Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 25-апрели № 290/б
"Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 530 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) Сунушталган практикасы жана Стандарттары менен максималдуу дал келүүсүн камсыздоо максатында буйрук кылам:
1. "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери расмий жана мамлекеттик тилдеринде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жарыялоо булагын көрсөтүп электрондук алып жүрүүчүлөрдө жана кагаз түрүндө, расмий жана мамлекеттик тилдерде жөнөтүлсүн жана ошондой эле маалымат үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук "Эркин-Тоо" газетасына расмий жана мамлекеттик тилдерде катталган күнүнөн тарта үч жумушчу күндүн ичинде жарыялансын;
- ушул буйрук аткарууга кабыл алынсын.
3. Окуу борборлору "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алышсын жана ошондой эле даярдоо программаларына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-не 2016-жылдын 18-августундагы "максималдык сертификациялык учуу массасы 5700 кг чейинки Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн сертификациялоо, жөнгө салуу" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндөгү" № 3 буйругун күчүн жоготту деп табуу сунушталсын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тарта жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун күчүнө кирген күнүнөн тарта аба транспортунун эксплуатанттары бул буйруктун 1-пункту менен бекитилген "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" Авиациялык эрежелерин жетекчиликке алышсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) жарыяланды
Директордун муа |
Д.К. Бостонов |