Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругунун долбооруна тиркеме |
Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Финансы министрлигинин 2025-жылдын 21-августундагы №161-Б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) апелляциялык комиссия - квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын апелляциялоо жөнүндө талапкердин (талапкерлердин) арызын (арыздарын) кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) буйругу менен түзүлгөн комиссия;
2) квалификациялык экзамен - ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен;
3) талапкер - квалификациялык экзаменге катышууну каалаган жана ички аудитордун сертификатын алуу укугуна талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жараны;
4) квалификациялык экзамендин программасы - ички аудитордун сертификатын алууга талапкерлердин билим деңгээлин ырастоо үчүн талап кылынган темаларынын бөлүмдөргө топтоштурулган жыйындысы;
5) сертификациялоо - талапкерлерди даярдоо, ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин билим деңгээлин баалоо жана ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу процесси;
6) ички аудитордун квалификациялык сертификаты - Финансы министрлиги тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин ырастоочу документ;
7) экзамен алуучу комиссия - талапкерлерди квалификациялык экзаменден өткөрүү үчүн Финансы министрлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия.
2. Талапкерлерди даярдоону уюштуруу
3. Талапкерлердин квалификациялык экзаменден өтүүсү үчүн, Финансы министрлиги квалификациялык экзамендин программасы (мындан ары - Программа) боюнча алардын окуудан өтүүсүн уюштурат.
4. Программа 100 академиялык саат көлөмүндөгү окутуу курсун камтыйт, ал Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Программа ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүлөрүнө ылайык кайра каралат.
5. Программа төмөнкү элементтерди камтыйт:
1) ички аудит, ички контролдоо, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы темалардын аталышы;
2) лекциялык жана практикалык сааттарга бөлүү менен темалар боюнча окутууну өткөрүүгө зарыл болгон убакыттын көлөмү;
3) ченемдик укуктук актылардын жана сунушталган адабияттын тизмеси.
6. Талапкерлерди программа боюнча окутуу билим берүү ишине лицензиясы бар жеке жак (жактар) же/жана юридикалык жак (жактар) (мындан ары - окутуучулар) тарабынан жүргүзүлөт.
3. Квалификациялык экзаменди өткөрүүнү уюштуруу
7. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак Финансы министрлиги бекиткен графикке ылайык кварталына бир жолу жүргүзүлөт. Келерки жылдын экзаменинин графиги келерки жылдын 1-январына чейин бекитилет жана Финансы министрлигинин сайтына жарыяланат.
8. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу экзаменди өткөрүүнүн белгиленген датасына бир ай калганда экзамен алуучу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат жана экзамен башталганга чейин он беш жумуш күн калганда токтотулат.
9. Экзамен алуучу комиссия талапкерлердин ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайыктуулугун жана ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык берилген документтерди карап чыгып, квалификациялык экзаменге киргизүү же квалификациялык экзаменге киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
10. Квалификациялык экзаменге киргизилген талапкерлерге квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө квалификациялык экзаменге киргизүү жөнүндө арызда (ушул Жобонун 1-тиркемеси) көрсөтүлгөн телефон жана/же электрондук почта аркылуу квалификациялык экзамен башталганга чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбестен кабарланат.
11. Квалификациялык экзамен ушул Жобонун 7-бөлүмүнө ылайык экзамен алуучу комиссия тарабынан өткөрүлөт.
12. Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө экзамен алуучу комиссиянын чечими ушул Жобонун 38-пунктуна ылайык таризделет. Талапкерлер протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен экзамен алуучу комиссиянын протоколунун көчүрмөсүн жиберүү менен электрондук почта аркылуу квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө маалымдалат.
13. Талапкерлерге ички аудитордун квалификациялык сертификаты ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык берилет.
4. Талапкерлерге карата талаптар
14. Квалификациялык экзаменге кирүү үчүн талапкерлер “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
5. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү тартиби
15. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине берет:
1) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арыз;
2) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы квалификациялык экзаменди тапшыруунун алдында көрсөтүлөт);
3) жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемеси менен (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
4) экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
5) 3x4 өлчөмүндөгү эки фото сүрөт.
6) ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ.
Бардык документтер папкага көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетинде талапкердин аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.
16. Финансы министрлигине берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик талапкерлерге жүктөлөт.
17. Экзаменге катышуу үчүн талапкерлер Финансы министрлигине ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документти тапшырат;
18. Мында, экзаменге кайталап катышкан учурда талапкерлер Финансы министрлигине ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү жаңыланган документти берүүгө милдеттүү;
19. Квалификациялык экзаменге киргизүүгө уруксат берилген талапкерлердин тизмеси экзамен алуучу комиссия тарабынан бекитилет.
6. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз
20. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз:
1) талапкер берген документтерден жалган жана чындыкка туура келбеген маалыматтар табылса;
2) ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык документтердин толук пакети берилбесе;
3) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган атайын жасаган кылмышы үчүн соттолгон болсо.
7. Квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби
21. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө формасында экзамендин тапшырмаларын аткаруудан турат. Квалификациялык экзамен, тестирлөө өткөрүү үчүн бөлүнгөн, атайын жабдылган Финансы министрлигинин Окуу борборунун кабинетинде өткөрүлөт.
22. Талапкерлер квалификациялык экзаменге паспортту көрсөткөн учурда гана киргизилет.
23. Экзамендин тапшырмалары Программага ылайык иштелип чыгат жана Финансы министрлиги тарабынан бекитилет. Ченемдик укуктук актылардын жана Программанын темалары боюнча сунушталган адабияттын тизмеси Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
24. Экзамендин тапшырмалары ар бир талапкер үчүн кокусунан тандоо методу менен компьютердик программа аркылуу тандалат.
25. Экзамендин тапшырмалары 100 суроодон турат жана төмөндөгү модулдардын суроолорун камтыйт:
1) 1-модуль: ички контролдоо жана ички аудит боюнча ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүн камтыйт (экзамендик тапшырмалардын 70%);
2) 2-модуль: бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүн камтыйт (экзамендик тапшырмалардын 30%).
26. Экзамендин тапшырмалары алардын татаалдык деңгээлдери боюнча бөлүнөт жана жооптордун бир нече варианттарын камтыйт, алардын ичинен бир гана варианты туура болот.
27. Квалификациялык экзамендин узактыгы 3 сааттан ашпайт. Кечиккен талапкерлер квалификациялык экзаменге киргизилбейт.
28. Квалификациялык экзаменди аткаруунун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында видеобайкоо жүргүзүлөт.
29. Квалификациялык экзаменге келбей калуусу документ менен негизделген себептери бар (ооруп калуу, кызматтык иш сапар) талапкерлер, квалификациялык экзамен башталганга чейин бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен бул жөнүндө экзамен алуучу комиссиянын жооптуу катчысына билдирүүгө тийиш. Мындай учурда талапкердин квалификациялык экзаменден өтүүсү, анын жазуу жүзүндө арызынын негизинде экзамен алуучу комиссиянын чечими боюнча башка мөөнөткө жылдырылат.
30. Квалификациялык экзаменге келбеген учурда квалификациялык экзаменге кайрадан кирүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим талапкердин арызы боюнча экзамен алуучу комиссия тарабынан кабыл алынат.
31. Квалификациялык экзамен башталардан алдында экзамендик комиссиянын жооптуу катчысы:
1) талапкерлерди каттайт жана квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берилген талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөн маалыматтар менен паспорттогу маалыматтарды салыштырат;
2) талапкерлерге квалификациялык экзаменден өтүү эрежелери тууралуу эскертмени берет;
3) компьютердик программага кирүү үчүн талапкерлерге жеке паролдорду берет;
4) квалификациялык экзамендин башталганын жарыялайт.
32. Квалификациялык экзаменди тапшыруу учурунда талапкерлерге: ченемдик укуктук актыларды, маалыматтык жана атайын адабияттарды, ошондой эле уюлдук байланыш каражаттарын (мобилдик телефондор өчүрүлүүгө тийиш) жана башка байланыш каражаттарын пайдаланууга;
1) экзамендин тапшырмасын жана анын жоопторунун варианттарын компьютердин мониторунан көчүрүп жазууга, көчүрмөлөрүн алууга, сүрөткө тартууга;
2) ордунан турууга, орун алмаштырууга, жайдан чыгууга, үн чыгарып окууга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө, буюмдарды алмашууга тыюу салынат.
33. Талапкер ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда, ал квалификациялык экзаменди өтүүдөн, экзамен алуучу комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлган экзаменден четтетүү тууралуу протокол түзүү менен четтетилет.
34. Экзамендин тапшырмаларын аткарууга бөлүнгөн убакыт аяктаганда компьютердик программа өзү токтоп, монитордун экранына жооптордун жыйынтыгын чыгарат жана квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчетту (ушул Жобонун 2-тиркемеси) чыгарат.
35. Эгерде, квалификациялык экзаменди өткөрүүдө талапкерлердин тестирлөөнү аяктоосуна тоскоолдук жараткан компьютердик техниканын иши техникалык үзгүлтүккө учураса же башка кырдаал (форс-мажор) пайда болсо, анда экзамен алуучу комиссия квалификациялык экзаменди өткөрүү датасын башка датага, бирок мурда белгиленген датадан кийинки беш жумуш күнүнөн кеч эмес датага жылдырууга укуктуу.
36. Квалификациялык экзамен аяктаганда талапкерлер квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчетко кол коюуга жана экзамен алуучу комиссиянын жооптуу катчысына берүүгө тийиш. Экзамен алуучу комиссиянын жооптуу катчысы экзамен алуучу комиссияга талапкердин квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчет берет.
8. Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары
37. Квалификациялык экзамен 100 баллдан 75 жана андан жогору балл алганда ийгиликтүү өттү деп эсептелет.
38. Квалификациялык экзамендин жыйынтыктары экзамен алуучу комиссиянын жыйынынын квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган, квалификациялык экзаменди тапшыра албай калган жана квалификациялык экзаменге келбеген талапкерлер жөнүндө маалыматты камтыган протоколу менен таризделет.
39. Экзамен алуучу комиссиянын жыйынынын протоколунун негизинде, ага кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө Финансы министрлигинин буйругу чыгарылат. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйрук Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
40. Квалификациялык экзаменге катышуу үчүн Финансы министрлигине берилген документтер, талапкерлерге кайра кайтарылбайт. Аталган документтер, квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө отчет, экзамен алуучу комиссиянын жыйынынын квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө протоколу жана экзамендин тапшырмалары Финансы министрлигинде үч жылга чейин сакталат, бул мөөнөт өткөндөн кийин белгиленген тартипте жок кылынат.
9. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, жарактуулук мөөнөтү, жокко чыгаруу жана токтотуу
41. Ички аудитордун квалификациялык сертификаты Финансы министрлигинин ички аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө буйругу кабыл алынган жана ички аудитордун берилген сертификаттарынын реестрине жазуулар (ушул Жобонун 3-тиркемеси) киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде берилет. Финансы министрлиги өзүнүн сайтында берилген, жокко чыгарылган жана токтотулган ички аудитордун квалификациялык сертификаттары жөнүндө маалыматты жарыялайт жана жаңылайт.
42. Финансы министрлиги тарабынан бекитилген ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу программасы (мындан ары - квалификацияны жогорулатуу Программасы) боюнча окууну жыл сайын өтүп туруу шартында, ички аудитордун квалификациялык сертификаттын жарактуулук мөөнөтү чектелбейт.
43. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруунун негизи болуп саналат:
1) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн берилген жалган документтерди пайдалануу фактысын аныктоо;
2) ушул Жобонун 46-пунктунун талаптарын сактабоо.
44. Ички аудитордун квалификациялык сертификаттын токтотуунун негизи болуп соттолгондугу жоюлган учурга чейин соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши саналат.
45. Эгерде сертификацияланган ички аудитор негиздүү себептер менен квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өтпөсө, 31-декабрга чейин Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет жана ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн берет. Ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү экзамен алуучу комиссиянын жыйынында каралат.
Төмөнкүлөр негиздүү себептер деп эсептелет:
- бала багуу боюнча өргүү;
- чет өлкөдө иштөө же окуу (отчеттук жыл ичинде үзгүлтүксүз төрт айдан ашык);
- эмгекке убактылуу жарамсыздык (отчеттук жыл ичинде үзгүлтүксүз төрт айдан ашык).
46. Ички аудитордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу чечими экзамен алуучу комиссия тарабынан кабыл алынат, Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилет жана анын сайтына жайгаштырылат.
47. Квалификациялык сертификаты жокко чыгарылган ички аудитор ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келсе, квалификациялык экзаменди кайрадан тапшыруу укугуна ээ болот.
48. Жеке маалыматтарды (аты-жөнүн) өзгөрткөн, ички аудитордун квалификациялык сертификаты жоголуп кеткен, зыянга учураган учурларда ички аудитордун суроо-талабы жана экзамен алуучу комиссиянын чечими боюнча Финансы министрлиги ички аудитордун квалификациялык сертификатынын дубликатын берет.
10. Ички аудиторлордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу
49. Ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар ар бир ички аудитор ички аудитордун квалификациялык сертификатын алган жылдан кийинки жылдан тартып ар бир календардык жылдын ичинде Квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча окуудан өтүүгө милдеттүү.
50. Квалификацияны жогорулатуу программасы жылына 40 академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү окуу курсун камтыйт.
51. Квалификацияны жогорулатуу программасы төмөнкү элементтерди камтыйт:
1) темалардын аталышын жана ар бир тема боюнча каралган суроолордун тизмеги;
2) лекциялык жана практикалык сааттарга бөлүү менен темалар боюнча окутууну өткөрүүгө зарыл болгон убакыттын көлөмү;
3) ченемдик укуктук актылардын жана сунушталган адабияттын тизмеси.
52. Квалификацияны жогорулатуу программасы ички аудит, ички контроль, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, бюджеттик процесс, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жыл сайын кайра каралат.
53. Келерки жылга Квалификацияны жогорулатуу программасы келерки жылдын 1-январынан кечиктирбестен бекитилет жана Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
54. Квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча ички аудиторлорду окутуу окутуучулар тарабынан жүргүзүлөт.
55. Квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгүн ырастоочу документ ички аудитор тарабынан ушул жылдын 31-декабрынан кеч эмес Финансы министрлигине берилет.
56. Ички аудитор тарабынан Финансы министрлигине берилген документтердин негизинде, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатууну эсепке алуу журналына жазуу жүргүзүлөт (ушул Жобонун 4-тиркемеси).
11. Экзамен алуучу комиссия
57. Финансы министрлиги тарабынан экзамен алуучу комиссия бир календардык жылга түзүлөт жана анын жеке курамы бекитилет, ал өз ишин ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
58. Экзамен алуучу комиссия жети мүчөдөн турат. Экзамен алуучу комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы Финансы министрлигинин кызмат адамдарынын ичинен дайындалат. Экзамен алуучу комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билими бар адамдар болууга тийиш.
59. Экзамен алуучу комиссиянын ишин жетектөөнү экзамендик комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат, ал эми төрага жок учурда анын милдетин аткаруу төраганын орун басарына жүктөлөт.
60. Экзамен алуучу комиссиянын жыйыны, анда экзамен алуучу комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышкан учурда, ыйгарым укуктуу болуп саналат. Чечимдер экзамен алуучу комиссиянын жыйынында катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда экзамен алуучу комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
61. Экзамен алуучу комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөр кол койгон протоколдор менен таризделет. Протокол экзамен алуучу комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен түзүлөт.
62. Экзамен алуучу комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтери кабыл алат, карап чыгат;
2) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү, же квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) экзамендин тапшырмаларын жактырат;
4) квалификациялык экзаменди өткөрүү датасын жана убактысын аныктайт;
5) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берилген талапкерлерди квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө маалымдайт;
6) квалификациялык экзаменди өткөрөт;
7) квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын карап чыгат;
8) талапкерлердин квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшыргандыгы же тапшыра албай калгандыгы тууралуу чечимди кабыл алат;
9) квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө талапкерлерге маалымдайт;
10) талапкерлердин документтеринин, ошондой эле экзамендик документтердин эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат;
11) берилген ички аудитордун квалификациялык сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;
12) ички аудиторлордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу тууралуу чечимди кабыл алат.
63. Экзамен алуучу комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Программанын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) экзамендин тапшырмаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) квалификациялык экзаменди өткөрүүгө катышууга.
64. Экзамен алуучу комиссиянын жооптуу катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арызды ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен талапкерлерден кабыл алат жана каттоону жүргүзөт;
2) квалификациялык экзаменден өтүү үчүн документтерди берген талапкерлердин тизмесин түзөт;
3) квалификациялык экзамендин жыйынынын протоколун түзөт;
4) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берилген талапкерлердин тизмесин түзөт;
5) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берилген талапкерлерди квалификациялык экзаменди өткөрүү датасы, убактысы жана оруну жөнүндө маалымдайт;
6) квалификациялык экзаменди өткөрүүгө катышат;
7) квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жөнүндө талапкерлерге маалымдайт;
8) талапкерлердин документтеринин жана экзамендик документтердин эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат;
9) берилген ички аудитордун квалификациялык сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;
10) квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берилген талапкердин тизмесин, квалификациялык экзаменди өткөрүү датасы жана убактысы, квалификациялык экзамендин жыйынтыктарын, берилген, жокко чыгарылган жана токтотулган ички аудитордун квалификациялык сертификаттары жөнүндө маалыматты Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырат.
65. Экзамен алуучу комиссиянын мүчөлөрү өз функцияларын аткарууда купуялуулукту сактоого тийиш. Экзамендин тапшырмаларын иштеп чыгууга, кароого жана бекитүүгө байланышкан маалыматтардын купуялуулугу бул процесстин бардык катышуучулары тарабынан камсыздалууга тийиш.
12. Апелляциялык комиссия
66. Талапкер экзамен алуучу комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда квалификациялык экзамендин жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде квалификациялык экзамендин жыйынтыктары боюнча апелляция жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Апелляция жөнүндө арыз далилдүү жана негизделген болуусу тийиш.
67. Апелляция жөнүндө арызды (арыздарды) кароо үчүн Финансы министрлигинин буйругу менен апелляциялык комиссия бир календардык жылга түзүлөт жана анын персоналдык курамы бекитилет. Апелляциялык комиссия төраганы жана жооптуу катчыны кошкондо беш мүчөдөн кем болбоосу тийиш. Апелляциялык комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы Финансы министрлигинин кызматтык адамдарынын ичинен дайындалат. Апелляциялык комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын маселелери боюнча билими бар адамдар болуусу тийиш.
68. Апелляциялык комиссиянын ишин жетектөөнү апелляциялык комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат.
69. Аппеляциялык комиссиянын жыйыны анын жарымынан кем эмес мүчөсүнүн жана аппеляция жөнүндө арыз берген талапкердин катышуусунда өтөт. Аппеляциялык комиссиянын жыйынын көрүү датасы жана убактысы, жыйын өтүүчү күнгө чейин үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен аппеляция жөнүндө арыз берген талапкерге квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн телефон жана/же электрондук почта аркылуу маалымдалат. Алдыда боло турган аппеляциялык комиссиянын жыйыны жөнүндө тийиштүү түрдө кабарланган талапкер келбесе, чечим ал жок учурда кабыл алынышы мүмкүн.
70. Даттанууларды кароонун жыйынтыктары боюнча аппеляциялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бузуулар аныкталбаган учурда, аны негизсиз деп таануу менен даттанууну канааттандыруудан баш тартууга;
2) эгерде мындай даттанууда көрсөтүлгөн бардык бузуулар аныкталган учурда экзамен алуучу комиссияга алар тарабынан кабыл алынган жокко чыгаруу/кайра кароо жөнүндө чечимди жиберүү менен даттанууну канааттандырууга.
71. Аппеляциялык комиссиянын чечими ага катышкан мүчөлөрдүн жалпы санынын ичинен көпчүлүк жөнөкөй добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
72. Апелляциялык комиссия апелляция жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде апелляция жөнүндө арызды кароого милдеттүү. Аппеляциялык комиссиянын жыйыны жана анда кабыл алынган чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөр кол койгон протоколдор менен таризделет. Протокол аппеляциялык комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен түзүлөт. Апелляцияны кароонун жыйынтыктары талапкерге беш жумуш күнүнүн ичинде, квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн телефон жана/же электрондук почта аркылуу маалымдалат. Экзамен алуучу комиссиянын чечимин кайрадан апелляциялоо жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралат.
13. Окутуучулардын ишин уюштуруу
73. Окууну өткөрүү максатында окутуучулар Финансы министрлигине ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык маалыматты билим берүү ишине лицензиясынын көчүрмөсүн тиркөө менен беришет. Окутуучулардын тизмеси Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
74. Окутуучулар талапкерлерди жана ички аудиторлорду окутууну Программага жана Квалификацияны жогорулатуу программасына ылайык аудиториялык жана/же дистанциялык формада уюштурууга тийиш.
75. Окутуучуларга мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстары үчүн акы бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөнөт. Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит кызматтарынын адистери эмес талапкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстары үчүн акы алардын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
76. Окутуучулар курс аяктаганда окуудан өткөндүгүн ырастоочу документти берүүгө тийиш. Окуу аяктагандан кийин окутуучулар, беш жумуш күнүнөн кечикитирбестен, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөндүгү жөнүндө маалыматты (ушул Жобонун 6-тиркемеси) Финансы министрлигине бериши керек.
77. Финансы министрлиги ички аудитордун квалификациясын жогорулатуу курсун өткөндүгү жөнүндө маалыматтардын туура эместиги аныкталган учурда, ички аудитордун квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти берүү жөнүндө окутуучунун чечимин жокко чыгарууга укугу бар.
78. Финансы министрлиги окутуучулар тарабынан окутуунун сапатын сурамжылоо методу (анкета толтуруу, оозеки сурамжылоо, окутуу курсуна катышуу) аркылуу баалайт. Окууну өткөрүүдө кемчиликтер бар болсо, окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен берилет. Окутуунун сапатын баалоонун жыйынтыктары жана берилген сунуштар окутуучу менен талкууланат. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча сапатты баалоону аяктаган күндөн тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен протокол түзүлөт. Белгиленген мөөнөттө сунуштар аткарылбаган учурда, окутуучунун атын көрсөтүү менен окууну өткөрүүдөгү кемчиликтер жөнүндө маалымат сунуштарды аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин Финансы министрлигинин сайтына жайгаштырылат.
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын финансы министрине ______________________ ______________________ ______________________ ___________________ден (талапкердин аты-жөнү, иштеген жери, ээлеген кызматы) |
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө
АРЫЗ
Сизден ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүүңүздү өтүнөм. Бул арызга төмөнкүлөрдү тиркейм: - паспорттун көчүрмөсү; - жогорку билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемелери менен (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн); - экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн); - 3x4 өлчөмүндөгү эки фотокарточка; - ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ. Менин байланыш маалыматтарым: тел. _______________________; электрондук почта __________________________________________. | |
| Колу:
Датасы: |
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндө ОТЧЕТ
Аты-жөнү | Туура жооптордун саны | Туура эмес жооптордун саны | Датасы | Корогон убакыт | Өткөн тапшырмалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Талапкердин колу _______________
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Берилген ички аудитордун квалификациялык сертификаттарынын РЕЕСТРИ
Каттоо № | Аты-жөнү | Паспорттун маалыматтары | Финансы министрлигинин буйругунун номери жана датасы | Ички аудитордун квалификациялык сертификатынын сериясынын аталышы жана типографиялык номери | Алган датасы | Ички аудитордун квалификациялык сертификатын алган адамдын колу | Ички аудитордун квалификациялык сертификатын жокко чыгаруу жана токтотуу жөнүндө маалымат | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Ички аудитордун квалификациясын жогорулатууну эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ
№ | Аты-жөнү | Берилген документтин номери | Академиялык сааттардын саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Окутуучу адам жөнүндө
МААЛЫМАТ
1. | Юридикалык жактын аталышы _____________________________ |
2. | Юридикалык жактын дареги _______________________________ |
3. | Окуунун өтө турган орду ___________________________________ |
4. | Телефон: _________________________________________________ |
5. | Факс: ____________________________________________________ |
6. | Эл. почта: ________________________________________________ |
7. | Веб-сайт: _________________________________________________ |
8. | Байланышуучу адамдын аты-жөнү ___________________________ |
9. | Байланышуучу адамдын телефондору ________________________ |
10. | Билим берүү ишине лицензиянын номери жана датасы _______ |
Билим берүү ишине лицензиянын көчүрмөсү тиркелет | |
Жетекчинин колу Мөөрү | |
| Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Ички аудитордун квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө
МААЛЫМАТ
№ | Аты-жөнү | Берилген документтин номери | Окуудан өткөн мезгили | Академиялык сааттардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Датасы
Окутуучунун жетекчисинин колу
Мөөрү