Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2023-жылдын “01” августундагы
№ 119 буйругу менен
БЕКИТИЛДИ
"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык стационардык мекемелерине жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү " мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
(мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин), 3-главасы, 24-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
2. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жана министрликке караштуу мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти (мындан ары - СКД);
- райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктар;
- шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктар;
- райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктар.
3. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен (2023-жылдын 3-мартындагы № 127 редакциясында) бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына жооп берет.
4. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
1) Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары:
- психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоң адамдар;
- жалпы оорулары бар, биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар балдар жана чоң адамдар;
- өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн толугу менен же жарым-жартылай ажыраган улгайган адамдар;
- жетим, ата-энесинин камкордугусуз калгандар жана кароосуз калгандар категориясына кирген балдар;
- белгилүү жашаган жери жок, буттары же колдору кесилген жарандар;
- жалгыз жашаган улгайган адамдар;
- өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган жубайлар;
- өзүн-өзү тейлөө жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (мындан ары - ДЧМА) жалгыз жашаган адамдар.
2) Бардык керектүү документтер болгон учурда документтерди кароонун максималдуу мөөнөтү 60 мүнөттү түзөт.
3) Жолдомо алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
социалдык стационардык тейлөө үчүн:
- жазуу жүзүндөгү арыз, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы;
- турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
- ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен социалдык стационардык мекеменин (мындан ары - ССМ) тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
- туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу тууралуу арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
- салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген форма боюнча);
- үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
- ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарына кандын жалпы клиникалык анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериологиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар берилген күндөн тартып эки айдан ашык убакыт өтпөсө жарактуу);
- көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
- ала турган пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкаты;
- 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн - 4 сүрөт);
- ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү;
- пенсиялык күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыптарынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсү;
үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн:
- белгиленген форма боюнча арыз;
- турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы;
- салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү);
- жашаган жеринен маалымкат;
- медициналык картадан көчүрмө;
- майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү);
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдын күбөлүгү (көчүрмөсү);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими.
Документтердин көчүрмөлөрү аймактык бөлүмдөргө түп нускалары менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (мындан ары - СЖКМС) киргизилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат.
4) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасы: Акысыз көрсөтүлөт.
5) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
а). Социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууга жолдомо берүү.
б). Аймактык бөлүмдүн арыз ээсин үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйругу.
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизи болгон ченемдик-укуктук документтер:
- "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө";
2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу".
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Арызды кабыл алуу жана каттоо (жазуу жүзүндөгү жана электрондук форматтагы) | 1а. Арыз ээси же анын мыйзамдуу өкүлү жеке кайрылганда жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу. Жазуу жүзүндөгү арыз кириштөө журналында катталат; 1б. Электрондук сайт mlsp.kg жана portal.tunduk.kg аркылуу келген арызды кабыл алуу. Электрондук форматта келген арыз СЖКМСке катталат. 1в. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары – ЖӨБ) органдын белгилүү жашаган жери жок (мындан ары – БЖЖЖ) жаранды ССМге жайгаштыруу боюнча кайрылуусун кабыл алуу. |
2 | Документтерди текшерүү | Документтердин толуктугу жана туура толтурулгандыгы текшерилет, текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон учурда, жазуу жүзүндөгү арыз СЖКМСке киргизилет. Арыз ээси мамлекеттик кызмат алууга укугу жок болуп табылса, анын документтери аткарууга кабыл алынбайт. Берилген документтер толук болбосо, арыз ээсине түшүндүрмө берилет, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат жана алынган документтер кайтарылат. Арыз жана документтер электрондук форматта келген болсо, документтер аткарууга кабыл алынат, арыз ээсине текшерүүнүн жыйынтыгы электрондук форматта жиберилет. 2. БЖЖЖ жараны үчүн төмөндөгү документтердин бар болушу текшерилет: - БЖЖЖ жараны ЖӨБ органында катталышы; - БЖЖЖ жарандын жок документтерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен калыбына келтирүү жөнүндө ЖӨБ органдын чечими; - ВР, ВИЧ/СПИДге, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгына, ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарына кандын жалпы клиникалык анализдери; - көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы. Көрсөтүлгөн документтер толугу менен бар болгон учурда ЖӨБ органдын кайрылуусу СЖКМСке киргизилет. Берилген документтер толук болбосо, ЖӨБ органдын өкүлүнө түшүндүрмө берилет, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат жана алынган документтер кайтарылат. |
3 | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын (жолдомо) берүү | 1. ССМге жайгаштырууга жолдомо. ССМге жолдомо берүү СКД менен макулдашылат. ССМге жолдомо жана берилген документтердин көчүрмөсү берилет. 2. Аймактык бөлүмдүн арыз ээсин үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйругу. 3. Документтери жок болгон БЖЖЖ жарандар үчүн ССМге жолдомо. БЖЖЖ жарандарды ССМге чейин ЖӨБ органындын өкүлү коштоп барат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын схемасы
4. Жол-жоболордун баяндамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
4. Жол-жоболордун баяндамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
|
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттин узактыгы | Аракеттин жыйынтыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана каттоо (жазуу жүзүндөгү жана электрондук форматтагы) 1а. Арыз ээси же анын мыйзамдуу өкүлү жеке кайрылганда жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу. | |||||
1а.1.-аракет. Келүүчүнү кабыл алуу, жазуу жүзүндөгү арыздын мазмуну менен таанышуу | Жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Кезекте 60 мүнөттөн ашык эмес күтүү менен | 1. Арыз ээсинин малекеттик кызмат алууга укуктуулугу аныкталды. 2. Арыз ээсинин малекеттик кызмат алууга укугу жоктугу аныкталды. | - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө". - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (2023-жылдын 3-мартындагы №127 редакциясында). | |
1а.2.-аракет. Жазуу жүзүндөгү арызды каттоо | Жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 1. Жазуу жүзүндөгү арыз кириштөө журналында катталды. 2. Жазуу жүзүндөгү арыз катталган жок. Арыз ээсине жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуудан баш татуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө берилди. | |||
1б. Электрондук сайт mlsp.kg жана portal.tunduk.kg аркылуу келген арызды кабыл алуу (кызмат көрсөтүү электрондук форматта өтүнмө кабыл алуу бөлүгүндө, кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg. порталында каттоодон өткөндөн кийин берилет) | |||||
1б.1.-аракет. Электрондук арыздын мазмуну менен таанышуу | Арызды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | Бир жумуш күндүн ичинде | 1. Арыз ээсинин малекеттик кызмат алууга укугу бардыгы аныкталды. 2. Арыз ээсинин малекеттик кызмат алууга укугу жоктугу аныкталды. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (2023-жылдын 3-мартындагы №127 редакциясында) | |
1б.2.-аракет. Электрондук форматта келген арыз СЖКМСке катталат. | Арызды кабыл алууга жана каттоого жооптуу кызматкер | 1. Электрондук форматтагы арыз СЖКМСке катталды. Арыз ээсине электрондук форматтагы арыздын катталган номери жана күнү жөнүндө кабар берилет. 2. Электрондук форматтагы арыз катталган жок. Арыз ээсине электрондук арызды кабыл алуудан баш тартуунун себептери жөнүндө кабар берилет.
| |||
1в. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын БЖЖЖ жаранды ССМге жайгаштыруу боюнча кайрылуусун кабыл алуу. | |||||
1в.1- аракет. ЖӨБоргандын өкүлүн кабыл алуу жана кайрылуусунун мазмуну менен таанышуу.
| Документтерди текшерүүгө жана аткарүүга жооптуу кызматкер.
| Кезексиз тейленет.
| 1. 2-бөлүктүн, 2-пунктунун, 2-подпунктунда БЖЖЖ жарандар үчүн көрсөтүлгөн документтердин бардыгы аныкталды. 2. БЖЖЖ жарандар үчүн берилген документтердин толук эместиги аныкталды. ЖӨБ органдын өкүлүнө түшүндүрмө берилет, документтер кабыл алынбайт.
| - "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (2023-жылдын 3-мартындагы №127 редакциясында); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” токтому.
| |
1в.2-аракет. ЖӨБ органдын кайрылуусун каттоо.
| Документтерди текшерүүгө жана аткарүүга жооптуу кызматкер
| 1. ЖӨБ органдын кат жүзүндөгү кайрылуусу СЖКМС аркылуу катталды. 2. ЖӨБ органдын кат жүзүндөгү кайрылуусу катталган жок. ЖӨБ органдын өкүлүнө кат жүзүндөгү кайрылууну кабыл алуудан баш тартуунун себеби жөнүндө түшүндүрмө берилди. | |||
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кабыл алууга жана каттоого тийиш болгон арыз (жазуу жүзүндөгү жана электрондук форматтагы) | |||||
1-жол-жобонун узактыгы: бир жумуш күндүн ичинде | |||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу
| |||||
2-жол-жобо. Документтерди текшерүү. | |||||
2.1.-аракет. Документтердин толуктугун текшерүү.
| Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер.
| Кезекте 60 мүнөттөн ашык эмес күтүү менен
| 1. Арыз ээсинин документтери кабыл алынды. Документтердеги маалыматтар СЖКМСке киргизилди. 2. Арыз ээсинин документтери кабыл алынган жок. Берилген документтердин толук эместиги табылды, баш тартуу даярдалат жана алынган документтер кайтарылат.
| - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (2023-жылдын 3-мартындагы №127 редакциясында); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” токтому. | |
2.2.-аракет. Документтердин туура жазылышын текшерүү. | Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер. | 1. Арыз ээсинин документтери кабыл алынды. Документтердеги маалыматтар СЖКМСке киргизилди. 2. Арыз ээсинин документтери кабыл алынган жок. Туура эмес толтурулган документтер табылды, баш тартуу даярдалат жана алынган документтер кайтарылат. | |||
2.3.-аракет. Башка мамлекеттик (муниципалдык) мекемелер менен кызматташуу. | Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер. | Жашаган жерине чыгуу менен бир жумуш күн. | Арыз ээсинин турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы толтурулду. | ||
2.4.-аракет. БЖЖЖ жаран үчүн ЖӨБ орган тарабынан берилген документтерди текшерүү. | Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер. | Кезексиз тейленет. | 1. БЖЖЖ жаран үчүн ЖӨБ орган тарабынан берилген документтер кабыл алынды. 2. БЖЖЖ жаран үчүн ЖӨБ орган тарабынан берилген кабыл алынган жок. ЖӨБ органдын өкүлүнө БЖЖЖ жаран үчүн берилген документтерди кабыл алуудан баш тартуунун себеби жөнүндө түшүндүрмө берилди. | ||
2-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерге текшерүү жүргүзүлдү. | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 жумуш күндүн иинде. | |||||
2 жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу | |||||
| |||||
3-жол-жобо. Керектөөчүгө берилген кызматтын жыйынтыгы. | |||||
3.1.-аракет. Текшерилген документтердин көчүрмөсүн чыгаруу.
| Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер.
| Социалдык стационардык тейлөө үчүн: - бош орун болсо бир жумуш күндөн ашпайт; - бош орун жок болсо, орун бошогонго чейин кезек күтүү менен. Үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн 60 мүнөттөн ашпайт.
| 1. ССМге бериле турган документтердин көчүрмөсүн чыгаруу. 2. Үйүнө барып социалдык тейлөө үчүн документтердин көчүрмөсүн чыгаруу.
| - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө"; "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө"; "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (2023-жылдын 3-мартындагы №127 редакциясында); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө” токтому. | |
3.2.-аракет. Аймактык бөлүмдүн чечимдерин даярдоо.
| Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер.
| 1. ССМге жайгаштыруу үчүн жолдомо жана бериле турган документтердин топтому даярдалды. 2. Арыз ээсин үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө аймактык бөлүмдүн буйругу чыкты. | |||
3.3.-аракет. Жолдомо менен буйруктагы маалыматтарды СЖКМСке киргизүү.
| Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер.
| - ССМге берилген жолдомодогу маалыматтар; - үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө аймактык бөлүмдүн буйругундагы маалыматтар – СЖКМСке киргизилди. | |||
3.4.-аракет. Аймактык бөлүмдүн чечимдерин берүү.
| Документтерди текшерүүгө жана жыйынтыктоочу документти даярдоого жооптуу кызматкер.
| 1. Арыз ээсине ССМге жайгаштыруу үчүн жолдомо жана бериле турган документтердин көчүрмөлөрү даярдалды 2. Арыз ээси аймактык бөлүмдүн буйругу менен үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алынды. 3. Колу-буттары кесилген БЖЖЖ жарандарга документтери жок болсо да ССМге жайгаштыруу үчүн жолдомо берилет. 4. ЖӨБ органдын өкүлүнө БЖЖЖ жаранды ССМге жайгаштыруу үчүн жолдомо жана бериле турган документтердин көчүрмөлөрү берилди. | |||
3-жол-жобонун жыйынтыгы: ССМге жолдомо жана үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча эсепке алуу жөнүндө буйрук | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 1 жумуш күндүн иинде, ССМде орун бошогончо кезек күтүү (бош орун жок болсо). | |||||
3-жол-жобонун тиби: административдүү-уюштуруу-башкаруу | |||||
4. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритмдери)
1а-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана каттоо (жазуу жүзүндөгү жана электрондук форматтагы)
1б-жол-жобо. Электрондук сайт mlsp.kg жана portal.tunduk.kg аркылуу келген арызды кабыл алуу
1в-жол-жобо. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын БЖЖЖ жаранды ССМге жайгаштыруу боюнча кайрылуусун кабыл алуу.
2-жол-жобо. Документтерди текшерүү.
3-жол-жобо. Керектөөчүгө берилген кызматтын жыйынтыгы.
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) контроль мамлекеттик архивдин жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Ички (күндөлүк) контроль кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын текшерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат. Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламентинин талаптарынын аныкталган бузууларын жоюу чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти түзгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө таризделет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалым катка кол коюлган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалым кат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жан административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына жараша белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жыл сайын жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү аутсорсинг иретинде башка жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга берилсе, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүнүн стандарты кайра каралган убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучу
1. Койчуманов Тынчтыкбек Толонбаевич – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси.