Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 13-7 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 17-ноябры № 01-13/235
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, жашыл энергетикага инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана кайра жаралуучу энергетиканын инвестициялык долбоорлорунун рентабелдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 19-пунктун, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөө методикасы бекитилсин.
2. Энергетикалык натыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.а. | Н.Ж. Усенова |
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 01-13/235 буйругуна тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн
МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөнүн ушул методикасы (мындан ары – Методика) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоочу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди белгилөөдө бирдиктүү ыкманы түзүү максатында иштелип чыккан.
2. Бул Методика отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына, анын ичинде суунун, күндүн, биомассанын, шамалдын жана жердин энергиясын пайдалануучу «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Методикага ылайык тарифтерди белгилөөнүн тартибин аныктайт.
3. Ушул Методикага ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча иштетүүгө жаңыдан берилген объекттер үчүн тарифтер салыктар эске алынбастан белгиленет.
2. Тарифтерди эсептөө
4. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор иштеп чыгаруучу электр энергиясына тариф төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Тk - коэффициентти эске алуу менен электр энергиясына тарифтин чоңдугу;
Т - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыккан электр энергиясына тариф;
k - орнотуунун ар бир түрү боюнча коэффициент:
- суунун энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- биомассанын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент1,3кө барабар;
- шамалдын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- күн энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
- жер энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар.
3. Чет өлкө валютасынын курсунун өзгөрүүсүнө тарифтерди кайра кароо
5. ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тариф төмөнкү формула боюнча кайра каралат:
мында:
Тi- белгиленүүчү тарифтин чоңдугу (сом/кВт.с);
Тk - коэффициентти эске алуу менен электр энергиясына тарифтин чоңдугу;
- ER1 - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган расмий курс боюнча эсептелүүчү өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, Россия рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун орточо арифметикалык чоңдугу;
- ER2 - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган расмий курс боюнча эсептелүүчү өткөн жылдан мурунку жыл үчүн АКШ долларына, Россия рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун орточо арифметикалык чоңдугу.
Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, Россия рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун орточо арифметикалык чоңдугу төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- ER - Кыргыз Республикасынын сомунун АКШ долларына, Россия рублине, кытай юанына, еврого карата курсунун бир жылдагы орточо арифметикалык чоңдугу;
∑ - жыйынтыктоо саны;
- 1-январдан 31-декабрга чейинки эсептешүү жылынын аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланган АКШ долларына, Россия рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун күндөлүк чоңдугу;
DY - эсептелген жылдагы күндөрдүн саны.
4. Тарифтерди белгилөөнүн жана кайра кароонун тартиби
6. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Методикага ылайык ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилдеги колдонуу мөөнөтүнө ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтерди белгилейт.
7. Тарифтерди кайра кароо отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын АКШ долларына, орус рублине, кытай юанына, еврого карата Кыргыз Республикасынын сомунун курсунун өзгөрүшүн мүнөздөгөн расмий маалыматтары боюнча жүзөгө ашырылат.