешенин суммасы чечим берилген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которулууга жатат.
2) Мыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Көрсөтүлгөн суммалар өз убагында которулбаган учурда ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдөгү туум кошуп эсептелет. Кошуп эсептелген туумдун жалпы суммасы эсептелген өндүрүлүүчү сумманын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетпөөсү керек. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 37-беренесиндеги каралган учурларда туумдар эсептелбеши мүмкүн.".
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдө буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде көчүрмөсү маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2022-жылдын 25-октябрында № 94 жарыяланды
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а., министрдин орун басары |
Т.М. Толубаев |