Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 01-августу № 119
"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыккандыгына байланыштуу, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү "Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 1-июнундагы №1 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругунун 1-пункттун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жумуштарды жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти:
- аймактык бөлүмдөрдүн ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жумуштарды жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык координацияласын;
- мындан ары мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгына берсин.
5. ДМЧА жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- ушул буйрукка кол коюлгандан күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук “Эркин –Тоо” газетасында расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун эки экземплярдагы көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча келип түшкөн сунуштарды талдасын жана тийиштүү чараларды кабыл алсын.
6. Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү ушул буйрукту министирликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аткаруу үчүн жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Ж.И. Алыбаевага жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарияланган күндөн тартып, он жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 04-августундагы № 62 (3511) саны менен жарыяланды.
Министр | К.Б. Базарбаев |