Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
2023-жылдын 21-августундагы № 2 буйругу
менен бекитилген
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту | ||||
1 | Мамлекетттик кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Авиациалык атайын иштер | ||
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 99718 аскер бөлүгү; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгү | ||
3 | Мамлекеттик кызматты колдонуучулар | Юридикалык жана жеке жактар | ||
4 | Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери | Кызмат эгерде керектүү сандагы авиациялык техника Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча негизги тапшырмаларына таасир бербесе көрсөтүлөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо (6-пункттун 52-пунктчасы) | ||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы натыйжасы | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин авиациялык кемелеринин колдонуучулардын суроо-талабына жараша авиациялык атайын иштеринин жыйынтыгы төмөнкүлөр болушу мүмкүн: адамдарды жана жүктөрдү ташуу; айыл чарба жаатындагы атайын иштер; курулуш; туризм жана спорт жаатындагы иштер; сүрөткө тартуу же топографиялык сүрөткө тартуу; байкоо жана кайгуулдоо; издөө жана куткаруу; аба жарнамасы; медициналык тейлөө; мөңгүлөрдү мониторинг кылуу; курсанттарды практикалык окутуу; бийиктиктердеги барокамера; сырткы илмекте жүктөрдү ташуу; өрттөрдү өчүрүү; электр чубалгыларын тейлөө; авиациалык химиялык иштер. Аткарган иштердин натыйжасында Тапшырыкчы жана Аткаруучу түзүлгөн келишимге ылайык аткарылган иштердин актысына кол коюшат. | ||
6 | Мамлекеттик кызматты алуунун шарттары | Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашат: - аэродромдо, даярдалган аянтчаларда, аэропортто, тоо аянтчасында көрсөтүлөт. - мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкү шарттары каралган: - бекитилген санитардык нормаларга жооп берген жайларда; - жандуу кезек принциби боюнча; - жеңилдетилген категориядагы жарандар кезексиз тейленет (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майыптары, ооруктун эмгекчилери, кош бойлуу аялдар); - санитардык-гигиеналык жайларга (жуунуучу бөлмө, даараткана) жарандардын тоскоолдуксуз киришин камсыздоо, ошонун ичинде майып адамдар үчүн пандустардын, кармагычтардын, жабдылган дааратканалардын бардыгы; - уюмдун күтүү үчүн орундары, суу түтүктөрү, телефондору бардыгы; - мамлекеттик кызмат кайрылгандын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде көрсөтүлөт | ||
7 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү жасай турган иштердин көлөмүнө карата жана кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишимге негизделип аныкталат | ||
Авиациялык кызматтарды алуучуларды маалымдоо | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандарташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат жөнүндө маалыматты: - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында (mil.gov.kg); - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин коомдук кабылдамасында; - телефон аркылуу; - электрондук формада: svo.kg@gmail.com алса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Даректер, ишеним телефон номери, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жооптуу башкармалыгы, ошондой эле мамлекеттик кызматтын стандарты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. | ||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмасы (мүнөздөп берүү же ар түрдүү ыкмаларын саноо) | Көрсөтүлүп жаткан кызмат жөнүндө маалыматты таратуу: - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин расмий сайтында (mil.gov.kg); - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин коомдук кабылдамасында; - телефон аркылуу; - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрүнө кайрылууда жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштөө графиги: Дүйшөмбү-жума 9-00дөн баштап 18-00гө чейин. Түшкү тыныгуу 12-30дөн баштап 13-30га чейин. | ||
Авиациялык кызматты тейлөө жана көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен сүйлөшүү | Келүүчүлөр менен сүйлөшкөндө кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманышат: сылык-сыпаалык, ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, принципиалдуу болуу, берилген суроону тыкыр карап чыгууга тырышуу, сүйлөп жатканды уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтеп берүүгө. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык нормаларды, жарандарга карата эркиндикти жана объективдүүлүктү сактоону камсыздаган, кызыкчылык чыр-чатактарын болтурбаган кызматтык нускамаларды (иш милдеттерди) жана кесиптик-этикалык нормаларды сакташы керек. | ||
11 | Жашырындуулукту камсыздаган ыкмалар | Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн | ||
12 | Мамлекеттик кызматты колдонуучу тарабынан керектүү документтеринин жана/же аракеттеринин тизмеги | Кызматты алуу үчүн кайрылуучу төмөнкү документтерди бериши керек: - эркин формада өзү кол койгон кат түрүндөгү кайрылуу; - уюмдун атынан чыгууга укук берген ишеним катты көрсөтүү; - Тапшырыкчы жана кызматты Аткаруучу ортосунда оң жыйынтык болгондо келишимди түзүү жана ага кол коюу. Берилген документтер окулушу керек, анда оңдоолор жана боёлгон жерлер болбошу зарыл. Кайрылуучунун сканерден өткөрүлгөн документтеринин алгачкысын, аларды электрондук дарекке жөнөтүү менен берүүгө жол берилет (Мында, келишимге кол коюуда кайрылуучу, ал кол койгон кайрылуунун түп нускасын берет). Чет мамлекеттик жарандар мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтердин пакетин, мамлекеттик жана расмий тилдерде легалдашкан түрүндө беришет. 2) авиациялык атайын иштерди аткарууда аба кемесин камсыздандыруу, Тапшырыкчы жана Аткаруучу ортосунда түзүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык; 3) кызматты төлөө Тапшырыкчы жана Аткаруучу ортосунда түзүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын баасы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүп көрсөтүлөт.
Баалардын прейскурантын антимонополиялык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги бекитет.
Кызматтын баасы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызматты көрсөткөн мекемелердин маалыматтык такталарында жана Коргоо министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган. Учуу жана техникалык курамга үй жай менен камсыз кылуу, тамак аш жана авиациялык атайын иштерди өткөрүүчү районуна жеткирүү мамлекеттик кызматты колдонуучу тарабынан камсыз кылынат
Авиациялык иштердин акыркы баасы авиациялык жумушка Тапшырыкчы жана Аткаруучу кол койгон жана келишимдин жана көрсөтүлүүчү кызматтын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, аткарылган иштердин актысында көрсөтүлгөн аткарылган иштердин көлөмүнө жараша түзүлөт. | ||
14 | Авиациялык иштердин параметринин сапаты | Кызматтын толуктугу жана өз убагында аткарылгандыгы көрсөтүлгөн кызматтын шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныкталат. Мындан тышкары, авиациялык кызматтын сапаты: кызматты алуучу адамга карата ар түрдүү дискриминацияга жол бербөөгө; ушул стандартта жазылган көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттарга тууралыгы; керектөөчүнүн кызматтын сапатына канааттангандыгына; керектөөчүдөн ушул стандартта көрсөтүлгөн кызматты алуу үчүн керектүү документтерди гана сурап алуу мүмкүнчүлүгүнө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген керектөөчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык-сыпаалыгына; табыштамага ылайык бекитилген тартипте учууну аткарууга; техникалык тейлөөгө, метеорологиялык прогнозго, учууну башкарууга жана учуу-конууну аткаруу үчүн аэродромду (аянтчаны) берүүгө; “Тапшырыкчыга” чыныгы аткарылган учуулар боюнча Аткарылган иштердин актысын берүүгө; Учууну аткаруу жылдырылган учурда (“Тапшырыкчынын” чечими боюнча, метеошарттар жана башка себептер менен) “Тапшырыкчы” авиациялык техникага куйган авиациялык отундун сакталышын камсыздоого жараша аныкталат. | ||
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт. | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиз | Мамлекеттик кызматты көрсөтүү: - эгерде авиациялык техника Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча негизги тапшырмаларды аткарууда колдонулуп жатса; - берилген документтерде, маалыматтарда чындыкка туура келбеген маалыматтар бар болгондо; - жаратылыштык же техногендик себептерге жараша кызматтарды көрсөтүү мүмкүн болбогондо; - керектөөчүнүн, ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - керектөөчүнүн ушул стандарттын 12-пунктунда саналган керектүү документтерди бербегенинде баш тартылат. | ||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөсө керектөөчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигине, 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрүнүн кол башчылыгына оозеки жана жазуу түрүндө административдик тартипте кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте бекитилген формада берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү сот тартибинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин чечимине даттанууга укуктуу | ||
18 | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызматтын стандарты такай, үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралып турууга тийиш. | ||
|
|
|
| |