Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 28-декабрындагы № 10-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 3-апрели № 1-П
Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгууда мамлекеттик башкаруу секторунун эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын пайдалануу зарылчылыгы максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсеп, ички аудит жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине мамлекеттик жана расмий тилде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 177-б “Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын. “Мамлекеттик башкаруу секторунун Эсептеринин бирдиктүү планын жана аны колдонуу боюнча Колдонмону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.О.Даникеевге жүктөлсүн.
Министр | А.К.Бакетаев |