Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенти
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Интеллектуалдык менчик жана
инновациялар мамлекеттик агенттигинин
(Кыргызпатент) директорунун
_________________________________
2023-ж. “1” июну № 119 буйругу менен
“бекитилди”
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарды берүү
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – “ИБ” ММ) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын I бөлүмүнүн 98-главасына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 10 минутага чейин.
Кызмат көрсөтүү боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минутага чейин.
Келишим түзүү – 1 саат (консультация, тааныштыруу).
Мейкиндикти пайдаланууга чектелген убакыт 1 сааттан 6 айга чейин.
Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы иштин түрүнө байланыштуу келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) юридикалык жак арыз берген учурда, инсандыгын тастыктаган документ, юридикалык жакты жана уставды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
в) төлөгөндүгү жөнүндө документ;
г) келишим түзүү.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
а) Кыргыз Ресупубликасында аккредиттелген, ыйгарым укуктуу тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу;
б) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке иш бөлмөгө кирүү.
Арыз жеке же юридикалык жактар тарабынан берилет.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Ар түрдүү иш-чараларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, тегерек столдорду, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү, инфратүзүмдү берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу | - жеке кайрылуу; - ЭКМП аркылуу |
2. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - ЭКМП аркылуу; - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кандай болбосун төлөм ыкмалары |
3. | Келишим түзүү | -жеке катышуу - ЭКМП аркылуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби блок-схемада төмөндө көрсөтүлгөн.
Бэк- кеңсе
|
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документ | Иш-аракеттердин натыйжасы | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1. Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу, каттоо жана карап чыгуу | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кайрылуусу саналат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары-ДМЧА, кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет. | Инновациялардын экосистемасын илгерилетүү бөлүмүнүн адистери жана/же IT жана коммуникациялар секторунун адистери |
| 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген финансылык-экономикалык пландоо жана уюштурууну камсыздоо сектору жөнүндө жобо. |
| |
1.1. Керектөөчү ЭКМП аркылуу жеке же электрондук түрдө кайрылганда, карап чыгууга кабыл алынган арыз кириш документтердин журналына каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылганда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн инсандыгын документ боюнча аныктоо зарыл | 10 минута | Арызды кабыл алуу, каттоо | |||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө кандай арыз болгон болсо, ошол эле ыкма менен кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - инсандыгын тастыктаган документ жок болсо (жеке кайрылуу); - керектөөчү каалаган убакта бош зал жок болгондо; - интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүнө ылайык келбеген иш болсо; - керектөөчү каалаган убакта бош жумушчу орун жок болгондо; - төлөнбөсө. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда алдын ала төлөнгөн акча каражаттары өтүнмө ээсине келишимге кол койгон учурга чейин кайтарылып берилет | - жеке кайрылганда – бош зал же жумушчу орун болгондо кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө - арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минута | Кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлама: 1. Кызмат көрсөтүү. 2. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| |||
Жол-жобонун натыйжасы: - арызды кириш документтердин журналына каттоо; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – бош зал болгондо кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 30 минута | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
2. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө
| |||||
2.1. Акча каражатынын келип түшүүсүн текшерүү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу.
| Бухгалтер
| 10 минута | 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген финансылык-экономикалык пландоо жана уюштурууну камсыздоо сектору жөнүндө жобо. | Төлөгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо | |
2.2. Төлөгөндүгү жөнүндө документти тастыктаган документ жок болсо, 3 сааттын ичинде керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жиберилет.
| Инновациялардын экосистемасын илгерилетүү бөлүмүнүн адистери жана/же IT жана коммуникациялар секторунун адистери
| 15 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | ||
Жол-жобонун натыйжасы: -акча каражатынын келип түшүүсү, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу; - төлөгөндүгү жөнүндө документ жок болгондугуна байланыштуу, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. | |||||
Жол-жобонун узактыгы –25 минута Накталай эмес түрүндө төлөнгөн учурда иш-аракеттин узактыгы акча каражатын которуу жөнүндө документти берүүсүнө байланыштуу болот. | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||
Кийинки жол-жобо башталганга чейин жол-жобонун натыйжасын берүүнүн ыкмасы: Кол менен/электрондук документ жүгүртүү аркылуу | |||||
3. Келишим түзүү
| |||||
3.1. Жеке кайрылганда кечиктирилбестен келишим түзүлөт. Жумушчу ордун тандоо иштин түрүнө карата керектөөчү менен макулдашуу боюнча адис тарабынан аныкталат. Келишим ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кол коюлушу мүмкүн. Келишимге 2 нускада кол коюлат, алардын бири керектөөчүгө берилет. | “ИБ” ММнын директору, “ИБ” ММнын директорунун орун басары.
Инновациялардын экосистемасын илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы, адистери жана/же IT жана коммуникациялар секторунун адистери | - жеке кайрылганда - кечиктирбестен; - электрондук түрдө (консультация, таанышуу) – 1 саатка чейин
| 2021-жылдын 5-августундагы № 111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо; 2022-жылдын 26-мартындагы “ИБ” ММнын директорунун №17 буйругу менен бекитилген финансылык-экономикалык пландоо жана уюштурууну камсыздоо сектору жөнүндө жобо. | Кол коюлган келишим | |
3.2. Келишимге өз убагында кол коюлбаган учурда керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жиберилет. Кабарламада ченемдик укуктук актылардын жана ушул Регламенттин конкреттүү жоболоруна таянуу менен баш тартуунун себебинин негиздемеси көрсөтүлөт.
| 30 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |||
Жол-жобонун натыйжасы: - кол коюлган келишим; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну каттоо | |||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 1 саат 30 минута | |||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | |||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык маалыматтар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; - кошумча жол-жоболору; - атайын жол-жоболор | 2
2 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 10 минутага чейин. Кызмат көрсөтүү боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 минутага чейин. Келишим түзүү – 1 саат (консультация, тааныштыруу). Мейкиндикти пайдаланууга чектелген убакыт 1 сааттан 6 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы иштин түрүнө байланыштуу келишимдин шарттарына ылайык белгиленет. |
3. Электрондук түрдө аткарылуучу жол-жоболордун саны | 2 |
4. Өтүнмө ээсинен суралуучу документтердин саны | 3 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомствонун ички өз ара иштешүүсүндө; ведомстволор аралык өз ара иштешүүсүндө |
- |
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө катышуучу жактардын саны | 3 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 3 |
8. Башка | - |
5. 1, 2, 3-жол-жоболорду аткаруунун схемасы (алгоритмдери)
|
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күнүмдүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
Ички контролдоону “ИБ” ММнын директору жүргүзөт.
Ички контролдоо административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдерди кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин сактоосун жана аткаруусун үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу ишке ашырылат.
Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүү кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузуулар аныкталат жана жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контролдоону Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзөт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкатка кол койгон учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде “ИБ” ММга жөнөтүлөт.
“ИБ” ММ маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт, ушул бузууларга мүмкүндүк берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартип жана административдикдик таасир берүү чараларын көрөт.
Зарыл болсо, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн “ИБ” ММнын кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга аутсорсингге өткөрүп берген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик ушул кызмат көрсөтүүгө жоопкерчиликтүү болгон мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент зарыл болгон учурда Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бир убакта кайра каралып чыгат.
11. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Кыргызпатент тарабынан демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Мустапакулова А.П.,
инновациялар жана
стратегиялык өнүгүү
бөлүмүнүн башчысы ____________
Алымбеков А. Б.,
“ИБ” ММнын директору ____________