Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-августу № 164
Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
а) экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацта "белгиленген" деген сөз "каралган" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындан тышкары, Тартип уставынын жоболору аскердик кийим формасын кийип жүрүүгө укугу бар запастагы же отставкадагы аскер кызматчыларына алар аскердик кийим формасын кийип жүргөндө жайылтылат.";
2) 6-пункттун сегизинчи абзацында "жана (же) жоруктарды" деген сөздөр "жана (же) укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-пункттун төртүнчү абзацында "жана (же) жоруктар" деген сөздөр "жана (же) укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын зардалдары жана аларга теңештирилгендер аскер кызматчыларына карата бирикменин командиринин тартиптик бийлигине ээ.
16. Аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин орун басарлары мындай мамлекеттик органдардын жетекчилерине караганда бир баскычка төмөн тартиптик бийликке ээ.
17. Аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери аскер кызматчыларына карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартиптик бийликке ээ.";
5) 21-пунктта "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
6) 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 32-пункттун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) ведомстволук сыйлыктар, баалуу (анын ичинде энчилүү) белектер менен же акчалай сыйлоо;";
8) 36-пунктта "Кыргыз Республикасынын Коргоо министри" деген сөздөр "Аскер кызматчылары кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Тартиптик жазаларды алып салуу - кызмат ордун (аскердик наамын) төмөндөтүү төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан - кызмат орду (аскердик наамы) төмөндөтүлгөн күндөн тартып үч айдан эрте эмес, солдат жана сержант курамдарынын кызмат орундарындагы контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан - кызмат ордунан төмөндөтүлгөн күндөн тартып алты айдан эрте эмес;
- прапорщиктерден жана офицерлерден - кызмат ордунан төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес.
Тартиптик жаза - кызмат ордунан төмөндөтүү - аскер кызматчысынан анын мурдагы кызмат ордун ошол убакта калыбына келтирбестен эле алып салынышы мүмкүн.";
10) 47-пункттун үчүнчү абзацында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
11) 52-пункттун үчүнчү абзацында "бузуунун, жоруктун" деген сөздөр "укук бузуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 54-пунктта:
а) үчүнчү абзацта "Башкы" деген сөз "Генералдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) эскертүүнүн экинчи абзацында "жоруктун" деген сөз "укук бузуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 57-пункттун биринчи абзацында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
14) 65-пункттун "з" пунктчасында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
15) 73-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 78-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 82-пункттун биринчи абзацында "прапорщиктер жана офицерлер" деген сөздөр "аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 83-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"83. Запастагы жана отставкадагы аскер кызматчыларына тартиптик жаза берүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
а) кенже офицерлер курамын кошо алганда, аскер кызматчыларынын категориясына - гарнизондордун зардалдарына, аскер коменданттарына жана батальондун же полктун (бригаданын) командиринин бийлигине ээ райондук (шаардык) аскер комиссарларына;
б) улук офицерлерге - дивизиянын, бирикменин командиринин бийлигине ээ командирлерге, коргоо министринин орун басарларына;
в) жогорку офицерлерге-коргоо министрине.";
19) 84-пунктта "офицерлер менен прапорщиктер" деген сөздөр "аскер кызматчылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 87-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 89-пункттун үчүнчү абзацында "жоруктун" деген сөз "укук бузуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 97-пунктта "жоругу" деген сөз "укук бузгандыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 109-пункттун "б" пунктчасында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
24) 111-пункттун "б" пунктчасында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
25) 112-пункттун экинчи абзацында "жана старшина" деген сөздөр алып салынсын;
26) 114-пунктта "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө", "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "мамлекетке", "тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 124-пункттун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 4-тиркеменин 1-пунктунун онунчу абзацында "кызматтык күбөлүктү" деген сөздөрдөн кийин ", аскердик билетти" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын жалпы укуктарын жана милдеттерин жана алардын ортосундагы өз ара мамилелерди, бригаданын (батальондун) жана анын бөлүкчөлөрүнүн негизги кызмат адамдарынын милдеттерин, ошондой эле ички тартиптин эрежелерин аныктайт.";
2) 121-пунктта:
а) жетинчи абзацта ", соттолуучулар" деген сөз алып салынсын;
б) жыйырма үчүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Аскер кызматчылары жасаган укук бузуулары үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.";
4) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Аскер кызматчылары жасаган кылмышы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.";
5) мамлекеттик тилдеги тексттин 45, 48, 49, 52, 65, 152, 153, 235, 237, 291, 293, 301, 305, 308, 405-пункттарында жана 1-тиркеменин 5-пунктунда, 2-тиркеменин 3, 7-пункттарында, 7-тиркеменин 3-пунктунда "Какай", "Тур. Какай", "какайып", "Жай тур", "жай туруу", "Бош тур", "бош туруу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Түз тур", "Тур. Түз тур", "түз", "Эркин тур", "эркин туруу", "Эркин тур", "эркин туруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 61-пунктта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 70-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 74-пункттун алтынчы абзацында "жорук" деген сөз "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги тексттин 237-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында "Заряны" жана "Заря" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Таң Шооласын", "Таң Шооласы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 291-пункттун жетинчи абзацында "жоруктардын" жана "жорук" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "укук бузуулардын" жана "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 362-пункттун биринчи абзацында "жорук жасагандыгы үчүн жазыктык сот өндүрүшү же болбосо кызматтык иликтөө жүрүп жаткан" деген сөздөр "укук бузуу жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза сот өндүрүшү, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш же болбосо кызматтык иликтөө жүрүп жаткан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) мамлекеттик тилдеги тексттин 405-пунктунун биринчи абзацында "Заря", "Заряны", "заряны" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Таң Шооласы", "Таң Шооласын", "Таң Шооласын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) мамлекеттик тилдеги тексттин 2-тиркемесинин 7-пунктунда "флангын", "флангга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "канатын" жана "канатка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) мамлекеттик тилдеги тексттин 15-тиркемесинин 2-пунктунда "флангдары" деген сөз "канаттары" деген сөзгө алмаштырылсын.
3-берене
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 1998-жылдын 23-сентябры, № 143-150) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-пункттун экинчи абзацында "(Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына)" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 15-пунктта:
а) ар түрдүү жөндөмө жана сан формаларындагы "жорук" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 17-пунктта "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын зардалына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 20-пунктта:
б) тогузунчу абзацта "жоруктар" жана "жорук" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "укук бузуулар" жана "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин он алтынчы абзацында "күнөөлүүлөрдү" деген сөз "айыпталуучуларды" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 21-пункттун алтынчы абзацында "жана (же) жорук" деген сөздөр алып салынсын;
6) 40-пунктта ар түрдүү жөндөмө жана сан формалардагы "жорук" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 82-пунктта:
а) экинчи абзацта "мамлекеттик автомобилдик инспекциянын (МАИ)" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацта "МАИнин" деген аббревиатура "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 83-пунктта:
а) он экинчи абзацта "МАИнин органдары" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аскердик прокуратура менен так өз ара аракетти жүзөгө ашырууга, ААИнин инспекторлорунун гарнизондук патрулдар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери менен биргелешкен кезметчилигин уюштурууга.";
9) 86-пунктта:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- белгиленген тартипте аскердик бөлүктөрдүн транспорттук каражаттарынын айдоочулары (айдоочу-механиктери), аскер кызматчылары жасаган жол кыймылы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароого, же болбосо мындай эреже бузуулар жөнүндө материалдарды айыпталуучуларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселени чечүү үчүн аскердик бөлүктөрдүн тиешелүү командирлерине же мыйзамдарда каралган чараларды көрүү үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;";
б) жетинчи абзацта "МАИге" деген аббревиатура "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым уккутуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) мамлекеттик тилдеги тексттин 90-пунктунун экинчи абзацында "күнөөлүүлөр" деген сөз "айыпталуучулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) мамлекеттик тилдеги тексттин 92, 143, 193, 208-210, 213, 216, 218, 227, 308-312, 325-327, 339, 349-пункттарында "Какай", "какайып", "Кароол - КАКАЙ", "жай турган", "Жай тур" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Түз тур", "түз", "Кароол - ТҮЗ ТУР", "эркин турган", "Эркин тур" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 125-пункттун экинчи абзацында "жоруктарды" деген сөз "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 136-пунктта "жорук" деген сөз "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 4-тиркемеде "Соттоло тургандар" деген сөздөр "Айыпталуучулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 14-тиркемеде:
а) мамлекеттик тилдеги текстте ар кандай жөндөмө формаларындагы "кунөөлүү" жана "күнөөлүүлөр" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "айыпталуучу" жана "айыпталуучулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги текстте "Аскер соту" жана "аскер соту" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Сот" жана "сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-пункттун үчүнчү абзацында "жорук" деген сөз "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 15-пункттун биринчи абзацында "жорук" деген сөз "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 37-пункттан мурун "Аскер соту тарабынан соттолгон, соттолуучу, шектүү жана күнөөлүү аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо" баш аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сот тарабынан соттолгон, шектүү жана айыпталуучу аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо";
е) 37-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын мамлекеттик тилдеги текстинде "граждандардын" деген сөз "жарандардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-статьянын 3-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде:
- 4 жана 5-пункттарда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "граждандык" деген сөз "жарандык" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 7-статьянын 7-пунктта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги тексттин 1-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги тексттин III бөлүмүнүн аталышында "граждандарынын" деген сөз "жарандарынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги тексттин 9-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6 жана 7-пункттарында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги тексттин 10-статьясынын аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 12-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "Президенти" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги тексттин 13-статьясынын 2 жана 4-бөлүктөрүндө "граждандарга" жана "граждандар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жарандарга" жана "жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 15-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында", "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында", "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 16-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча тиешелүү ченемдик актылардын талаптарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө, мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) мамлекеттик тилдеги тексттин V бөлүмүнүн аталышында "граждандарын" деген сөз "жарандарын" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) мамлекеттик тилдеги 17-статьянын аталышында жана текстинде "Граждандары" деген сөз "Жарандары" деген сөзгө алмаштырылсын;
14) мамлекеттик тилдеги 18-статьянын аталышында жана текстинде "граждандар" жана "граждандык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жарандар" жана "жарандык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруудан бошотуу
Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу жоюлбаган жарандар мобилизация боюнча аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.";
16) мамлекеттик тилдеги 20-статьянын биринчи абзацында "граждандарга" деген сөз "жарандарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
17) мамлекеттик тилдеги 21-статьянын аталышында жана текстинде "Граждандарды" жана "граждандарды" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жарандарды" жана "жарандарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 22-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Граждандар", "граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Жарандар", "жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүктө "граждандык" деген сөз "жарандык" деген сөзгө алмаштырылсын;
19) мамлекеттик тилдеги 23-статьянын аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) мамлекеттик тилдеги VI бөлүмдүн аталышында "граждандарын" деген сөз "жарандарын" деген сөзгө алмаштырылсын;
21) 24-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги аталышында жана 1-бөлүктө ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандарын калтырууну (брондоону) уюштуруу жана анын тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасында аскерге милдеттүү жарандарды калтырууну (брондоону) жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.";
22) мамлекеттик тилдеги 25-статьянын аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "граждандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" деген сөзгө алмаштырылсын.
5-берене
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо
1. Аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, бажы кызматтарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы жоокерден (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;
- орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;
- улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;
- жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.
2. Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;
- улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
3. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо камтыйт.
4. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
5. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
- улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
6. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
7. Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт:
- орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда;
- улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
8. Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана - атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.";
3) 4 жана 5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Аскердик наам
Аскердик наам - бул ар бир аскер кызматчысына жана аскерге милдеттүүгө анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, аскердик жана жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрүнө, аскерлеринин же кызматынын тегине таандыгына жана жеке сиңирген эмгегине ылайык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган наам.
5-статья. Атайын наам
Атайын наам - бул ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, прокуратура органдарынын, бажы жана салык кызматтарынын аттестацияланган ар бир кызматкерине анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө жана жеке сиңирген эмгегине ылайык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган наам.";
4) 6-статьяда ", прокуратура органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
5) 10 жана 101-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар жана аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар (аскер прокуратурасынын кызматкерлерине - аскердик наамдар) ыйгарылат:
- юстициянын кенже лейтенанты;
- юстициянын лейтенанты;
- юстициянын улук лейтенанты;
- юстициянын капитаны;
- юстициянын майору;
- юстициянын подполковниги;
- юстициянын полковниги;
- юстициянын генерал-майору;
- юстициянын генерал-лейтенанты;
- юстициянын генерал-полковниги.
101-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
3. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.
4. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";
6) 11-статьянын аталышында жана биринчи абзацында ", прокуратура органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
7) 15-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 16-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) ушул Мыйзамдын тиркемесинде "Финансы полиция кызматкерлеринин атайын наамдары" графасы алып салынсын.
6-берене
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматчыларына теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамдарга камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жоокер жана сержант курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн белгиленген ээлеген кызмат орду боюнча айлык акысынын өлчөмүнө жана аскердик наамы боюнча айлык акысына жараша белгиленет.";
б) 2-пункттун тогузунчу абзацында "кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысынын, аскер жыйынына чакырылган адамдын" деген сөздөр "аскер кызматчысына жана ага теңештирилген милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруудагы адамга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын 4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "тартип уставында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык аракет кылып жаткан тендердик комиссиянын" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткан конкурстук комиссиянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын 1-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьяда "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгилерин камтыган аракети (аракетсиздиги) менен, сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда;
- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде;";
3) 8-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги 5-бөлүктүн текстинде "кылмыш-жазык" деген сөздөр "кылмыш-жаза" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 9-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аткаруу өндүрүшүнүн эрежелери боюнча" деген сөздөр "соттук тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Аскер кызматчылар тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекеттин каражаттарынын эсебинен толтурулса, алар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун мамлекетке толтуруп берет.".
8-берене
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги преамбуланын текстинин экинчи абзацында "святой" деген сөз "священный" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) экинчи абзацта "диний ынанымдарын," деген сөздөрдөн кийин "ден соолугунун абалын," деген сөздөр менен толукталсын;
б) отуз биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөрүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-берененин 2-бөлүгүнүн он экинчи абзацында "жана старшиналардын" деген сөздөр алып салынсын;
4) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "солдаттар" деген сөз "жоокерлер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктө:
- мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "солдаттар" деген сөз "жоокерлер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сержанттар - кенже сержант, сержант, улук сержант, старшина;";
5) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- алтынчы абзацта "ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылган" деген сөздөр "ошондой эле кылмыш иши боюнча айып коюлган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу - бул чараны колдонууну жокко чыгарууга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин командирдин (начальниктин) карамагында болгондо;";
- бешинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 7-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 8-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет, адистердин тизмесин жана даярдоо программасын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы аныктайт" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, адистердин тизмеги жана даярдоо программасы коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктө "медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган жарандар менен" деген сөздөр "медициналык багыттагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган жарандар, ошондой эле курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Курагы 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөр менен запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдык ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлөт.";
в) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 12-беренеде:
а) 1-бөлүктүн жетинчи абзацында "Түзөтүү мекемелерин жана соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин аскер кызматкерлерин кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери" деген сөздөр "Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тиешелүү аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде каттоого алынууга тийиш. Аларды каттоого алуу тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.";
12) 13-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
- төртүнчү абзацта "психиатр" деген сөздөн кийин ", фтизиатр" деген сөз менен толукталсын;
- расмий тилдеги бешинчи абзацта "государственной администрации" деген сөздөр "местной государственной администрации" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5 жана 7-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 14-берененин 6-бөлүгүндө "жана (же) жоруктар жөнүндө иштери" деген сөздөр алып салынсын;
14) 15-берененин 1-бөлүгүндө:
а) бешинчи абзацта "(старшиналар)" деген сөз алып салынсын;
б) алтынчы абзацта ", чек араны кайтаруу" деген сөздөр алып салынсын;
15) 16-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен аныкталат. Республикалык чакыруу комиссиясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:";
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 17-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 20-беренеде:
а) экинчи абзацта мамлекеттик чек араны кайтаруу" деген сөздөр алып салынсын;
б) үчүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 21-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки курактагы, аскердик кызмат өтөбөгөн, ошондой эле альтернативдик кызмат өтөгөн жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Запастын биринчи категориясына каттоого алынган, жогорку билими бар, курагы 30 жашка чейинки, офицердик курамдын запастагы биринчи аскердик наамын алууну каалаган аскерге милдеттүүлөр мобилизациялык резервдин жыйындарынан запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча өтүшөт.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары бүткөндө аскерге милдеттүүлөргө офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын 700 эсептик көрсөткүч суммасындагы акчалай төгүмдү республикалык бюджеттин кирешесине төгүүнү жана узактыгы отуз күн болгон аскердик жыйындан өтүүсүн карайт.";
19) 24-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскердик кызматка өтүү убагында мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттолгондугу бар болсо, же ага карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтом чыгарылса;";
20) 25-берененин 1-бөлүгүндө:
а) сегизинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) тогузунчу абзацта "улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 26-берененин 2-бөлүгүндө "25-беренесинин 7-бөлүгүндө" деген сөздөр "25-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 29-берененин 2-бөлүгүндө "жана старшиналарга" деген сөздөр алып салынсын;
23) 30-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-берене. Аскер кызматындагы аскер кызматчыларынын чектүү курагы
1. Офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:
капитанга чейин кошо алганда - кырк беш жаш;
майорлорго - элүү жаш;
подполковниктерге - элүү үч жаш;
полковниктерге - элүү беш жаш;
генерал-майорлорго - алтымыш жаш;
генерал-лейтенанттарга жана андан жогоркуларга - алтымыш беш жаш.
2. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердик жана сержанттык курамдагылардын, ошондой эле аял-аскер кызматчыларынын (офицерлер жана прапорщиктерден тышкары) аскердик кызматта болушунун чектүү курагы кырк сегиз жашты түзөт.
3. Прапорщиктердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагы элүү жаш.
4. Чектүү куракка жеткен аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык запаска же отставкага бошотулууга тийиш.";
24) 31-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Аскер кызматын өтөө жөнүндө жоболорго ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"атайылап жасаган кылмышы үчүн алардын оордугуна жана жазалардын түрлөрүнө карабастан соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;";
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:";
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошонууга укуктуу:";
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы сүйлөмдөр менен толукталсын: "Кийин каза болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчылары өздүк курамдын тизмесинен аскер кызматчыларын бошотуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдарынын буйруктары (өздүк курам боюнча) менен аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) тийиштүү билдирүүлөрүнүн негизинде себептери көрсөтүлүп чыгарылат. Мында каза болгон (курман болгон) аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларын, ошондой эле тынчтык убагындагы аскердик аракеттер менен байланыштуу дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу аскер кызматчысынын жоктугу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын териштирүүнүн жыйынтыктарынын негизинде үч айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.";
25) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу тартиби
1. Офицердик курамдын кызмат ордунда аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бошотулат.
Прапорщиктердин кызмат ордунда кызмат өтөгөн адамдар прапорщиктерди кызмат ордуна дайындоого укугу бар кызмат адамдарынын буйругу менен аскердик кызматтан бошотулат.
Жоокердик жана сержанттык курамдын кызмат орундарында аскердик кызмат өтөгөн адамдар тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган кызмат адамдарынын буйруктары менен аскердик кызматтан бошотулат.
2. Укуктарын кемсинтпестен бошотуу мүмкүнчүлүгүнө объективдүү түрдө жолтоо болгон шарттарга (медициналык мекемеде стационардык дарыланууда, кош бойлуулук, төрөт жана бала багуу боюнча өргүүдө, туткунда жүргөндө, барымтага алынган же мажбурланып кармалган абалда болгондо жана мыйзамда аныкталган ушул сыяктуу башка жагдайларда) туш болгон аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулбайт, ал эми мындай учурларда бошотуу жөнүндө чыгарылган буйруктар көрсөтүлгөн жагдайлар токтолмоюнча саптык бөлүктүн буйругу менен ишке ашырылбайт.
Эгерде атайылап жасаган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылса, же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчылары дискредитация боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат.
Эгерде этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон бөлүп коюу менен байланышпаган жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде же этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчыларына карата козголгон кылмыш иштери реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда же аларды ошол эле негиздер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынса, мындай аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык катуу таасирдеги тартип чарасы көрүлөт.
3. Аскердик кызматтан бошонуу үчүн бир нече негиздер бар болсо, аскер кызматчысы ал өзү тандаган негиз боюнча (бошотуу ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча жүргүзүлгөн учурлардан тышкары) бошотулат.
Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу алар иштерин жана кызмат ордун тапшыргандан, ошондой эле кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт.
Запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскер бөлүгүнө келип түшкөнгө чейин, бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүсүн колдонбогон аскер кызматчыларына өргүү алар ишин жана кызматын тапшыргандан кийин гана берилип, андан кийин аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат.
Мында ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык календардык иштеген жылдарына карата берилет.
Аскер кызматчыларын бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жылда өргүүнү пайдаланган, бирок бошотула тургандыгына байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен кийинки жылы чыгарылган аскер кызматчыларына келген жылда берилүүчү өргүү берилбейт.
Эгерде аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскердик бөлүккө келип түшкөндөн кийин өргүүдөгү аскер кызматчысы ооруп калса, жыл сайын берилүүчү өргүү узартылбайт. Ошондой эле аскердик кызматтан бошотулгандыгына байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу менен аскер кызматчысына берилген кезектеги өргүү узартылбайт.
4. Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин кадрдык органдары өздүк иштеринен алардын аскердик кызмат өтөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды такташат. Тактоо жүргүзүлгөндөн кийин, аскер кызматчылардын аскердик кызматты өтөгөн мезгилдерин тастыктоо үчүн, пенсияга чыгууга укугу бар аскердик кызматчылардын өздүк иштери алар аскердик кызматты өтөп жаткан мамлекеттик органдын жогору турган башкаруу органдарына жөнөтүлөт:
- офицердик курамга жана прапорщиктерге карата - кадрдык органга;
- катардагы жоокерлерге жана сержанттарга карата - катардагы жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарын комплектөө маселелерин тескөөчү органга.
Андан ары өздүк иштери аскер кызматчыга пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөгөн жылдары эсептелүүчү мамлекеттик органдын пенсиялык бөлүмүнө жөнөтүлөт.
5. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга көрсөтүлүүнүн алдында алардын өтүнүчү боюнча ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугунун даражасын аныктоо үчүн аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт, алардын токтомдору бошотуунун негиздерин аныктоодо эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү амбулатордук түрдө же стационарда бир айдан ашык эмес мөөнөттө өткөрүлүүсү мүмкүн.
Аскер кызматынан ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган терс негиздер боюнча бошотулуп жаткан жана аскердик кызматта иштеген жылдары 20 календардык жылдан аз болгон аскер кызматчылары аскердик-врачтык комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилбейт.
Аскердик кызматта 20 жана андан көп календардык жыл иштеген аскер кызматчыларына бошотуунун негиздерине карабастан, аскердик-врачтык комиссиядан медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүнө тыюу салынбайт, мында аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу бошотуунун негизине таасирин тийгизбейт.
6. Аскердик кызматтан бошотулган, бирок ишин жана кызматын белгиленген тартипте тапшырбаган аскер кызматчысы бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү же жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат. Мында каттоо документтери аскердик каттоого алуучу жерге жиберилет. Аскердик бөлүккө (мекемеге) карызы болгондо карызды өндүрүү аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын бошотууга документтерди даярдоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аныкталат.
8. Аскердик кызматтан мыйзамсыз соттолгондугуна байланыштуу бошотулган же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан алынган же четтетилген аскер кызматчылары аскердик кызматка мурда ээлеген же ага барабар кызмат орундарына белгиленген тартипте кайра орноштурулат.
9. Жеңилдетилген эсептөөдө аскердик кызматта 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган аскердик кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, запаска же отставкага бошотулуу учурунда ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйругу менен аскердик кийим формасын кийүүгө укук берилет.
10. Мөөнөттүү аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары, ал эми башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчилердин буйруктары менен жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын ден соолугунун абалына жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт.
Кылмыш иши жүрүп жаткан аскер кызматчылары мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн учурда аларды аскер кызматынан бошотуу тиешелүү тергөө же сот органдары менен макулдашуу боюнча гана аскердик кызматтан бошотулушат.
Сот тарабынан эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле тартип бөлүгүнө жазаны өткөрүү үчүн жиберилген аскер кызматчылары, соттолгонго чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктөрдүн тизмесинен өкүм мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алынат.";
26) 32-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ал диний ишеними курал колдонууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналса, же анда Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары болсо;";
- он экинчи абзац "ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо" деген сөздөрдөн кийин "же энеси баатыр эне болуп саналса" деген сөздөр менен толукталсын;
- он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ал атасын жана энесин жоготкон үй-бүлөдөн болсо;";
- он жетинчи абзацта "чакыруу наряды" деген сөздөр "чакыруу боюнча командага наряд" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үй-бүлөлүк абалы боюнча чакырылган жарандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчү 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү, ал эми ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары бар чакырылган жарандар үчүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчү 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү;";
- үчүнчү абзацта "108 саат" деген сөздөр "48 саат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүктө "кайтарылбайт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кайтарылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эгерде ал анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо.";
е) 7-бөлүк "Куралдуу Күчтөрдө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында" деген сөздөр менен толукталсын;
27) 33-беренеде:
а) 1-бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтом чыгарылган жарандарга - кылмыш-жаза иши (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук өкүмү (токтому) чыкканга чейин) боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Аскердик же альтернативдик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартуу укугуна ээ болгон жарандар, алардын каалоосу боюнча арызынын негизинде аскердик же альтернативдик кызматка чакырылышы мүмкүн.";
28) 34-беренеде:
а) 1-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"соттолгондугу жоюлбаган;";
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйырма беш жаш куракка чыккан жана андан улуу курактагылар, аскердик же альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнү каалабаган жарандар аларга карата аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан баш тарткан фактылар боюнча материалдар жок болгондо (аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкан фактылар боюнча материалдар болгондо, укук коргоо органдары же сот тарабынан аскердик кызматка чакыруу иш-чараларынан качкандыгы боюнча чечим кабыл алгандан кийин), алар эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндөгү сумманы республикалык бюджеттин кирешесине төлөгөндөн кийин экинчи категориядагы запаска киргизилет.";
29) 35-беренеде:
а) 1-бөлүктүн төртүнчү абзацы "Куралдуу Күчтөрдө" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 36-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- экинчи абзацта "альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча" деген сөздөр "альтернативдик кызматты үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча аскердик антка келтирүү менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта "үй-бүлөлүк эмес жагдайлары боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-бөлүктүн экинчи абзацында "(старшиналардын)" деген сөз алып салынсын;
31) 38-беренеде:
а) 6-бөлүктө "40" деген цифралар "150" деген цифралар менен алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "Өкмөтү" сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 39-берененин биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 40-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскер кызматчылары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн тартип уставына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
9-берене
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) уюштуруучулук жана функционалдык түзүмдөрдүн модулдуулугу;";
в) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын мамлекеттин демографиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 12-15-пункттар менен толукталсын:
"12) илимийлүүлүк;
13) тынчтык жана согуш убагындагы уюштуруучулук түзүмдөрдүн бирдиктүүлүгү;
14) Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүдө, алардын курамын жана жабдылышын аныктоодо сапаттык көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгы;
15) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн кубатын аскердик коркунучтун күчөшүнө жараша көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, мобилизациялык резервди алдын ала топтоо жана даярдоо.";
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн жана мекемелеринен, Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.
Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ.
Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет.
Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;";
- 8-пунктта "кайтаруу" деген сөз "кайтарууга катышуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктө:
- экинчи абзацта ", алардын катарына кризистик кырдаалдарды чечүү кирет" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.";
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-беренеде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген пландар боюнча Куралдуу Күчтөр колдонулат.
Бекитилүүчү документтердин тизмеси жана аларды иштеп чыгуунун мезгилдүүлүгү Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасына күтүүсүз кол салынган же согуштук аракеттер (согуштук инциденттер, согуштук акциялар түрүндө жана куралданууну, аскердик техниканы колдонуу менен чектелген масштабдагы башка аскердик кагылышуулар) анык башталган учурунда Куралдуу Күчтөрдүн жетекчилиги жана аскердик командачылык согуштун жарыяланышын жана согуштук абалдын киргизилишин күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүүгө, ошондой эле коргонууну камсыз кылуу маселелерине аскердик каттоодо турган жана резервдик түзүмдөрдүн курамына киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууга милдеттүү.";
6) 11-беренеде:
а) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) стратегиялык пландоо документтерин бекитет;";
б) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 13-беренеде:
а) берененин аталышында жана биринчи абзацында түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй редакциядагы 221-пункт менен толукталсын:
"221) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелерин жана байланыш офицерлерин дайындоо тартибин, багуу шарттарын, функцияларын, укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын статусун, социалдык кепилдиктерин, кол тийбестигин жана артыкчылыктарын берүүнүн тартибин аныктайт;";
8) 14-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги ыйгарым укуктары
1. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) аскердик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2) куралданууну, аскердик жана атайын техниканы өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик-техникалык саясатын жүргүзөт;
3) коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
4) Куралдуу Күчтөрдү ар тараптан камсыз кылууну уюштурат жана жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн тынчтык жана согуш убагындагы аскердик жана оперативдик запастарга жана мамлекеттик материалдык резервдерге болгон муктаждыгын аныктайт;
5) аскер мыйзамдарын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
6) аскер комиссариаттарынын иштерин, аскердик каттоону уюштурууну, жарандарды аскердик кызматка даярдоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик, альтернативдик кызматка, аскердик (мобилизациялык) жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууну, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө аскердик-каттоо адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүүнү жана топтоону камсыз кылат;
7) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет мамлекеттердеги аскер атташелеринин жана байланыш офицерлеринин кызматын уюштуруунун эрежелерин жана кызмат өтөөнүн шарттарын бекитет;
8) аскер кызматын өтөөнү, аскер кадрларын даярдоону жана аскердик илимди өнүктүрүүнү уюштурат;
9) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты уюштурат;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону камсыз кылат;
11) Куралдуу Күчтөрдө коррупцияга каршы иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
12) экономиканын мобилизациялык даярдыгын уюштурууга катышат, Кыргыз Республикасынын аймагын оперативдик жабдуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
13) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
14) өз компетенциясынын чегинде адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарда мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечет.
2. Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси:
1) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн пландарын (программаларын) иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде алардын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
2) бюджетти жана мамлекеттик коргонуу заказдарын түзүүдө коргоого жумшалуучу чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
3) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча пландуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салынган (аскердик агрессия) учурда - өз алдынча, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы аркылуу (Кыргыз Республикасынын Президентине дароо билдирүү менен) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирет жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
5) Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын түрдүү даражаларына келтирүүнү жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууну стратегиялык пландоо пландарын колдонууга киргизүүнү белгиленген тартипте жетектейт, Куралдуу Күчтөрдүн айрым кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин колдонууга буйруктарды берет;
6) Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн, чакыруу боюнча аскердик кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу жөнүндө, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу тууралуу буйруктарды чыгарат;
8) коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштурат;
9) Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн аскер кадрларын даярдоонун принциптерин жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, аларды даярдоону камсыз кылат;
10) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы ишин жетектейт;
11) коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскердик наамдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ыйгарат;
12) аскердик башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен коргонуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
13) Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү планын иштеп чыгат;
14) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын аскердик убакыттын (өзгөчө мезгилдин) шарттарында иштөөгө которуу пландарын иштеп чыгууга жана аткарууга катышат;
15) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана аткарууга катышат; коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызыкчылыгында куралдануунун, аскердик жана атайын техниканын үлгүлөрүн чыгаруу жана өркүндөтүү боюнча министрликтер, административдик ведомстволор жана мекемелер тарабынан аткарылуучу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программаларын бекитет;
16) жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгы үчүн берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана жарандарынын коргонуу муктаждыгы үчүн мүлктөрүн пайдалангандыгына байланыштуу алар тарткан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
18) коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышын контролдойт;
19) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык муктаждыктарына ылайык аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды, жогорку (орто) кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүүчү уюмдарын түзүү, багытын өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча, ошондой эле жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
20) берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелерди аткарууну уюштурат;
21) аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
22) куралдарды жана аскер техникаларын, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүүнүн, ижарага берүүнүн, сатуунун, жоюунун жана эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
23) ички аудит боюнча ишти уюштурат;
24) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде куралдарды жана аскер техникаларын, стратегиялык материалдарды, коргонуу чөйрөсүндөгү алдыңкы технологияларды жана кош арналыштагы продукцияларды экспорттоону жана импорттоону контролдоону уюштурат;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;
26) аскердик наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
27) Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүмдөр үчүн аскердик кийим формасынын бирдиктүү стандарттарын белгилөө жана аны кийип жүрүүнүн эрежелери, башка мамлекеттик органдар үчүн айырмалоо белгилери жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
28) башкаруу органдарынын жана баш ийген аскерлердин (күчтөрдүн) кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Коргонуу маселелерин тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат, аны жарандык адам ээлеши мүмкүн.";
10) 151-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 18-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 21-берененин үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-берененин экинчи бөлүгүндө "жана (же) жоруктар" деген сөздөр алып салынсын.
10-берене
"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2718-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 2-бөлүгүндө "Президент менен макулдашылган Өкмөттүн сунушу боюнча" деген сөздөр "Президенттин сунушу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-беренеде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4) 11-беренде түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5) 12-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 13-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 14-беренеде "Өкмөткө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |