Загрузка документа…
|
|
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Транспорт каражаттар жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды тастыктоо»
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 89-пункту, 4-глава)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты тарабынан тапшырылган негизги параметрлер:
Документтерди кабыл алуу үчүн убакыттын чеги, кезегин күтүүнү эсепке алганда – 15 мүнөт.
Акыркы натыйжаны даярдоо үчүн мөөнөттүн чеги - 1 иш күнү.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү үчүн убакыттын чеги, кезегин күтүүнү эсепке алганда – 15 мүнөт.
Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн мөөнөттүн чеги – суроо-талап жөнөтөөр замат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
2.1. Автомототранспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, тракторлор (мындан ары – транспорт каражаттары) жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө алуу үчүн жарандар төмөнкү документтерди тапшырат:
жеке жактар үчүн:
- белгилеген үлгүдөгү арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- паспорт же чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу башка документ, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда, ошондой эле жарактуу визасы бар анын көчүрмөсү;
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы. Төлөмдүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
юридикалык жактар үчүн:
- белгилеген үлгүдөгү арыз;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды тастыктоо үчүн төлөмдүн квитанциясы. Төлөмдүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
2.2. Транспорт каражаттары жөнүндө электрондук форматта маалыматты алуу үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында же мобилдик тиркемеде төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
- транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин белгиленген формат боюнча киргизүү;
- накталай эмес төлөмдөрдү төлөө аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашыруу (мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг, банктын карталары), ошондой эле терминалдар, банктардын кассалары жана генерацияланган код боюнча төлөмдөрдү кабыл алуунун башка түйүндөр аркылуу.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен аныкталат.
Транспорт каражаттар жөнүндө маалыматтарды тастыктоо өзүнө төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
- арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын мамлекеттик номуру;
- транспорт каражатынын маркасы;
- транспорт каражатынын үлгүсү;
- транспорт каражатынын түсү;
- транспорт каражатынын чыгарылган жылы;
- транспорт каражатынын кыймылдаткычынын көлөмү;
- транспорт каражатынын рулунун жайгашкан жери;
- камакка алууда/күрөөдө транспорт каражатынын турган жери жөнүндө маалымат (камакка алынгандардын/күрөөлөрдүн болушу жана саны);
- транспорт каражаты тарабынан жасалган бузуулар үчүн айыптар жөнүндө маалымат (айыптардын бар экендиги жана саны);
- транспорт каражатынын ээсинин/ээлеринин белгилүү бир мезгил ичиндеги тарыхы (ээлердин саны).
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражатынын жарандарга каттоонун бар же жок болгондугу жана Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочулук күбөлүктү алгандыгы жөнүндө кагаз түрүндөгү маалымкатты-далилдөөнү берүү;
- кароого жана басып чыгарууга мүмкүн болгон транспорт каражаттар жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта алуу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Жеке жактардан же юридикалык жактардан документтерди кабыл алуу | |
2. | «Транспорт каражаттарынын регистри», ««Айдоочулук курамдын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системаларда транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү, маалымкатты даярдоо |
|
3. | Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды далилдеген маалымкатты берүү |
|
3. Жол-жобосунун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
4. Жол-жобону сүрөттөө жана анын мүнөздөмөсү
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди текшерүү | ||||
1.1. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 15 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому. |
1.2. Арыз берүү үчүн өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт | Өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү | |
1.3. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылганда, ошондой эле көрсөтүлгөн транспорт каражатына ылайык келбеген учурларда жеке жакка же юридикалык жакка транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөөлүү түрдө баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 15 мүнөт | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | |
Жол-жобонун натыйжасы: 1) Документтерди кабыл алуу; 2) Документтерди кабыл алуудан оозеки баш тартуу; же болбосо арыз берүүчүнүн талабы боюнча жазуу жүзүндө баш тартуу; 3) Арызды кабыл алуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||
2-жол-жобо. «Транспорт каражаттарынын регистри», ««Айдоочулук курамдын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системаларда транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү, кагаз түрүндөгү маалымкатты даярдоо | ||||
2.1.«Транспорт каражаттарынын регистри», ««Айдоочулук курамдын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системаларда транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү, кагаз түрүндөгү маалымкатты даярдоо | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 15 мүнөт | Транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушу | - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому. |
2.2.Транспорт каражаттары же айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды камтыган кагаз түрүндөгү маалымкатты берүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 15 мүнөт | АМТКга чектөөлөрдүн бар же жок болушу белгиленет | |
Жол-жобонун натыйжасы: транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүктөр жөнүндө маалыматтарды берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алганда | ||||
1-жол-жобо. Электрондук суроо-талап түшкөндө «Транспорт каражаттарынын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системасында транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү | ||||
1.1. «Транспорт каражаттарынын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системасында транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүү | Түшкөн суроо-талап автоматтык түрдө электрондук сервистин автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан иштелип чыгат | Автоматтык түрдө онлайн режиминде | Транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушу |
|
Жол-жобонун натыйжасы: транспорт каражаттары, ошондой эле «Транспорт каражаттарынын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системасында транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосу убактылуу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтардын бар же жок болушун текшерүүнүн натыйжасы боюнча түзүлгөн жооп | ||||
Жол-жобонун узактыгы: автоматтык түрдө онлайн режиминде | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
2-жол-жобо. Транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө берүү | ||||
2.1.Транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды же көчүрмөлөрдү электрондук түрдө жол-жоболоштуруу | Автоматтык түрдө электрондук сервистин автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан берилет | Автоматтык түрдө онлайн режиминде |
| |
Жол-жобонун натыйжасы: басып чыгарууга мүмкүн болгон транспорт каражаттар жөнүндө маалыматтарды же көчүрмөлөрдү электрондук түрдө кароо. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: автоматтык түрдө онлайн режиминде. | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
5. Жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритм)
2-жол-жобо. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алганда
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону «Унаа» ММдин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн «Унаа» ММдин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга аткарууга карата аутсорсингге өткөрүлүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Шералиев Бакытбек Кемелевич, «Унаа» ММдин директорунун орун басары.
Канатбеков Руслан Канатбекович, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
Макеев Антон Павлович, «Унаа» ММдин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.