Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 29-майы № 178
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Техникалык регламент (мындан ары - Регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын компоненттеринин (мындан ары - жерде жүрүүчү транспорт каражаттары) коопсуздугуна карата коюлуучу минималдуу талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарын жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жаатындагы практикага жана эл аралык талаптарга максималдуу ылайык келишин камсыз кылуу максатын көздөйт.
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Регламент коргонуу максатында пайдалануу үчүн арналган же мамлекеттик сырды түзүүчү объекттерге таандык жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынан, ошондой эле жерде жүрүүчү транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташып өткөрүлгөн учурлардан тышкары ушул Регламенттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, киргизилген же пайдаланылган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына карата колдонулат.
2-берене. Пайдалануучу терминдер
Арыздануучу - арызы боюнча ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылуучу жеке же юридикалык жак.
Конструкцияны өзгөртүү - ар түрдүү техникалык же эксплуатациялык мүнөздөмөнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын конструкциясынын өзгөрүшү.
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын категориялары:
- L категориясы - эки же үч дөңгөлөктүү мотору бар жерде жүрүүчү транспорт каражаттары (мотоциклдер, скутерлер);
- М категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жерде жүрүүчү транспорт каражаттары;
- № категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү, кеминде төрт дөңгөлөктүү жана жүк ташууга арналган жерде жүрүүчү механикалык транспорт каражаттары;
- О категориясы - чиркегичтер жана жарым чиркегичтер;
- Т категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү дөңгөлөктүү же каз тамандуу, кеминде эки огу бар, алардын иштеши негизинен тартуу кубаттуулугуна көз каранды жана чиркеп жетелөө, түртүү, ташуу же тийиштүү ылайыктамаларды же жабдууларды, машиналарды же чиркегичтерди кыймылга келтирүү үчүн арналган, айыл же токой чарбасында пайдалануу үчүн арналган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай тракторлор жүктөрдү жана адамдарды ташуу үчүн ыңгайлаштырылышы мүмкүн;
- атайын арналыштагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары - атайын компановкалоону же жабдууну талап кылуучу атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган М, № же О категориясындагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары;
- G категориясы - М жана № категориясындагы жол тандабай жүрүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражаттары.
Компонент - запас тетиктерди кошкондо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын корпусуна, анын конструкциясына ылайык орнотулган кандай болбосун агрегат, бөлүк же жабдык.
Жерде жүрүүчү транспорт каражаты - жерде жүрүүчү трактор жана өзү жүрүүчү техникалык машиналар менен бирге жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ылайыкташкан транспорттук каражат. Темир жолдо жүрүүчү, ошондой эле кубаттуулукту стационардык булактан алуучу электрдик кыймылга келтирүү менен транспорттук каражаттар (троллейбустар) жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына кирбейт.
Типти жактыруу - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын конструкциясынын иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген конструкцияга карата тибинин белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоо.
Аккредитациялоо боюнча орган - аккредитациялоону өткөрүүчү ыйгарым укуктуу орган.
Таануу - ылайыктуулугун баалоонун башка мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн жыйынтыгын туура деп табуу.
Каттоо жөнүндө күбөлүк - жерде жүрүүчү бул транспорт каражаты ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү түрдө катталганын күбөлөндүргөн документ.
Техникалык кароо - транспорт каражатын кароо, анын техникалык документтерин текшерүү жана зарыл учурларда ушул жерде жүрүүчү транспорт каражатын текшерүү жана/же сыноо аркылуу, техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарында белгиленгенге ылайык комплекттелишин же тиешелүү жабдыктар, документтер жана коопсуздук каражаттар менен камсыздалгандыгын белгилөөчү жол-жобо.
Утилдештирүү - жерде жүрүүчү транспорт каражатын башка багыт боюнча пайдалануу, кайра иштетүү, жок кылуу, көмүү же аны колдонуу мүмкүнчүлүгү четтетилген же анын конструкциясында аныкталган багыты боюнча пайдалануудан тышкары, аны кандай болбосун максаттарда коопсуз пайдаланышын камсыз кылган учурдагы абалга келтирүү.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Жалпы талаптар
Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугунун жалпы талаптарына төмөнкүлөр кирет.
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын дөңгөлөк жана шина конструкциялары, токтотуу системасы, ошондой эле башкаруу системасы, жолдун жана анын катмарынын абалынын эсептик параметрлеринде кыймылдын эсептик ылдамдыгында аны пайдаланууда жерде жүрүүчү транспорт каражатынын токтошун же жүрүү ылдамдыгынын азайышын, ушундай белгиге чейин жана жүрүүнүн мындай өзгөрүшү кайсы бир башка объект менен кагылыш мүмкүндүгү четтетилген, ал эми кагылыш болсо техникалык регламентге белгиленген коопсуздуктун минималдуу деңгээли камсыз кылынат;
- жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун конструкциясы, эшиктердин конструкциясы, саны жана жайгашкан орду, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо каражаттары, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жоболор, анын башка бир объекти менен кагылышкан учурда, авария же авариялык кырдаалда техникалык регламентте белгиленген коопсуздуктун минималдуу деңгээлин, ошондой эле авария болгондо тез арада анын ичинен адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын өрткө каршы системасы техникалык регламенттерде белгиленген тез аранын ичинде анда пайда болгон өрттү өчүрүүнү камсыз кылат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын конструкциясы баардык багыттар боюнча сырткы мейкиндиктин жетиштүү көрүнүшүн камсыз кылат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын электрдик, күйүүчү, гидравликалык, пневматикалык, газдык же ар түрдүү башка системалары талкаланганда же бузулганда анын коопсуздугу сакталат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын кыймылдаткычынан чыккан добуштун деңгээли жана кыймылдаткычы чыгарган зыяндуу заттардын курамы, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын жана алардын компоненттерин даярдоодо пайдаланылган материалдардын экологиялык параметрлери техникалык регламенттердин талаптарында белгиленген чектерде болот;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаты тиешелүү системалар же жабдуу тыштан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын терс таасиринен аларды коргоо, ошондой эле андан чыккан электр-магниттик ар түрдүү сигналдын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын же өзүнүн иштеши үчүн электр-магниттик сигналды пайдалануучу башка ар түрдүү объектинин иштешине терс таасирин четтетүү үчүн конструкцияланат же жабдылат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын маалыматты кайра өндүрүүчүнү контролдоочу же чагылдыруучу системасы сырткы энергия же сигналдын мүмкүн болуучу таасиринин натыйжасында алардын нормалдуу иштешинин бузулушунан же баш тартуусунан корголгон;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын өмүр сактоочу системасы эксплуатациялык персоналдын кабинасында жана салонунда же жүргүнчүлөр үчүн отсекте абанын эксплуатациялык персоналдын жана жүргүнчүлөрдүн нормалдуу физиологиялык абалын сактоочу параметрлерин камсыз кылат, мында жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоо жана анда болууну камсыз кылат;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаты техникалык регламентте белгиленген коопсуздуктун минималдуу деңгээлин камсыз кылуучу жарыктандыруу жана угулуучу жана көрүнүүчү сигнализациянын бардык каражаттары менен жабдылган;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаты санкцияланбаган пайдаланууга каршы орнотмо, система жана/же каражат менен жабдылган;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын көлөмү аны эксплуатациялоодо жол коопсуздугуна коркунуч туудурбайт;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын сырткы көрүнүшү, көлөмү, башкаруу каражаттарынын жана маалымат чагылдыруу каражатынын жайгашкан орду жана конструкциясы маалымат чагылдыруу каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн туура окулушун камсыз кылат жана жерде жүрүүчү транспорт каражатын эксплуатациялоодо коопсуздукка коркунучтун келип чыгышы мүмкүн болуучу эксплуатациялык персоналды башкаруудан алаксытуу мүмкүнчүлүгүн четтетет;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын конструкциясында колдонулуучу материалдар күйгөн же башка заттардын же буюмдардын аларга болгон механикалык же химиялык таасиринде айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна жана жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучун тийгизбейт.
4-берене. Маалыматка карата талаптар жана эксплуатациялоого жол
берүү
1. Жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот:
- жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалымат;
- тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгашкан жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жана идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химиялык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасы болуш керек;
- каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруучу башка документ;
- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын атайын талаптарга ылайыктуулугун ырастаган документ.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынан өзүнчө алып келинген жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ар бир компоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот:
- эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалык тейлөөсү, бул компонент орнотулган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын болгон эксплуатациялык жана техникалык документтеринде эскертилбеген болсо, жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуучу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалыматтар;
- тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ылайыктуулук сертификатын атайын талаптарга алмаштыруучу ылайыктуулук сертификаты же башка документ.
Кыргыз Республикасында мурда катталбаган же ага карата типти жактыруу же типти жактыруунун жол-жоболору түзүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына биринчи жолу алып келүүдө берүүчү же жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин алып келүүчү жак ыйгарым укуктуу органга иштеп чыгаруучу турган мамлекет же болбосо, эгерде колдонууга жатса, жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин чыгарган жак турган мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу документинин көчүрмөсүн берет.
Жерде жүрүүчү транспорт каражатына жана алардын компоненттерине эксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштеп чыгуучуга же даярдоочуга жүктөлөт.
Алып келинүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын компоненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу, алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер бар болгондо гана жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын жана/же алардын компоненттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга жол берилет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Техникалык тейлөөгө жана оңдоого карата талаптар
Жерде жүрүүчү транспорт каражатын техникалык тейлөө же оңдоо жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын иштеп чыгаруучунун жана/же эгерде бул колдонууга жатса, даярдоочунун документтерине ылайык жана техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга анын ылайыктуулугун камсыз кылгыдай жүзөгө ашырылат.
6-берене. Утилдештирүүгө карата талаптар
1. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын утилдештирүү ал процесстин жана анын кесепеттеринин адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана чөйрөнүн абалынын коопсуздугун камсыз кылуучу утилдештирүүнүн жол-жоболорунун белгиленген техникалык регламенттерине ылайык утилдештирүү боюнча ишкана же уюм тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатын утилдештирүү төмөнкү методдор боюнча жүзөгө ашырылат:
- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу карагандан башка максатта жерде жүрүүчү транспорт каражаты пайдаланылышы мүмкүн болгон шартта жерде жүрүүчү транспорт каражатынын багытын өзгөртүү менен башка багыт боюнча пайдалануу;
- кайра иштетүү, анын натыйжасында энергия, сырье жана/же башка материалдарды алуу болуп эсептелет;
- иштеп чыгаруучу жана/же жасоочу жактан каралган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын касиетин жана белгисин жоюу;
- көмүп салуу, мында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына кокустан же санкцияланбастан жетүүгө жол берилбейт жана көмүлүп салынган жерлер кандайдыр бир максатта пайдаланылган учурларда кандайдыр бир тоскоолдуктар же болбосо адамдардын өмүрү же айлана-чөйрө үчүн коркунуч түзүлбөйт.
3. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын көмүү аркылуу утилдештирүүгө башка жол менен аны утилдештирүү мүмкүн эмес же максатка ылайык эмес болгон учурда жол берилет. Радиоактивдүү, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка заттар же буюмдарды камтыган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын көмүү, бөлүнүү жана реакцияга кирүү продуктуларынын атмосферага болгон таасирин четтеткен, бул үчүн атайын бөлүнгөн жана даярдалган жерде жүзөгө ашырылат.
4. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын таштандыларын утилдештирүүнүн алдында аны утилдештирүү процессинде жарылуунун, өрт чыгуунун, радиоактивдүү нурлануу, адам же айлана-чөйрө үчүн агрессивдүү же коркунучтуу, химиялык же башка продуктулардын, ошондой эле ар түрдүү ушул сыяктуу коркунучтун пайда болушунун алдын алуучу тиешелүү даярдык көрүүчү иштер аткарылат. Бул максаттарга кеминде төмөнкүлөр зарыл болот:
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын бардык энергия же азыктандыруу булактарынан өчүрүү, анын ичинде компоненттердин конструкциясына жараша чыңалуу бар болгон компоненттеринен калдык чыңалууну жоюу;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын курамындагы өз алдынча кыймылдоочу тетиктерин алып салуу;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын курамындагы жарылуучу жана жеңил өрттөнүүчү тетиктерди же заттарды алып салуу;
- дем алганда адамдын өмүрүнө же ден соолугуна же жаратылышка терс таасирин тийгизген буулануучу заттарды жана арабөк абалдагы бардык заттарды же материалдарды алып салуу;
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын системасындагы басымды айлана-чөйрөнүн же утилдештирүү жүргүзүлүп жаткан чөйрөнүн басымына келтирүү;
- жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кайсы бир тетигиндеги температураны жол берилген коопсуздук температурасына чейин жеткирүү.
5. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын утилдештирүү, ошондой эле утилдештирүүдө пайда болгон калдыктарды иштетүү тартиби, мындай иш-чаралардын жана алардын кесепетинин коопсуздугун камсыз кылуучу техникалык регламенттерде белгиленген жол-жоболорго, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана/же өндүрүш калдыктарын иштетүүнү жана утилдештирүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7-берене. Атайын талаптар
Ушул Регламентте көрсөтүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугуна карата атайын же толук иштелип чыккан талаптар ушул Регламентке ылайык атайын техникалык регламенттерде эскерилет. Мындай регламенттердин тизмеги төмөнкү көрсөтүлгөн талаптар менен чектелет:
ушул Регламенттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн жерде жүрүүчү транспорт каражаттарына карата;
ушул Регламенттин 3-беренесинде көрсөтүлгөн системаларга жана жабдыктарга карата.
Эксплуатациялоодо болгон транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жана андан кийин ылайыктуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Ылайыктуулукту баалоо
Ылайыктуулукту баалоо төмөнкү формаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат:
- (экинчи абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- тибин жактыруу;
- каттоо;
- техникалык кароо;
- мамлекеттик көзөмөл.
(Экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга ылайыктуулугу иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ылайыктуулукту баалоону аткаруу максатында техникалык текшерүүлөрдү жана сыноолорду аткарууга тиешелүү техникалык жана башка мүмкүнчүлүгү бар белгиленген тартипте аккредиттелген уюмга ыйгарым укук берет.
Жерде жүрүүчү транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу, мындай жактырууну берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга жооп берген шартта Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн.
Даярдоочу өзү чыгарган жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражатынын конструкциянын бекитилген тибине ылайыктуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул жободо ылайыктуулугун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап алып текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптарды даярдоочу сактап келе жаткандыгына ынануу, ал эми жерде жүрүүчү транспорт каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да ылайык келээрине баа берүү укугу алынбайт.
Ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ылайыктуулукту баалоого арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, ылайыктуулукту баалоо жол-жоболорун өткөрөт жана анын натыйжалары жөнүндө арыз ээсине билдирет. Ылайыктуулукту баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган учурда, ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мындай кошумча убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет.
Ыйгарым укуктуу орган ушул айдын ичинде тибин жактыруу же тибин жактыруу жөнүндө документтери токтотулган жана жокко чыгарылган жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тизмегин ай сайын чыгарат.
Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибинин конструкциясын өзгөртүүдө, мындай өзгөртүүлөрдү аткарган иштеп чыгаруучу, жасоочу же уюм ыйгарым укуктуу органга жаңы тибин жактырууга же мурда жактырылган тибине кошумчалоого арыз берет.
Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын конструкциясын өзгөртүүлөр жөнүндө баардык маалыматтары жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө киргизилет.
(Он экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Каттоо
Кыргыз Республикасында чыгарылуучу, ташып киргизилүүчү жана эксплуатациялануучу жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тиешелүү реестринде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш, мындай транспорттук каражаттар транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөн учурларды кошпогондо.
Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо же эсепке алуу Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
Каттоо жөнүндө күбөлүк жерде жүрүүчү транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- тиби, маркасы/модели;
- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
- чыгарылган датасы;
- сериялык номери же шассисинин башка идентификациялык белгиси;
- өңү;;
- техникалык абалы (штамп, белги же техникалык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө башка белги);
- каттоо датасы;
- каттоо органы;
- каттоо белгилери (мамлекеттик номердик белги);
- ээси/эксплуатант (аты-жөнү/уюмдун аталышы).
Жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатына берилген каттоо жөнүндө күбөлүк, каттоо белгилер жана башка документтер акыркысы утилдештирилгенден кийин ушул документти берген же сактоо үчүн жооптуу тиешелүү органга ээси же эксплуатант тарабынан кайтарып берилет, аталган орган белгиленген жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык жокко чыгаруу же сактоо жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат. Жогоруда саналган документтерди кайтарып берүү, жокко чыгаруу же сактоого өткөрүп берүү, эгерде буга тиешелүү мыйзамдарда же эрежелерде жол берилсе утилдештирүү жол-жобосуна чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээси/эксплуатанты кайра катталган же алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга жол берилет.
Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Техникалык кароо
Жерде жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө тийиш:
1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучулар:
- жүргүнчүлөрдү, анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);
- жүктөрдү;
- коркунучтуу жүктөрдү.
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
Ишкердик иште пайдаланылуучу жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
- жүргүнчүлөрдү жана коркунучтуу жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылына жараша:
3 жылга чейин - техникалык кароого жатпайт;
3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу;
7 жылдан жогору - жыл сайын.
Башка бардык жерде жүрүүчү транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу түрдө өткөрүлөт.
Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат.
Транспорт каражаттарынын техникалык кароосун жүзөгө ашыруучу диагностикалык борборлор ушул Регламенттин 11-беренесинде белгиленген талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, көзөмөлдөөчү-өлчөөчү аспаптар менен жабдылууга тийиш.
Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароодон өткөрүү укугуна ээ эмес.
Ушул Регламентте каралган милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү бул транспорт каражатын эксплуатациялоо мезгилинде эксплуатантка жүктөлөт.
Жолдо жүрүүнүн коопсуздугу, транспорт каражатынын техникалык оң абалда болушу үчүн эксплуатант толук жоопкерчилик тартат.
Техникалык кароону өткөрүүчү диагностикалык борборлор техникалык кароодон өткөрүүдө өздөрүнүн функцияларын тиешелүү аткарбаган, ушул Регламенттин талаптарын сактабаган жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Техникалык кароодон өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Кайталоочу текшерүүлөргө жол бербөө
Ылайыктуулугун баалоону жүргүзүүдө жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ошол эле параметрлерин текшерүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилбейт:
- эгер мындай текшерүүлөр тибин жактырууда, каттоодо же техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө;
- эгер ушул Регламентте каралган кезектеги текшерүүнүн мөөнөтү келе элек болсо;
- эгер мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конкреттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонула турган болсо.
Тибин жактырып берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинде жана 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарга жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тибинин ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат.
Каттоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат:
- 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата;
- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Төртүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Техникалык кароодо жерде жүрүүчү транспорт каражатынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат:
- 3-берененин экинчи абзацында - техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык дөңгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу системасынын, башкаруу системасынын оң болушуна жана жарактуулугуна карата;
- 3-берененин үчүнчү абзацында - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшиктердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо каражаттары бар болуусуна, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жоболор техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык жана/же техникалык абалынын оң болушуна карата;
- 3-берененин төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында - системалардын оң болушуна карата;
- 4-берененин 1-пунктунда;
- 3-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында, - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыгуучу зыяндуу заттардын деңгээлинин ылайыктуулугуна карата.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Көзөмөл
Көзөмөлдүн максаты техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын камсыздоо болуп эсептелет.
Ушул Регламенттин талаптарын сактоо үчүн көзөмөлдөөнү жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аткарат. Көзөмөлдөө боюнча органдын функциялары жана укуктары Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
13-берене. Регламентти бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу, мындай жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин, эксплуатантынын, иштеп чыгаруучунун, жасоочунун, сатуучунун, берүүчүнүн же ага карата кайсы бир башка жактын жоопкерчилиги ушул Регламент, ошондой эле башка мыйзамдар жана ушундай учурда колдонулуучу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Типти жактыруучунун ээси:
- жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугу үчүн ички контроль системасынын бар болушун камсыз кылат;
- ар бир транспорт каражаттарынын бекитилген типке ылайыктуулугун текшерүү үчүн зарыл болгон контролдоочу жабдууларга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ;
- сыноолордун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды каттоону жана тиркелген документтердин 10 жылдын ичинде сакталышын камсыз кылат;
- өнөр жай өндүрүшүнүн шарттарында жол берилүүчү четтөөлөрдү эске алуу менен жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын туруктуу мүнөздөмөлөрүн текшерүү жана камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн сыноонун ар бир тибинин жыйынтыктарын талдайт.
14-берене. Корутунду жоболор
Ушул Регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жана жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын баардык нормативдик укуктук актылары, ушул Регламенттин талаптарына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат, ал эми ушул Регламенттин талаптарына алар каршы келген бөлүгүндө, ушул Регламент күчүнө кирген күндөн баштап 12 айдын ичинде кайра кароого же жоюлууга тийиш.
Ушул Регламент жарыяланган күндөн тартып 18 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Регламенттин 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи, үчүнчү, бешинчи абзацтары жана 2-бөлүгү 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |