Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын “23” октябрындагы
№ 382-НИ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстар жана реалдуу сектор башкармалыктарынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөлүшү жана айырмалоо белгилери
I. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстар жана реалдуу сектор башкармалыктарынын кызматкерлеринин (мындан ары – Башкармалыктардын кызматкерлери) форма кийимдери төмөнкүдөй үч комплектиден турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык.
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплектиге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы бушлат;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- шым;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде - фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Кышкы бушлат.
Кышкы бушлат капюшону бар күрмөдөн, түктүү кайрыма жакалуу ичи жылуу кош төш курткадан турат. Бушлат колдун жана дененин эркин кыймылдашы үчүн бош тигилип, бели аркасынан өрмө менен тартылат. Адатта, жакасы жумшак, кайрыма, кездеме менен капталган. Бушлат “молния” сыдырмасы менен сыдырылат жана жел өткөрбөй турган бүчүлөмө менен жашырылган топчу менен топчуланат. Каптамаклары бар төрт тышкы чоң чөнтөгү жана топчу менен топчулануучу бир көмүскө чөнтөгү болот.
5. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
6. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалат. Калпак (төбөсү) төрт кыйыктан туруп, ачык боз түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн-үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү галуну тасма кайчылаш бастыра тигилген. Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
7. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) көгүш-боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт кыйыктан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) көгүш-боз түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Башкармалыктын аялдары үчүн ачык көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
8. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу күңүрт-ачык көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагына Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн эки кичине топчу кадалып, алкагындагы алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чебердик менен өрүлгөн кош катар боо топчуга тагылат. Маңдай кыры кара, лакталган.
Башкармалыктын аялдары үчүн фуражканын ордуна ак же ачык көк түстөгү жашыл милтеси бар тегерек формалуу топу (беретка, пилотка) берилет.
9. Китель шымы менен.
Күнүмдүк китель ачык көк түстөгү костюм кездемеден тигилет, топчулама, капкалдырыктуу жан чөнтөктөрү болот. Китель “молния” сыдырмасы менен сыдырылат. Жакасы кайырма. Жакасы, бүчүлөмөсү, жеңинин учтары, чөнтөктөрү жана каптамалары кыйылган.
Бир жагына кымтыланма сый кийим кители Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү жана беттеме бүгүштүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Шымынын багелеги кое берилип, манжетсиз кыйылган, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте бастырылат. Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилет.
Башкармалыктардын аял кызматкерлерине форма шымы берилиши мүмкүн.
10. Аялдардын кители жана юбкасы, аялдардын шымы.
Башкармалыктардын аялдар үчүн китель жана юбка ачык көк түстөгү костюм кездемесинен тигилет. Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Эки жакка кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, учасы тигишсиз. Кителдин рамкаланган тилик жан чөнтөктөрү бар. Юбкасы түз, тизеге чейин.
11. Сырткы көйнөк.
Узун жеңидүү көйнөк ак же ачык көгүш кездемеден тигилет, жакасы кайырма, бүгүлөмө тик, беттеме” бүгүштүү жана эки каптама жана капкалдырыктуу төш чөнтөгү бар, белине жоон кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды топчуга топчуланат. Белине резинка тигилген.
Манжетасы менен узун жеңдүү көйнөк, ачык көк же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, бүгүлөмө тик, “беттеме” бүгүштүү жана эки каптама жана капкалдырыктуу төш чөнтөгү бар, желим топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же ачык көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, “беттеме” бүгүштүү жана эки каптама жана капкалдырыктуу төш чөнтөгү бар, белине жоон кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды топчуга топчуланат. Белине резинка тигилген.
Кыска жеңдүү ачык көк же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, бүгүлөмө тик, “беттеме” бүгүштүү жана эки каптама жана капкалдырыктуу төш чөнтөгү бар, желим топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө. Башкармалыктардын аял кызматкерлери үчүн топчусу сол жагына топчуланат.
13. Жагоо.
Жагоо кочкул көк түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
14. Туфли.
Туфли кара же каралжын-күрөң түстө болот.
15. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн кара түстө боосу менен болот.
II. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
16. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыктыктын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
17. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
18. Эмблема.
Эмблема бүтүндөй штампталган, сары, көк-жашыл түстө. Эмблема алтын, сары, көк жана көк-жашыл түстөгү тегерек формада. Айлананын ичинде күн, тоолор, суу жайгашкан, контурдун борборунда канаттарын жайган ак шумкар жайгаштырылган, айлананын ичи көгүш түстө. Ортоңку айлананын ичинде гүлчамбар жана улуттук оймо-чиймелер, айлананын ички контурлары күрөң түстө. Сырткы айлананын ичиндеги жогору жагында мамлекеттик тилде “Кыргыз Республикасынын”, ал эми ылдый жагында “Айыл чарба министрлиги”деген жазуу жазылган. Бул жазуулар ортосунан эки тегерек чекит менен бөлүнгөн.
19. Шеврон
Шеврон кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн көгүлтүр-жашыл, ак жана көгүлтүр түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен Башкармалыктыктын эмблемасынын сүрөттөлүшү түшүрүлөт.
20. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм. Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл түстөгү желимден жасоого жол берилет
21. Башкармалыктыктын башкы кызмат орундарындагы кызматкерлеринин погондору.
Нооту капталган кочкул көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү эки жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
22. Башкармалыктыктын кенже жана улук кызмат орундарындагы кызматкерлеринин погондору.
Нооту капталган кочкул көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар Башкармалыктыктын кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Жогорку, улук, орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн парад погондору алтын түстүү волокадан жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башкармалыктарынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул эрежелер Жаратылыш ресурстар жана реалдуу сектор башкармалыктарынын кызматкерлеринин (мындан ары - Башкармалыктын) айырмалоо белгилери менен формалык кийимдерин кийип жүрүү тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстарын башкаруу жана реалдуу секторду башкаруу жөнүндө жоболоруна ылайык, иштелип чыкты.
2. Кызмат учурунда Башкармалыктын кызматкерлери ээлеген кызматына жараша формалык кийимди кийип жүрүшөт.
3. Башкармалыктын кызматкерлери үчүн өкүлдүк (параддык), күнүмдүк жана талаа формалык кийими бекитилген. Күндөлүк жана талаа формалык кийимдери жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
4. Башкармалыктын кызматкерлери жумуш убактысында ыйгарылган класстык ченге ылайык, белгиленген форманы кийүүгө милдеттүү.
5. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) салтанаттуу иш-чараларда, расмий кабыл алууларда, ошондой эле майрам күндөрүндө - параддык форма;
2) кызматтык милдеттерди аткарууда - күнүмдүк форма;
3) талаа шартында иштерди аткарууга байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - атайын (талаа) форма.
6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) формалык кийимдин предметтерин, ошондой эле формалык жана жарандык кийимди аралаштырууга;
2) бекитилбеген үлгүдөгү айырмалоо белгилери менен формалык кийимди кийип жүрүүгө;
3) каралгандан тышкары, башка түстөгү форманын көйнөгүн кийип жүрүүгө.
7. Кийилүүчү кийимдер белгиленген үлгүлөргө жана сүрөттөөлөргө ылайык келүүгө жана кемчиликсиз абалда сакталууга тийиш.
8. Төмөнкүлөрдү кийүүгө тыюу салынат:
- деформацияланган жана булганган погондору бар өңү өчүп калган жана үтүктөлбөгөн формаларды;
- өчкөн жана кирдеген жагоолорду;
- үстүнкү бузулган, такасы желген, согончогу басмылган же кир бут кийим бут кийимди кийүүгө.
9. Шапке, фуражка, пилотка, кепка түз кийилет, кыйшайтпастан, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей, ал эми фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде болушу керек. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө турат.
10. Формалык кийимдердин бардык сырт кийимдери бүт топчуларына топчуланып кийилет.
11. Өкүлдүк (параддык) жана күндөлүк форма галстук менен кийилет, жагоо көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
12. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
13. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
14. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын “23” октябрындагы
№ 382-НИ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинекараштуу Ветеринардык кызматтын кызматкерлеринин форма кийимдери жанаайырмалоо белгилери жөнүндө
1. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын (мындан ары – мамлекеттик инспекторлор) форма кийимдери төмөнкүдөй төрт комплекттен турат:
– сый кийим;
– күнүмдүк;
– талаачылык;
– лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый (параддык) жана күнүмдүк комплекттеги кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
– кышкы пальто;
– бапак;
– кулакчындуу тумак;
– моюн орогуч;
– мээлей;
– плащ;
– фуражка;
– пилотка (кепка);
– китель;
– узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
– пуловер;
– жазгы-күзгү күрмө;
– кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
– шым.
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот. Жазгы-күзгү күрмө жана пуловер күнүмдүк комплектке гана кирет.
3. Талаа комплектине камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, коргоочу (камуфляждык) түстөгү футболкадан, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде – фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын адистери үчүн арналып, топу, халат, мээлей жана бахиладан (ак, көгүлтүр түстөгү) турат.
5. Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү формалык алты топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызматтык наамдары бар адамдар үчүн пальто кочкул-боз түстөгү драптан тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракүлдөн, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалат. Кызматкер аялдар үчүн пальто - денеге жарым-жартылай кынама, бир тарапка кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы кызматкер аялдар үчүн пальто боз түстөгү кездемеден - денеге жарым-жартылай кынама, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынып тигилет. Жакасы кайырма, жаканын жогору бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеталарына каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык алты топчуга топчуланат.
6. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелип, кара булгаарыдан ултарылып, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынат.
7. Плащ.
Плащ кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчуланып, бир тараптуу кымтыланма, ичилик салынат, тогоосу бар кур менен курчалат. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиши дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген тогоого топчуланат.
8. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө бел боо бар. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсүнө, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
9. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүндөгү үстүңкү тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдарга гана берилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтардагы кызматкер аялдар үчүн боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
10. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул боз түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган, бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул боз түстөгү ноотудан тигилген беретка даярдалат.
11. Мээлей.
Мээлей ичине мех салынып, кара булгаарыдан тигилет.
12. Моюн орогуч.
Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
13. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул-боз кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдайкы кыры кара, лакталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат.
Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул боз түстөгү кочкул-жашыл милтеси бар тегерек формадагы шапочка (беретка, пилотка) берилет.
14. Күндө кийилүүчү китель-шым.
Китель бир жагына кымтыланма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, денеге жарым-жартылай кынама бычылып, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилиги бар, кайырма жака жана жеңдери демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана кыюуланган тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн - топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель боз түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу кочкул жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз түз тигилген, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган. Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.
15. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул-боз түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилик салынган жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
16. Жайкы китель.
Жайкы китель күндө кийилүүчү кителдей эле шымы менен, кочкул-боз түстөгү кездемеден тигилет.
17. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк кочкул-боз түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, кочкул-жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, “бант” бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
18. Аялдардын жайкы костюму шымы менен.
Жайкы костюм кочкул-боз түстүү кездемеден тигилип, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жакка кымтыланма жакеттен турат, орнотулма кыска жеңдүү, кайрылган жең учуна кочкул-жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине кочкул-жашыл түстөгү милте бастырылган.
19. Күрмө.
Күрмө кочкул боз түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана “беттеме” бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учанын ортосунда тигиши бар, кокетка салынган. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтектөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
20. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөк манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды жагы, капкалдырыктары жана бел куру топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, “беттеме” бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
21. Пуловер.
Мамлкеттик инспекторлордун пуловери жарым-жартылай жүндөн жасалган, жеңи узун, кочкул-көк түстөгү, V түрүндөгү кесик жакасы менен.
Ийин жагында жана чыканак тушунда кездемеден сыртынан капталып тигилген, төш чөнтөгү (чөнтөктөрү) бар. Ийиндеги тигиштин өңүрүндө үч бурчтуу тик кырдуу погондор танаптап тигилген, ал илгич менен топчуланат (чечип алма погондорго өткөргүчтөр уруксат);
22. Галстук
Галстук кара түстөгү жибек кездемеден, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп тигилет.
23. Туфли.
Туфли кара түстө болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чини жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн булгаары таман салынып шевродон; кенже, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстө, анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
24. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн кара түстө, боосу менен болот.
2. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
25. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагындагы дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
26. Эмблема.
Эмблема алтын түстүү металлдан туташ куюлуп жасалат, контурдун дал ортосуна “Мамлекеттик веткызматы” деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
27. Жеңдеги белги.
Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу жашыл түстөгү контурдук калкан түрүндөгү сүрөт кочкул-жашыл түстөгү талаага сары чектүү, анда жашыл түстөгү тегерек сүрөттөлгөн сары чектүү, ага көк түстөгү кресттин сүрөтү капталган, сары жээктүү сүрөт түшүрүлөт. Кресттин ортосуна сары түстөгү жылан салынган идиштин сүрөттөлүшү коюлат.
Бардык композиция жашыл түстөгү эмен жалбырактарынан жасалган гүлчамбар менен курчалат, анын төмөнкү бөлүгүндө бутактар кесилишкен жерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү жайгашат. Калканда: жогорку бөлүгүндө “Мамлекеттик ветеринардык”, төмөнкү бөлүгүндө “Көзөмөл” деген мамлекеттик тилдеги сары түстөгү жазуулар жайгашат. Колго тагылган белги сол жеңдин сырткы бетине жеңдин жогорку чекитинен белгиге чейин 80 мм аралыкта тигилет.
Оң жеңдин сырткы тарабында жеңдин жогорку чекитинен белгиге чейинки 80 мм аралыкта: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби саймаланып, тегеректин жогорку бөлүгүндө мамлекеттик тилде “Ветеринардык” деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө мамлекеттик тилде “Кызмат” деген жазуу бар.
28. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын-жашыл, изумруд-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
29. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылчу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см, башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул-жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш түстө же ак түстө болот.
30.Саясый жана административдик кызматтагы адамдар үчүн погондор.
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын жетекчилеринин погондорунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен тигилген диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 3, 2 жана 1 жылдызча тигилет.
31. Башкы административдик кызматтагы мамлекеттик инспекторлордун погондору
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
32. Кенже жана улук административдик кызматтагы мамлекеттик инспекторлордун погондору.
Нооту капталган кочкул-көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик инспектордун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Саясий, жогорку административдик жана башкы административдик кызматтагы адамдар үчүн параддык погондор алтын түстөгү волокадан жасалат.
3. Формалык кийимди кийүү эрежеси
33. Мамлекеттик инспекторлор формалык кийимди ээлеген кызматына жараша кийишет.
Формалык кийим ушул главанын эрежелерине ылайык кийилет. Кийим формасынын предметтери белгиленген сыпаттамаларга жооп берип, кылдаттык менен ылайыкталып, таза жана тыкан сакталууга тийиш.
34. Төмөнкү учурларда формалык кийимди кийүү каралат:
– салтанаттуу жана майрамдык иш – чараларда, расмий кабыл алууларда – өкүлчүлүк (параддык) форма;
– күн сайын кызматтык милдеттерин аткарууда, инспекциялоодо (текшерүүдө) – күнүмдүк;
– талаа шарттарындагы жумуштар менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш – чараларды өткөрүүдө – талаа формасы;
– лабораториялардын адистеринин кызматтык милдеттерин күн сайын аткарууда – лабораториялык комплект (атайын кийим).
35. Тыюу салынат:
– ведомстволук форма кийиминин предметтерин, ошондой эле ведомстволук кийимдерди жарандык кийим менен аралаштырып кийүүгө;
– ведомстволук форма кийиминин өзгөртүлгөн же белгисиз үлгүдөгү предметтерин, жабдууларын жана айырмалоочу белгилерин тагынууга;
– каралгандардан тышкары башка түстөгү формалык кийимди кийиүүгө, айырмалоочу белгилерди тагынууга;
– күнүмдүк форма кийими учурунда талаа формасын кийүүгө.
36. Баш кийим түз, кыйшаюусуз кийилет, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
37. Пальто, плащ, параддык пиджак, күнүмдүк пиджак бардык топчуларга топчуланат. Плащ кур менен курчалып кийилет.
38. Өкүлдүк (параддык) жана күнүмдүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
39. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
40. Кашне пальтонун, куртканын, плащтын жакасына кымтыланып кийилет.
41. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
42. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
43. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды бүтүрүү белгилери башкалардан төмөн тагылат.
44. Ушул главанын талаптарын сактабагандыгы үчүн мамлекеттик инспекторлор Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте тартиптик, жумуштан бошотууга чейинки жоопкерчиликке тартылат
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын “23” октябрындагы
№ 382-НИ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөлүшү жана айырмалоо белгилери
1. Формалык кийимдин сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийиминин предметтерине төмөнкүлөр кирет:
а) кийимдин формасы, анын ичинде:
- эки жакка кымтылама пальто;
- плащ;
- куртка;
- пиджак;
- жеңи узун жана кыска көйнөктөр;
- шымдар;
- юбка;
- кашне;
- мээлей;
б) баш кийим, анын ичинде:
- папаха;
- тумак;
- фуражка;
- пилотка;
- кепи;
в) кышкы, сезондук жана жайкы бут кийим;
г) погондор;
д) айырмалоо белгилери жана фурнитура.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими айырмалоо белгилери менен төрт комплекттен турат:
- өкүлдүк форманын комплекти;
- күндөлүк форманын комплекти;
- атайын (талаа) формасынын комплекти.
2. Эркектер үчүн өкүлдүк форманын комплекти
3. Эркектер үчүн өкүлдүк форманын комплекти пальтодон, пиджактан жана шымдан, жеңи узун ак көйнөктөн, жеңи кыска ак көйнөктөн, папахадан, шапкеден, фуражкадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүкчөдөн, батинкеден жана туфлиден турат.
4. Эки жакка кымтылама пальто, денеге жарым кыналган, жеңдери орнотулма формада, күңүрт жашыл түстөгү нооту же драптан, топчуланган жарым жүндүү, жылуулаткан же башка ичилиги, кара түстөгү цигейкадан топчуланган жүн жакасы менен жасалат.
Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты топчусу менен пальто. Сол жеңинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органына таандыгынын шеврону тигилет.
5. Пиджак күңүрт көк түстөгү жүн кездемеден, денеге жарым кыналган формада, ичилиги жибектен, эки жакка кымтылама, кайырма жакасы жана лацканы менен жасалат. Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан, диаметри 20 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты формалык топчусу бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жазысы 8 сантиметр, кайрылган учтарынын үстүнөн - жашыл түстөгү милте. Сол жеңинин сырткы жагында жеңдеги белги - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органына таандыгынын шеврону.
Пиджакка погондор тигилет. Пиджактын чөнтөктөрү бар: сырткы - эки капталдагы түз клапандары менен, ички - эки түз төш чөнтөктөр.
6. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр, жашыл түстөгү лампастар.
7. Көйнөк узун жеңдери менен ак түстөгү пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңдери бир топчуга топчулануучу тигилген манжеттери менен.
8. Ак түстөгү жеңдери кыска көйнөк. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
9. Фуражка күңүрт көк түстө, формалык костюм тигилген кездемеден жасалат. Түбү сүйрү, төрт капталы бар, кыры жашыл түстөгү бархаттан, маңдайкы калканчыдан турат. Түбүнүн четинен жана кырынын үстүнкү четинен - жашыл түстөгү милте. Фуражканын кырынын алды жагында - кокарда. Маңдайкы калканчынын үстү кара лакталган булгары менен капталган, төмөнкү жагы - замша же кара түстөгү жүн кездемеден. Маңдайкы калканчынын үстүңкү кырына эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо тагылат.
10. Папаха кадимки каракөлдөн.
11. Тумак кадимки каракүлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат.
12. Галстук күңүрт жашыл түстө.
13. Кашне ак түстө.
14. Белдеги кур кара түстө, булгаарыдан.
15. Жарым өтүк кара түстө, жылууланган, булгаарыдан, кышкы.
16. Батинке кара түстө, жылууланган, булгарыдан.
17. Туфли кара түстө кадимки булгарыдан.
3. Аялдар үчүн өкүлдүк форманын комплекти
18. Аялдар үчүн өкүлдүк форманын комплекти пальтодон, пиджактан жана шымдан же юбкадан, жеңи узун ак түстөгү көйнөктөн (блузкадан), жеңи кыска ак түстөгү көйнөктөн (блузкадан), шапкеден, пилоткадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүктөн жана туфлиден турат.
19. Эки жакка кымтылама пальто, денеге жарым кыналган, жеңдери орнотулма формада, күңүрт жашыл түстөгү нооту же драптан. Пальто топчуланган жарым жүндүү, жылуулатуучу же башка ичилиги, кара түстөгү цигейкадан топчуланган жүн жакасы менен.
Пальтодо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты топчусу бар. Сол жеңинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органына таандыгынын шеврону тигилет.
20. Пиджак күңүрт көк түстөгү жүн кездемеден, денеге жарым кыналган формада, бир аз узун, ичилиги жибектен, эки жакка кымтылама, кайырма жакасы жана лацканы менен жасалат. Сол жеңинин сырткы жагында жеңдеги белги - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органына таандыгынын шеврону. Алтын түстөгү аноддолгон алюминийден эки катар жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи түшүрүлгөн алты формалык топчусу бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын жазысы 8 сантиметр, кайрылган учтарынын үстүнөн - жашыл түстөгү милте. Пиджакка погондор тигилет. Пиджактын чөнтөктөрү бар: сырткы - эки капталдагы түз клапандары менен, ички - эки түз төш чөнтөктөр.
21. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр жашыл түстөгү лампастар.
22. Юбка жүн кездемеден, күңүрт көк түстө, түз бычылган.
23. Көйнөк (блузка) ак түстө, узун жеңдери менен, жакасы кайырма жана тике турат, төш чөнтөктөрү клапандары менен, бүтүн шырылган куру бар. Алды жагы ылдыйга чейин тилик жана таноо менен, аркасы кокетка менен. Жеңдери узун тилик жана тигилген манжеттери менен. Көйнөктүн алды, клапандар, бели топчуга топчуланат.
24. Көйнөк (блузка) ак түстө кыска жеңдери менен. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандар менен.
25. Тумак кадимки каракөлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат.
26. Пилотка костюмдун түсүнө түспөлдөш жарым жүндүү, ортоңку алды жагында белгиленген үлгүдөгү кокарда тагылат.
27. Галстук күңүрт жашыл түстө.
28. Кашне ак түстө.
29. Кур булгаарыдан, кара түстө.
30. Өтүк кара түстө, жылууланган, булгаарыдан, кышкы.
31. Туфли кара түстө кадимки булгаарыдан.
4. Эркектер үчүн күнүмдүк форманын комплекти
32. Эркектер үчүн күнүмдүк форманын комплекти плащтан, курткадан, пиджактан жана шымдан, жеңи узун көк көйнөктөн, жеңи кыска көк көйнөктөн, шапкеден, фуражкадан, галстуктан, кашнеден, курдан, өтүкчөдөн, батинкеден жана туфлиден турат.
33. Резиналаштырылган плащ жүн, күңүрт жашыл түстөгү эки катмар кездемеден жасалат, куру бар, жакасы кайырма. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органына таандыгынын шеврону тигилет.
34. Куртка күңүрт көк түстөгү суу өтпөгөн кездемеден, "сыдырмасы", капюшону менен, үстүнө капталган чөнтөктөрү менен, капталдагы чөнтөктөрү - түз жайгашкан, кесилген сыяктуу, клапаны менен. Куртканын ичилиги бар. Куртканын белин бойлой кулиса боосу бар. Капюшон жана ичилиги - синтепондон, топчуларга топчуланат.
35. Пиджак зымырыт жашыл түстөгү жарым жүндүү кездемеден жасалат, денеге жарым кыналган силуэтте, бир жакка кымтылама, алтын түстөгү аноддолгон алюминийден төрт формалык топчуларга топчуланат, кайырма жакасы жана лацканы менен. Жеңдердин учтары кайрылган, эки катар тигилген. Сол жеңиндеги белги - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органына таандыгынын шеврону.
Капталдагы чөнтөктөрү - түз жайгашкан, кесилген сыяктуу, клапаны менен.
36. Шымдар түз, багалеги сыртка кайырма, капталдагы тигилиши боюнча - жашыл түстөгү милте, анын четтерин бойлой жазысы 2 сантиметр жашыл түстөгү лампастар.
37. Көйнөк узун жеңдүү көк түстө. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңдери бир топчуга топчулануучу тигилген манжеттери менен.
38. Көк түстөгү жеңдери кыска көйнөк. Пахта кездемесинен жасалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
39. Шапке кадимки каракөлдөн. Ортосунда алдыңкы жагында кокарда тагылат.
40. Фуражка күңүрт көк түстө, формалык костюм тигилген кездемеден даярдалат. Ал сүйрү формадагы төбөсүнөн жана төрт капталынан, жашыл түстөгү баркыт кырынан жана маңдайкы калканычтан турат. Төбөсүнүн кырына жана кырынын өйдөкү жээгине жашыл түстөгү кант бастырылат. Фуражканын алдыңкы кырына кокарда тагылат. Калканыч жогору жагынан кара лакталган булгаары менен тартылган, ылдый жагынан кара түстөгү замшы же жүн кездеме менен тартылган. Калканычтын үстүнөн кырына эки формалык топчуга алтын түстөгү өрүлгөн боо топчуланат.
41. Кепка - сүйрү, костюмдун түсүнө өңдөш жарым жүндүү кездемеден жасалат, арткы бөлүгү алды жагынан бийик болот. Алдыңкы жагындагы курамасы 3 см болот, калканчасы 3 тилкелүү. Бардык деталдары формасын кармап туруу үчүн флизилин менен чапталат.
42. Галстук зымырыт-жашыл түстө болот.
43. Кара түстөгү моюн орогуч.
44. Кара түстөгү булгаарыдан жасалган бел куру.
45. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү кончу кыска жылуу өтүктөр, кышкы.
46. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү жылуу батинкелер.
47. Накта булгаарыдан жасалган кара түстөгү туфли.
5. Аялдар үчүн күнүмдүк форманын комплекти
48. Аялдар үчүн күнүмдүк форманын комплектине плащ, пиджак жана шым же юбка, узун жеңдүү көк көйнөк (блузка), кыска жеңдүү көк көйнөк (блузка), тумак, пилотка, галстук, моюн орогуч, кур, өтүк, батинке жана туфли кирет.
49. Резиналанган кездемеден плащ күңүрт жашыл түстөгү катмарланган жүндүү кездемеден даярдалат. Сол жеңине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органдарына таандык шеврон тигилет.
50. Пиджак зымырыт-жашыл түстүү, бир жакка кымтылама ичилиги менен жарым кыналган формада, жарым жүндүү кездемеден даярдалат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин элементинин сүрөтү менен алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалган формалык үч топчуга топчулана турган бүчүлүгү болот, жакасы жана өңүрү кайырма. Жеңдердин учтары кайрылган, эки катар тигилген. Сол жеңине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органдарына таандык шеврон тигилет. Капталдагы тилик чөнтөктөрү туурасынан жайгашкан, клапаны бар.
51. Шым коё берилген, түз формада, каптал тигишинде жашыл түстөгү кант бастырылган.
52. Юбка кош тигиштүү болот. Юбканын алдыңкы бөлүгүндө белден ылдый эки жеринен учтары кайрылат, арт жагындагы бөлүктө белден ылдый эки таноо тигиши болот жана ортосунда шлицасы бар. Юбка ичтелет. Юбканын узундугу тизеден ылдый. Тигилишинин ортосунда сыдырма салынган. Юбканын бели бир топчуга топчулануучу бир илмеги менен кайып тигилген.
53. Узун жеңдүү, көк түстөгү көйнөк (блузка). Пахта кездемеден даярдалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен. Жеңине бир топчуга топчулануучу манжет тигилет.
54. Кыска жеңдүү, көк түстөгү көйнөк (блузка). Пахта кездемеден даярдалат. Жакасы кайырма, төш чөнтөктөрү клапандары менен.
55. Тумак накта каракүлдөн тигилген. Алдыңкы бөлүгүнүн ортосуна кокарда кадалган.
56. Пилотка костюмдун түсүнө ылайык келген жарым жүндүү кездемеден жасалат.
57. Галстук зымырыт жашыл түстө болот.
58. Кара түстөгү моюн орогуч.
59. Кара түстөгү булгаарыдан жасалган бел куру.
60. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү жылуу өтүк, кышкы.
61. Булгаарыдан жасалган кара түстөгү батинке.
62. Накта булгаарыдан жасалган кара түстөгү туфли.
6. Атайын (талаа) формасынын комплекти
63. Атайын (талаа) формасынын комплектине костюм, талаа костюму, куртка, кепка жана бийик берцтүү батинке кирет.
64. Костюм курткадан жана шымдан турат. Куртка борбордук борттуу илмек-сыдырма менен, капталындагы тилинип жасалган сыдырмага сыдырылуучу "рамкалуу" чөнтөктөрү менен, каптамалар (жабышмалар) өңүрүнүн кокеткаларына эки тараптан тең төш чөнтөктөрүнө тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен тигилет. Сол жеңине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органдарына таандык шеврон тигилет.
Шымы түз, тигиштүү стрелкалары менен алдыңкы жактарында каптал чөнтөктөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө сыдырма орнотулган. Арт жактары таналган. Арткы оң жак капталында баракча сындуу клапаны менен тилинип жасалган чөнтөгү болот, ал текстилдүү илмекке (жабышчаак) топчуланат. Бели кайып тигилет, топчуга топчуланат. Көлөмүн жөнгө салуу үчүн бели каптал жагынан чоюлчаак тасма менен тартылган.
65. Талаа костюму куртка жана шымдан турат. Куртка топчулама-сыдырмасы менен, шамалдан коргоочу клапаны болот, жеңинин чыканак жагына суу өткөрбөөчү кездемеден калыңдап тигилет. Оң жеңинде кырынан 12 см аралыкта бекитилген үлгүдөгү жең капталмасы тигилет (мүмкүн жабышчаактары менен). Капюшондо беттин түзүлүшүнө карата жөнгө салгыч бар. Кнопкалуу клапандар менен тилинген жана капталма чөнтөктөрү бар, капталмалар (жабышчаактар) кокетканын өңүрлөрүнүн эки тарабына төш чөнтөктөрдүн үстүнө тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен тигилет.
Шымдары түз, ал суу өтпөгөн кездемеден даярдалат, тизе жагы каптамалар менен калыңдалган, шымдардын белинде жана төмөн жагында резинка бар, шымдын кошумча фиксациясы тизе жагында болот, шымдын төмөн жагында пуфта бар.
66. Куртка жарым жүндүү зымырыт жашыл түстөгү кездемеден жасалат, борбордук борттуу 4 топчуга бүчүлөнөт жана белинде 2 топчусу бар. Өңүрлөрү коштолгон "рамкалуу" үстүнкү тилкелүү чөнтөктөрү фигуралуу формадагы клапандары менен алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалган топчуларга топчуланат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементтеринин сүрөтү бар. Сол жеңине курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын органдарына таандык шеврон тигилет.
67. Куртка жарым жүндүү зымырыт жашыл түстөгү кездемеден жасалат, борбордук борттуу сыдырмага сыдырылат. Куртка ичтелген. Өңүрлөрү коштолгон "рамкалуу" үстүнкү тилкелүү чөнтөктөрү фигуралуу формадагы клапандары менен топчуга топчуланат, тийиштүү бөлүнүштүн аталыштары менен каптап тигилмелери (жабышчаак) төш чөнтөктөрүнүн үстүнө өңүрлөрүнүн кокеткаларына эки жагынан тигилет. Сол жеңине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органдарына таандык шеврон тигилет. Напогонниктери топчуланат, мүмкүн болгон варианты: чечиле турган погондорду бекитүү үчүн ийин жактагы тигиштерде өткөргүчтөр жайгашкан, ийин тигиштерине перпендикулярдуу кылып эки тилинбеген түйүндөр оролгон. Сол жактагы өңүрүнүн ичилигинде баракча менен ички чөнтөгү бар. Каптал чөнтөктөрү сыдырылат.
68. Куртка күңүрт көк түстөгү суу өткөрбөөчү кездемеден борбордук борттуу сыдырма топчулама менен болот. Тийиштүү бөлүнүштүн аталышы менен капталмалар (жабышчаактар) төш чөнтөктөрдүн үстүнө эки тарабынан кокетканын өңүрлөрүнө тигилет. Сол жеңине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын органдарына таандык шеврон тигилет. Чечилме погондорду бекитүү үчүн ийиндеги тигиштерге өткөктөр жайгаштырылган. Каптал чөнтөктөрү сыдырмага сыдырылат.
69. Кепка - сүйрү, костюмдун түсүнө өңдөш жарым жүндүү кездемеден жасалат, арткы бөлүгү алды жагынан бийик болот. Алдыңкы жагындагы курамасы 3 см болот, калканчысы 3 тигиштүү. Бардык деталдары формасын кармап туруу үчүн флизилин менен чапталган.
70. Бийик берцтүү, өңү кара, жылуу, кышкы батинке.
71. Бийик берцтүү, өңү кара, жаз-күз кийилүүчү батинке.
7. Айырмалоо белгилерин сыпаттоо
72. Жең белги - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органына таандык шеврону кочкул көк түстөгү стилденген калкан түрүндөгү, төмөндү көздөй сүйрү болуп ичкерген жана төмөнкү чекитинде 134 градустагы туюк бурчту түзгөн белгини билдирет. Шеврондун эни - 70 мм, узундугу төмөнкү чекитке чейин - 82 мм.
Шеврондо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын жашыл түстөгү эмблемасы тартылган, эмблеманын алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин элементи (түндүк) менен эни 8 мм болгон кызыл түстөгү лентасы бар - борборунда жана капталдарында желбиреген ленталары бар. Шеврондо кыргыз тилинде жазылган сары түстөгү жазуу бар: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы". Шеврон периметри боюнча эни 1 мм сары түстөгү сызыкча менен жана ички тегереги боюнча кыргыздын улуттук орнаменттеринин элементтери менен шеврондун кырынан 2 мм аралыкта курчалган. Шеврон резиналуу, жердиги кездеме материалдан штамптоо ыкмасы менен түстүү полимер материалдардан жасалат. Ошондой эле ал тигилиши да мүмкүн.
Шеврон сырткы кийимдин сол жеңинин ортосуна, ийинден шеврондун үстүнкү кырына чейин 12 см аралыкта тагылат.
73. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасында бир жагынан ийне жалбырактуулар түрүнүн (бир жылдык өскөн) үч тарамдалган бутактары жана экинчи жагынан бир бутакта өсүүчү жалбырактуу дарактардын жалбырактары (токой жаңгагы) сүрөттөлгөн. Бири борбордук жана экөө капталында 45 градустагы бурч менен эки тарапка кетет. Бутактардын узундугу 15 мм, эни - 5 мм.
Эмблема алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалат жана формалык кийимдердин погондоруна бекитилет.
74. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кокардасы сүйрү формада болот, ийне жалбырактуулардын бутактары менен венок сымал капталган жана алтын түстөгү аноддолгон алюминийден жасалат. Анын борборуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Арт жагы тегиз, папахага жана накта каракүлдөн тигилген тумакка, фуражкага, формалуу кепкага кокарда бекитилүүчүсү бар.
75. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын төш белгиси стилденген күңүрт көк түстөгү калкан түрүндө, төрт бурчтуу формада, мамлекеттик тилде жазылган "Мамлекеттик токой коргоо".
76. Ийин погондору созулган алты бурчтук, узун параллелдүү жактары менен болот. Погондордун узундугу 13-14-см, жердиги жашыл түстө, погондордун талаасы жашыл түстөгү тилкелери менен күңүрт көк түстө болот. Погондорго токой чарбасынын эмблемасы погондун төмөнкү кырынан 110 мм аралыкта бекитилет.
Параддык погондор: жашыл тилкелүү алтын түстөгү лента, жердиги жашыл. Жогорку жетекчиликтин форма кийиминин пиджагынын жакасынын кырларына алтындалган ичке жип менен сайылган лаврдын бутагы тигилет.
Айырмалоо белгилеринин таблицасы
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык айырмалоо белгилери |
1 | 2 | 3 |
1 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органынын жетекчилери; - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери | Погондун үстү жагына алтын жалатылган жип менен тутам болуп бекитилген лавр бутакчалары менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы эмблемасы сайылган. Эмблеманын төмөнкү кырынан погондун төмөнкү кырына чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү кырынан 40 мм аралыкта алтындалган жип менен диаметри 32 мм болгон томпок беш учтуу жылдыз сайылган |
2 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери; - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы токой чарбасы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары | Погондун бетине эки көрүнүштүү туташ жана көрүнүштөрдүн ортосуна диаметри 20 мм болгон үч алтын жалатылган томпок бешбурчтуу жылдызчалар бекитилет. Жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы органынын эмблемасы бекитилет. Погондун төмөнкү кырынан 2 жылдызчанын борборуна чейин 38 мм, погондун төмөнкү кырынан ортодогу жылдызчага чейин - 70 мм, погондун төмөнкү кырынан эмблеманын төмөнкү кырына чейинки аралык - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
3 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарлары; - токой чарбаларынын директорлору | Погондун үстүндө эки көрүнүш бар, жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Диаметри 20 мм болгон алтын жалатылган 2 (эки) томпок жылдызча бекитилет. Погондун төмөнкү кырынан биринчи жылдызчага чейинки аралык - 43 мм, жылдызчалардын арасы - 40 мм. Погондун төмөнкү кырынан токой чарбасынын эмблемасынын төмөнкү кырына чейинки аралык - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
4 | Аймактык башкармалыктардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери; - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын башкы адистери; - токой чарбаларынын директорлорунун орун басарлары | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Ортосунда диаметри 20 мм бир беш учтуу жылдызча бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 61 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетектөөчү адистери: - токой чарбаларынын бардык категориядагы инженерлери; - улук аңчылар; - улук егерлер | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден төрт беш учтуу диаметри 15 мм жылдызчалар бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен 2 жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 38 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
6 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын адистери: - токой чарбаларынын токойчулары; - участоктордун начальниктери; - илимий кызматкерлер; - аңчылар | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондо алтын түстөгү аноддолгон алюминийден үч беш учтуу диаметри 15 мм жылдызчалар бекитилет. Погондун ылдыйкы четинен 2 жылдызчанын ортосуна чейинки аралык - 38 мм, погондун ылдыйкы четинен ортоңку жылдызчага - 70 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четине чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүш жок |
7 | Токойчунун жардамчылары | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондун бетинин ылдыйкы жагында диаметри 15 мм эки беш учтуу жылдызча параллелдүү жайгашкан. Погондун ылдыйкы четинен жылдызчалардын ортосуна чейинки аралык - 30 мм, жылдызчалардын ортосундагы аралык - 30 мм, погондун ылдыйкы четинен эмблеманын ылдыйкы четинен чейин - 110 мм. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
8 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын токой устасы жана техник-токойчу адиси | Погондун бетинде бир көрүнүш. Үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет. Погондун бетинин орто жагында диаметри 15 мм бир беш учтуу жылдызча жайгашкан. Талаа погондорунда көрүнүштөр жок |
9 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын токойчулары жана егерлери. | Погондун бети күңүрт көк түстө, үстү жагына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын эмблемасы бекитилет |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин айырмалоо белгилери менен формалык кийимдерин кийип жүрүү тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 75-беренесине ылайык иштелип чыкты.
2. Кызмат учурунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлери ээлеген кызматына жараша формалык кийимди кийип жүрүшөт.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы мамлекеттик органынын кызматкерлери үчүн өкүлдүк (параддык), күнүмдүк жана атайын (талаа) формалык кийими бекитилген. Күндөлүк жана талаа формалык кийимдери жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
4. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) салтанаттуу иш-чараларда, расмий кабыл алууларда, ошондой эле майрам күндөрүндө - параддык форма;
2) күнүмдүк кызматтык милдеттерди аткарууда - күндөлүк форма;
3) талаа шартында иштерди аткарууга байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - атайын (талаа) форма.
5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) формалык кийимдин нерселерин, ошондой эле формалык жана жарандык кийимди аралаштырууга;
2) бекитилбеген үлгүдөгү айырмалоо белгилери менен формалык кийимди кийип жүрүүгө;
3) каралгандан тышкары, башка түстөгү өкүлдүк (параддык) форманын көйнөгүн кийип жүрүүгө.
6. Шапке, фуражка, пилотка, кепи түз кийилет, кыйшайбайт, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
7. Плащ кур менен курчалып кийилет.
8. Пальто, плащ, параддык пиджак, күнүмдүк пиджак бардык топчуларга топчуланат.
9. Бардык курткалар бүт топчуларына топчуланып кийилет.
10. Өкүлдүк (параддык) жана күндөлүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
11. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
12. Кашне пальтонун, куртканын, плащтын жакасына кымтыланып кийилет.
13. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
14. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын “23” октябрындагы
№ 382-НИ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөлүшү жана айырмалоо белгилери
1. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин форма кийимдери 4 комплекттен турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык;
- лабораториялык (атайын кийим).
2. Сый жана күнүмдүк комплекттеги кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы пальто;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- моюн орогуч;
- мээлей;
- плащ;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- жазгы-күзгү күрмө;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим;
- шым.
Сый комплектидеги көйнөк, мээлей жана моюн орогуч ак түстө болот.
Жазгы-күзгү күрмө күнүмдүк комплектке гана кирет.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде - фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Лабораториялык комплект (атайын кийим) лабораториялардын адистери үчүн арналып, топу, халат, мээлей жана бахиладан (ак, көгүлтүр түстөгү) турат.
5. Кышкы пальто.
Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү формалык алты топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Кенже, улук жана башкы кызматтык наамдары бар адамдар үчүн пальто кочкул-боз түстөгү драптан тигилет.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет.
Жакасы каракүлдөн, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалат.
Кызматкер аялдар үчүн пальто - денеге жарым-жартылай кынама, бир тарапка кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуга топчуланат.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар, жогорку административдик жана саясый кызматтагы кызматкер аялдар үчүн пальто боз түстөгү кездемеден - денеге жарым-жартылай кынама, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынып тигилет. Жакасы кайырма, жаканын жогору бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеталарына каракүл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык алты топчуга топчуланат.
6. Кышкы бут кийим.
Өтүк мех менен ичтелип, кара булгаарыдан ултарылып, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынат.
7. Плащ.
Плащ кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчуланып, бир тараптуу кымтыланма, ичилик салынат, тогоосу бар кур менен курчалат. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу. Өңүрлөрү кокеткалуу кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиши дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген тогоого топчуланат.
8. Жазгы-күзгү күрмө.
Жазгы-күзгү күрмө кочкул боз түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө бел боо бар. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсүнө, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
9. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, кочкул-көк түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүндөгү үстүңкү тигиштерине эни 5-6 см. болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген.
Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдарга гана берилет.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясий кызматтардагы кызматкер аялдар үчүн боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
10. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул боз түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган, бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул боз түстөгү ноотудан тигилген беретка даярдалат.
11. Мээлей.
Мээлей ичине мех салынып, кара булгаарыдан тигилет.
12. Моюн орогуч.
Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
13. Фуражка.
Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул-боз кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдайкы кыры кара, лакталган.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат.
Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул боз түстөгү кочкул-жашыл милтеси бар тегерек формадагы шапочка (беретка, пилотка) берилет.
14. Күндө кийилүүчү китель-шым.
Китель бир жагына кымтыланма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, денеге жарым-жартылай кынама бычылып, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилиги бар, кайырма жака жана жеңдери демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана кыюуланган тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн - топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку жана саясый кызматтагы адамдар үчүн китель боз түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу кочкул жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз түз тигилген, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.
15. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул боз түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана этеги тилик, ичилик салынган жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
16. Жайкы китель.
Жайкы китель күндө кийилүүчү кителдей эле шымы менен, кочкул боз түстөгү кездемеден тигилет.
17. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк кочкул боз түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, кочкул жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, "бант" бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
18. Аялдардын жайкы костюму шымы менен.
Жайкы костюм кочкул-боз түстүү кездемеден тигилип, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жакка кымтыланма жакеттен турат, орнотулма кыска жеңдүү, кайрылган жең учуна кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине кочкул жашыл түстөгү милте бастырылган.
19. Күрмө.
Күрмө кочкул боз түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана "беттеме" бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учанын ортосунда тигиши бар, кокетка салынган. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел куру Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
20. Сырткы көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөккө манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды жагы, капкалдырыктары жана бел куру топчуга топчуланат.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
21. Жагоо.
Жагоо жашыл түстөгү жибек кездемеден, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп тигилет.
22. Туфли.
Туфли кара түстө болот.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн булгаары таман салынып шевродон; кенже, улук жана башкы кызматтагы класстык чени бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстө, анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
23. Бийик кончтуу батинке. Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн кара түстө, боосу менен болот.
2. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
24. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар жогорку административдик жана саясый кызматтагы адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
25. Эмблема.
Эмблема алтын түстүү металлдан туташ куюлуп жасалат, контурдун дал ортосуна "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти" деген жазуусу бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
26. Төш белги.
Төш белги кызыл боёктун элементтери бар алюминийден жасалган, тегерек сфералык (томпок) формага жана кызматкердин жеке номерине ээ.
27. Жеңдеги белги.
Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөт түшүрүлөт.
28. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын-жашыл, изумруд-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
29. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылчу погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак кездемеден, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см., мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см., башкы кызматтан кенже кызматка чейин класстык чени бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы кочкул жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш түстө же ак түстө болот.
30. Административдик кызматтагы адамдар үчүн погондор.
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чини бар жетекчилердин погондорунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен тигилген диаметри 25 мм. болгон беш бурчтуу 3, 2 жана 1 жылдызча тигилет.
31. Башкы административдик кызматтагы мамлекеттик кызматчылардын погондору.
Өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматкердин погонунун талаасында:
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет;
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм. болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет;
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм. болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
32. Кенже жана улук административдик кызматтагы мамлекеттик кызматкердин погондору.
Нооту капталган кочкул көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматкердин погонунун талаасында:
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет;
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкерлердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик кызматкердин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм. болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Саясий, жогорку административдик жана башкы административдик кызматтагы адамдар үчүн параддык погондор алтын түстөгү волокадан жасалат.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынынь Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлерин айырмалоо белгилери менен формалык кийимдерин кийип жүрүү тартибин аныктайт.
2. Кызмат учурунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша формалык кийимди кийип жүрүшөт.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери үчүн өкүлдүк (параддык), күнүмдүк жана атайын (талаа) формалык кийими бекитилген. Күндөлүк жана талаа формалык кийимдери жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
4. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) салтанаттуу иш-чараларда, расмий кабыл алууларда, ошондой эле майрам күндөрүндө - параддык форма;
2) күнүмдүк кызматтык милдеттерди аткарууда - күндөлүк форма;
3) талаа шартында иштерди аткарууга байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - атайын (талаа) форма.
5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) формалык кийимдин нерселерин, ошондой эле формалык жана жарандык кийимди аралаштырууга;
2) бекитилбеген үлгүдөгү айырмалоо белгилери менен формалык кийимди кийип жүрүүгө;
3) каралгандан тышкары, башка түстөгү өкүлдүк (параддык) форманын көйнөгүн кийип жүрүүгө.
6. Шапке, фуражка, пилотка, кепи түз кийилет, кыйшайбайт, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
7. Плащ кур менен курчалып кийилет.
8. Пальто, плащ, параддык пиджак, күнүмдүк пиджак бардык топчуларга топчуланат.
9. Бардык курткалар бүт топчуларына топчуланып кийилет.
10. Өкүлдүк (параддык) жана күндөлүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
11. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
12. Кашне пальтонун, куртканын, плащтын жакасына кымтыланып кийилет.
13. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
14. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын “23” октябрындагы
№ 382-НИ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөлүшү жана айырмалоо белгилери
I. Форма кийимдеринин сүрөттөлүшү
1. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын кызматкерлеринин (мындан ары – Кызматтын кызматкерлери) форма кийимдери төмөнкүдөй үч комплектиден турат:
- сый кийим;
- күнүмдүк;
- талаачылык.
2. Сый кийим жана күнүмдүк комплектиге төмөнкүлөр кирет:
- кышкы бушлат;
- бапак;
- кулакчындуу тумак;
- фуражка;
- пилотка (кепка);
- китель;
- узун жана кыска жеңдүү көйнөктөр;
- шым;
- кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы бут кийим.
3. Талаачылык комплектиге камуфляж кирет, ал бушлаттан, күрмөдөн, шымдан жана кончу бийик батинкеден турат.
Жылдын кыш мезгилинде бапак, кулакчындуу тумак жана кышкы бут кийим, жай мезгилинде - фуражка, пилотка жана кепка (панама) пайдаланылат.
4. Кышкы бушлат.
Кышкы бушлат капюшону бар күрмөдөн, ылдый түктүү жакадан - жылуу астары бар кош төш курткадан турат. Бушлат колдун жана дененин кыймылы үчүн эркин тигилип, белде аркасында өрүм менен бириктирилет. Эреже катары, жака, бурулуп, жумшак, кездеме менен капталат. Пиджак күрмө сыдырма жана жел өткөрбөй турган пластинка менен катылган топчу менен бекитилет. Ал клапандары бар төрт тышкы сыйымдуулук чөнтөктөрү жана баскыч менен бекитилген бир сыр менен толукталган.
5. Кышкы бут кийим.
Өтүк, мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
6. Бапак.
Бапак кесилген конус түрүндөгү алкактан жана алкактын үстүңкү кырынан 4 см чыгып турган калпактан (төбөдөн) турат. Алкагы боз түстөгү накта каракүлдөн жасалат. Калпак төрт талаадан туруп, ачык боз түстөгү ноотудан тигилет. Төбөсүнүн үстү жагындагы тигиштерине эни 5-6 см болгон алтын түстөгү тасма кайчылаш бастыра тигилген. Бапактын алкагынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
Эркектер үчүн бапак жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдарга гана берилет.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар Кызматтын кызматкерлери аялдар үчүн жана ачык боз түстөгү накта каракүлдөн беретка берилет.
7. Кулакчындуу тумак.
Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) ачык көк түстөгү каракүлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул ачык көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
8. Фуражка.
Фуражка жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул ачык көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара, лакталган.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же ачык көк түстө болот.
Аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же ачык көк түстөгү көк-жашыл милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
9. Күндө кийилүүчү кител-шым.
Күнүмдүк китель ачык көк түстөгү костюм кездемеден, капталындагы топчу жапкычтуу жамаачы чөнтөктөрү менен тигилет. Кительдин "Чагылган" борбордук бекиткичи болот. Айлануучу жака. Жакасы, пластинкасы, жеңи, чөнтөктөрү жана жапкычтары акыркы тикме менен кооздолгон.
Бир жагына кымтыланма сый кийим кители Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн - китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн - топчулук сол жагында болот.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн китель кочкул ачык көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматтын кызматкерлери аялдар үчүн топчулук сол жагында. Жогорку атайын наамдары бар адамдар ачык көк түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги кое берилип, манжетсиз тигилген, улук жана орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте бастырылган. Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматтын кызматкерлери аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.
10. Аялдардын кители жана юбкасы.
Аялдар үчүн китель жана юбка ачык көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
11. Жайкы көйнөк.
Жайкы көйнөк ачык көк түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, көк жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, "бант" бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
12. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же ачык көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөк манжета салынып, ачык көк же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же ачык көк түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү ачык көк же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматтын кызматкерлери аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
13. Жагоо.
Жагоо кочкул көк түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
14. Туфли.
Туфли кара же каралжын күрөң түстө болот.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар жана 1-класстагы мамлекеттик эмгек инспектору үчүн булгаары таман салынып шаврадан; улук жана кенже курамдагы атайын наамдары бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматтын кызматкерлери аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
15. Бийик кончтуу батинке.
Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн боосу менен кара түстө болот.
II. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
16. Баш кийимдеги кокарда.
Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Жогорку курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
17. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү.
Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
18. Эмблема.
Эмблема көгүлтүр-жашыл түстүү, туташ куюлуп жасалат. Эмблеманын түзүлүшү тегерек формасында жана көгүлтүр-жашыл түстүү. Тегеректин ичинде алтын түстөгү сегиз жылдызчалуу, калканча түрүндөгү рельефтүү контурду элестетет, контурдун дал ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби жайгаштырылган. Тегеректин сырткы көк түстөгү шакекчесинин ичинде, жогорусунда мамлекеттик тилде "Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат” жана төмөнүндө расмий тилде “Служба по земельному и водному надзору” деген жазуулары бар. Ал жазууларды, тең ортосунан чекит формасындагы эки тоголок белгилери бөлүп турат. Сырткы көк түстөгү шакекче менен алтын түстөгү контурдун ортосун, артындагы жашыл түстөгү фон бөлүп турат.
19. Жеңдеги белги.
Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн көгүлтүр-жашыл, ак жана көгүлтүр түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен Кызматтын эмблемасынын сүрөттөлүшү түшүрүлөт.
20. Топчулар.
Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
21. Ийинге тагылма погондор.
Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см, башкыдан кенже кызмат орундарына чейинки атайын наамдары бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул кара көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - ак түстө болот.
22. Жогорку кызмат орундарындагы Кызматтын кызматкерлерилордун погондору.
Өзгөчө токулган кара боз түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун, Кыргыз Республикасынын Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 1 жылдызча тигилет.
23. Башкы кызмат орундарындагы Кызматтын кызматкерлерилордун погондору.
Нооту капталган кара көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү эки жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
24. Кенже жана улук кызмат орундарындагы Кызматтын кызматкерлерилордун погондору.
Нооту капталган кара көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар Кызматтын кызматкерлериунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Жогорку, улук, орто курамдагы атайын наамдары бар адамдар үчүн параддык погондор алтын түстүү волокадан жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийип жүрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул эрежелер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары - Жерсуукөзөмөл кызматы) кызматкерлеринин айырмалоо белгилери менен формалык кийимдерин кийип жүрүү тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Жерсуукөзөмөл кызматынын Жобосунун 16 пунктуна ылайык иштелип чыкты.
2. Кызмат учурунда Жерсуукөзөмөл кызматынын кызматкерлери ээлеген кызматына жараша формалык кийимди кийип жүрүшөт.
3. Жерсуукөзөмөл кызматынын кызматкерлери үчүн өкүлдүк (параддык), күнүмдүк жана талаа формалык кийими бекитилген. Күндөлүк жана талаа формалык кийимдери жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
4. Жерсуукөзөмөл кызматынын кызматкерлери жумуш убактысында ыйгарылган класстык ченге ылайык белгиленген форманы кийүүгө милдеттүү.
5. Формалык кийим төмөнкү учурларда кийилет:
1) салтанаттуу иш-чараларда, расмий кабыл алууларда, ошондой эле майрам күндөрүндө - параддык форма;
2) күнүмдүк кызматтык милдеттерди аткарууда - күндөлүк форма;
3) талаа шартында иштерди аткарууга байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда жана атайын иш-чараларды өткөрүүдө - атайын (талаа) форма.
6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) формалык кийимдин нерселерин, ошондой эле формалык жана жарандык кийимди аралаштырууга;
2) бекитилбеген үлгүдөгү айырмалоо белгилери менен формалык кийимди кийип жүрүүгө;
3) каралгандан тышкары, башка түстөгү форманын көйнөгүн кийип жүрүүгө.
7. Кийилүүчү кийимдер белгиленген үлгүлөргө жана сыпаттамаларга ылайык келүүгө жана кемчиликсиз абалда сакталууга тийиш.
8. Төмөнкүлөрдү кийүүгө тыюу салынат:
- деформацияланган жана булганган погондору бар өңү өчүп калган жана үтүктөлбөгөн формалар;
- өчкөн жана кирдеген галстуктар;
- үстүнкү бөлүгү бузулган бут кийим, эски согончогу же үстү оролгон, же булганган бут кийим.
9. Шапке, фуражка, пилотка, кепка түз кийилет, кыйшайбайт, алардын алдыңкы кыры каштан бир-эки манжанын эниндей болушу керек, фуражканын, кепканын калканчылары каштын деңгээлинде. Эмблема орто ченде, чекенин үстүндө болушу керек.
10. Формалык кийимдердин бардык сырт кийимдери бүт топчуларына топчуланып кийилет.
11. Өкүлдүк (параддык) жана күндөлүк форма галстук менен кийилет, галстук көйнөктүн үчүнчү жана төртүнчү топчуларынын аралыгына кыпчыгыч менен көйнөккө бекитилет.
12. Бут кийим ар дайым таза жана бооланган болушу керек.
13. Өкүлдүк (параддык) формалык кийимде Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы өзгөчөлүк белгилери - медалдар жана ордендер тагылып кийилет.
14. Күндөлүк формалык кийимде сыйлыктардын символдору (планкалар) жана башка айырмалоо белгилери тагылат.