Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУГУ
2023-жылдын 23-октябры № 382-НИ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийип жүрүү, сүрөттөп жазуу жана айырмалоо белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүүсүн тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомдорун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жаратылыш ресурстары башкармалыгынын жана Реалдуу сектор башкармалыгынын ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөмөлөрү жана айырмалоо белгилери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөмөлөрү жана айырмалоо белгилери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматтын ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөмөлөрү жана айырмалоо белгилери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменттин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөмөлөрү жана айырмалоо белгилери 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелери, сүрөттөмөлөрү жана айырмалоо белгилери 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2-ДП “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин кызматкерлеринин формалык кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Коомчулук менен байланыш бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралында № 117 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жаратылыш ресурстар башкармалыгы, Реалдуу сектор башкармалыгы менен биргелешип:
– ушул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө расмий жарыялангандан кийин аны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– буйрук күчүнө киргенден кийин буйруктун көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн финансы-экономикалык кызматтары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин тиешелүү түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүн форма кийим менен камсыз кылуу үчүн финансы каражаттарын карасын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | А.С.Джаныбеков |