Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-майы № 71
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 718-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "Стандарттар жана метрология улуттук институту" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 5-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "авторизациялоо," деген сөз алып салынсын.
4. 6-статьянын 2-бөлүгүндө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 7-статьянын 2-бөлүгүндө "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө; "белгилейт" деген сөз "бекитет" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Ченөө каражаттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
7. 9-статьяда:
2-бөлүктө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган белгилейт" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктө "көрсөтүлгөн иштерге авторизациялоону" деген сөздөр "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүктө "типти бекитүү тууралуу сертификат" деген сөздөр "белгиленген формадагы документ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 10-статьяда:
2-бөлүктө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктө "көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө авторизацияланган" деген сөздөр "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-бөлүктө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 11-статьяда:
1-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүктө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган белгилеген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктө "сертификат" деген сөз "белгиленген формадагы документ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 12-статьянын 2-бөлүгүндө "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 13 жана 14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары
тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же)
текшерүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана
(же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү
Ченөө каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча текшерүү жана калибрлөө лабораториялары жок болгон учурда, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарына ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында (мындан ары - тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында) ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү укугун берүүгө жол берилет.
Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактар билдирилген ишмердиктер жагында ченөө каражаттарын жасоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо ишин жүргүзбөөгө тийиш.
Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактардын бул ишмердик үчүн зарыл болгон төмөнкү шарттары болууга тийиш:
- пайдаланылуучу эталондорунун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу;
- тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн жабдуулар жана жайлар;
- эч кимге жан тартпаган квалификациялуу кызматкерлердин болушу;
- бул ишмердикти жүзөгө ашырып жаткан адамдардын белгиленген метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди сакташы.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү, чечимди кайра чакыртып алуу максатында юридикалык жактарга сыноолорду жүргүзүүгө укук берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
14-статья. Ченөө каражаттарын жасоону, оңдоону жана сатууну жүзөгө
ашыруучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди
каттоо
Ченөө каражаттарын жасоо, оңдоо жана сатуу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишин каттоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Каттоо метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |