Загрузка документа…
|
|
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын февралындагы № 73 буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу/алып салуу»
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы, 57-пункт)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу/алып салуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн стандарты тарабынан тапшырылган негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: 1 сааттан ашык эмес.
Убакыт транспорт каражатынын 1 бирдиги үчүн көрсөтүлдү.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- Кыргыз Республикасынын сот органдарынын камакка алуу/алып салуу жөнүндө чечим;
- банк мекемелеринин, кредиттик-финансылык уюмдардын, күрөө келишимдерин күбөлөндүргөн нотариустардын каттары, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсү;
- кабарлоолорунун негизинде алып салынат деп белгиленген.
- транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсинин арызы;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же анын ким экендигин ырастоочу башка документтин берилген күнү- менчик ээсинин, банктык мекемелердин жана кредиттик-финансылык уюмдардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ишеним кат;
(3) Кызмат бекер негизде көрсөтүлөт.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү коюу/алып салуу жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
- жоопту даярдоо жана мамлекеттик кызматтын алуучуга жөнөтүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
3) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.
1-таблица
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Кызмат көрсөтүү үчүн документтерди текшерүү жана кабыл алуу |
|
2. | Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу/алып салуу жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүү |
|
3. | Жазуу жүзүндөгү же оозеки жоопту даярдоо жана жөнөтүү |
|
3. Жол-жобонун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| Баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
2-таблица
4. Жол-жобону сүрөттөө жана анын мүнөздөмөсү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Кызмат көрсөтүү үчүн документтерди текшерүү жана кабыл алуу | ||||
1.1. Почта байланышы аркылуу ыйгарым укуктуу органга түшкөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 4 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. |
1.2. Түздөн-түз менчик ээси же ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ыйгарым укуктуу органга тапшырылган документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 4 мүнөт | Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо | |
1.3. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда кызмат көрсөтүүнү алуучуга билдирүү жиберилет | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 10 мүнөт | Баш тартуу | |
1.4. Тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда алар аткарууга кабыл алынат | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 1 мүнөт | Документтердин бар болушу | |
Жол-жобонун натыйжасы: 1) Документтерди аткарууга кабыл алуу; 2) Документтерди кабыл алуудан баш тартуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||
2-жол-жобо. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү коюу/алып салуу жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизүү | ||||
2.1. Тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда электрондук маалыматтар базасына транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга тыюу салууларды коюу же алып салуу жана/же чектөөлөрдү коюу/алып салуу жөнүндө маалыматтар киргизилет | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис |
15 мүнөт | Маалыматтар базасында маалыматтын бар болушу | - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. |
Жол-жобонун натыйжасы: 1) Маалыматтар базасына маалыматты киргизүү. | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 | ||||
3-жол-жобо. Жазуу жүзүндөгү же оозеки жоопту даярдоо жана жөнөтүү | ||||
3.1. Маалыматтар электрондук маалыматтык базасына киргизилгенден кийин кызмат көрсөтүүнү алуучуга жазуу жүзүндөгү жооп даярдалат | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 30 мүнөт | Жооптун тексти | - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо. |
3.2. Жазуу жүзүндөгү жооп ыйгарым укуктуу органдын бланкында басып чыгарылат, ага ыйгарым укуктуу адам кол коёт | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис, ыйгарым укуктуу адам | 10 мүнөт | Жооптун даяр болушу | |
3.3. Жазуу жүзүндөгү жоопту каттоо жана кызмат көрсөтүүнү алуучуга почта байланышы аркылуу жөнөтүү (жазуу жүзүндөгү жооптун зарылдыгы болбосо, оозеки жооп берилет) | Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү коюу жана алып салуу боюнча адис | 10 мүнөт | Чыгуу номери коюлган жооптун көчүрмөсүнүн бар болушу | |
Жол-жобонун натыйжасы: кызмат көрсөтүүнү алуучуга жооп жөнөтүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
5. Жол-жобону аткаруунун схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн «Унаа» ММдин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Шералиев Бакытбек Кемелович, «Унаа» ММдин директорунун орун басары.
Канатбеков Руслан Канатбекович, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
Макеев Антон Павлович, «Унаа» ММдин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.