Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары2008-жылдын 23-майы № 94 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын стратегиялыкобъектилери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 23-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 2008-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугункамсыз кылуу максатында стратегиялык объектилерди аныктоонун жана жөнгөсалуунун укуктук негиздерин белгилейт. 1-берене. 1. Стратегиялык объект болуп ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана(же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таа-сир тийгизген, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык ма-аниси бар мүлк саналат. 2. Стратегиялык объектилер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка фор-маларында болушу мүмкүн. 2-берене. 1. Стратегиялык объектилерге төмөнкүлөр кирет: 1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, аныничинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жанасыноочу ишканалар; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган има-раттар жана жайлар; 3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык,карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк; 4) магистралдык темир жол тармактары; 5) магистралдык газ түтүктөрү; 6) улуттук электр тармагы; 7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогоркувольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанцияларкаскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондогидро- жана жылуулук электр станциялары; 8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары; 9) магистралдык байланыш линиялары; 10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы; 11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдары-нын республикалык өндүрүштүк бирикмеси; 12) улуттук почта тармагы; 13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой элеаба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары; 14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору; 15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токойчарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчөбиосфералык аймактар; 16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери,анын ичинде мөњгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулма-лар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суусордуруу станциялары; 17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттукстатуска ээ болгон объектилери; 18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар; 19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканала-ры; 20) тарыхый-маданий мурастын объектилери. 2. Менчигинде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялыкобъектилер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышууүлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого жеменчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алганчечимдерге таасир тийгизүүгө мүмкүнчүлүгү бар жеке жана юридикалык жак-тардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялыкобъектилерге киргизилиши мүмкүн. Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялыкмааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн. 3. Стратегиялык объектилердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июлундагы № 125 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стратегиялык объектилердин иштөө жа-на эксплуатациялоо режимине карата улуттук коопсуздукту камсыздоого ба-гытталган атайын талаптарды белгилейт. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти улуттук мүдөөлөрдү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу менен, стратегиялык объекти-лерди кайтарууга алуунун жана алардын иш-аракетин камсыздоонун өзгөчөрежимин киргизүүгө укуктуу. 4-берене. Менчиктин муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында турганстратегиялык объектини менчик ээси сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү стратегиялык объектини Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында белгиленген тартипте сатып алуу үчүн артыкчылыктуу укукка ээ. Магистралдык темир жолдорду, магистралдык газ түтүктөрүн, улуттукэлектр берүү тармагын, гидроэлектр станцияларды (Нарын гидроэлектрстанцияларынын каскадын) менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык жүзөгө ашырылат. 5-берене. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөкүчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ча-раларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев