МыйзамКүчүндө

КР 2008-жылдын 28-июлу № 173 «Бишкек» эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы

Редакция28.07.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2008-жылдын 28-июлу № 173                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра            түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына                       толуктоо киргизүү тууралу      1-берене.      "Бишкек" эркин  экономикалык  зонасын  кайра түзүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,  2006-жыл,  7-июль, № 49) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:     1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:     "Бишкек" эркин  экономикалык зонасынын курамына Кыргыз Республика-сынын Чүй областынын  Кара-Балта  шаарынын  аймагындагы  чыгышынан  Ка-ра-Балта  өзөнү,  батышынан  Турар Кожомбердиев көчөсү,  түштүгүнөн Са-ры-Булак айылы, түндүгүнөн Мичурин көчөсү менен чектелген, аянты 100 гаучасток киргизилсин.".      2-берене.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      3-берене.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга  ылайык  келтир-син;     - ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана уюштуруу  ма-селелерин чечсин.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев