Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары

2008-жылдын 14-июлу № 143

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

             толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

 

     2008-жылдын 5-июнунда               Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

    (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2017-жылдын 24-январындагы № 10,

2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

     1-берене.

 

  (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

     2-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын  ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин  Ведо-

мосттору,  1994-ж.,  №  3,  76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү

киргизилсин.

     1. 8-статьяда:

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

     "6) кылмыш   же   болбосо   жазык   иши  жөнүндө  арыз  (билдирүү)

өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү ор-

ганынын  башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын  жазык  сот  өндүрүшүнө

катышкан күбөлөргө,  жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдо-

нууга;";

     6-18-пункттар тиешелүү түрдө 7-19 пункттар болуп эсептелсин.

     2. 9-статьяда:

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:

     "16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  каралган  негиздер  бар

болгон учурда "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн,  жабырлануучу-

лардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын  Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү,

жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө

ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга;";

     16-27-пункттар тиешелүү түрдө 17-28-пункттар болуп эсептелсин.

 

     3-берене.

 

 (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык

күчүн жоготту)

 

     4-берене.

 

    (КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

 

     5-берене.

 

     "Аскер кызматчыларынын  статусу  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын

Мыйзамына  ("Эркин-Тоо"  газетасына  тиркеме,  №  1,  август,  1992-ж.)

төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

     8-статьяда:

     "же прокурордун санкциясы менен" деген сөздөр алып салынсын;

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

     "Зарыл учурда  жазык сот өндүрүшүнө күбө,  жабырлануучу жана башка

катышуучу болгон аскер кызматчыга карата тийиштүү аскердик  бөлүктөрдүн

командованиеси же жогору турган комаидование тарабынан кылмыш же болбо-

со жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган  соттун  (судь-

янын),   прокурордун,   алгачкы   текшерүү   органынын   башчысынын  же

тергөөчүнүн чечимине ылайык коопсуздук чаралары колдонулат.".

 

     6-берене.

 

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

.

 

     7-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев