Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
2023-жылдын 1-июну № 119
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2021-жылдын 5-августундагы №111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 20-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү Административдик регламенттери бекитилсин:
2. Кыргызпатенттин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомствого караштуу уюмдарынын жетекчилери:
- жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламенттерге ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштер уюштурулсун;
- аталган кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү жана оптималдаштырууну мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Маалыматтык технологиялар сектору Кыргызпатенттин жана анын ведомствого караштуу уюмдарынын расмий сайтына жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жайгаштырсын.
4. Жогоруда аталган административдик регламенттердин аткарылышы боюнча жеке жоопкерчилик тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
5. Укук башкармалыгы 3 жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине материалдарды жөнөтсүн.
6. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрук боюнча Кыргызпатенттин бардык кызматкерлерине маалымат берсин.
7. Жогоруда аталган Административдик регламенттердин аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Р. Керимбаева |