Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 18-майы № 61
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 495-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышындагы жана преамбуласындагы "Жалпы техникалык" деген сөздөр "Техникалык" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-беренеде:
3-бөлүктүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Т категориясы - күч орнотмосу менен кыймылга келүүчү дөңгөлөктүү же каз тамандуу, кеминде эки огу бар, алардын иштеши негизинен тартуу кубаттуулугуна көз каранды жана чиркеп жетелөө, түртүү, ташуу же тийиштүү ылайыктамаларды же жабдууларды, машиналарды же чиркегичтерди кыймылга келтирүү үчүн арналган, айыл же токой чарбасында пайдалануу үчүн арналган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай тракторлор жүктөрдү жана адамдарды ташуу үчүн ыңгайлаштырылышы мүмкүн;
- атайын арналыштагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары - атайын компановкалоону же жабдууну талап кылуучу атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган М, № же О категориясындагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттары;";
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Типти жактыруу - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын конструкциясынын иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген конструкцияга карата тибинин белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоо.".
3. 4-беренеде:
1-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын атайын талаптарга ылайыктуулугун ырастаган документ.";
2-бөлүктүн төртүнчү абзацында "сертификациялоо органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Эксплуатациялоодо болгон транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жана андан кийин ылайыктуулугун баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5. 8-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацы, 2-бөлүк жана 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга ылайыктуулугу иштеп чыгуучу мамлекеттин же колдонууга болгондо даярдоочу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген типти жактыруу менен ырасталат.";
6-8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жерде жүрүүчү транспорт каражатына башка мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу, мындай жактырууну берүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга жооп берген шартта Кыргыз Республикасында таанылышы мүмкүн.
Даярдоочу өзү чыгарган жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражатынын конструкциянын бекитилген тибине ылайыктуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул жободо ылайыктуулугун текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандап алып текшерүү жолу менен техникалык регламентте белгиленген талаптарды даярдоочу сактап келе жаткандыгына ынануу, ал эми жерде жүрүүчү транспорт каражаты конструкциянын бекитилген тибине учурда да ылайык келээрине баа берүү укугу алынбайт.
Ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ылайыктуулукту баалоого арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, ылайыктуулукту баалоо жол-жоболорун өткөрөт жана анын натыйжалары жөнүндө арыз ээсине билдирет. Ылайыктуулукту баалоо үчүн кошумча убакыт талап кылынган учурда, ылайыктуулукту баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мындай кошумча убакыттын зарылдыгын негиздөө менен арыз ээсине билдирет.";
9-бөлүктө "Сертификациялоо боюнча орган" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-бөлүктө "ылайыктуулукту баалоо боюнча органга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 9-беренеде:
3-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзац "башка идентификациялык" деген сөздөрдөн мурда "шассисинин" деген сөз менен толукталсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өңү;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээси/эксплуатанты кайра катталган же алмашкан учурда ээсинин/эксплуатанттын каалоосу боюнча мурдагы мамлекеттик номер белгини калтырууга жол берилет.
Кыргыз Республикасында жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
7. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Техникалык кароо
Жерде жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө тийиш:
1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучулар:
- жүргүнчүлөрдү, анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);
- жүктөрдү;
- коркунучтуу жүктөрдү.
2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, жыгач ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).
Ишкердик иште пайдаланылуучу жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү:
- жүргүнчүлөрдү жана коркунучтуу жүктөрдү ташуучулар - жылына эки жолу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарбалык жана токой чарбалык тракторлор, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (ӨТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылына жараша:
3 жылга чейин - техникалык кароого жатпайт;
3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу;
7 жылдан жогору - жыл сайын.
Башка бардык жерде жүрүүчү транспорт каражаттары техникалык кароодон ыктыярдуу түрдө өткөрүлөт.
Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат.
Транспорт каражаттарынын техникалык кароосун жүзөгө ашыруучу диагностикалык борборлор ушул Регламенттин 11-беренесинде белгиленген талаптарды текшерүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, көзөмөлдөөчү-өлчөөчү аспаптар менен жабдылууга тийиш.
Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароодон өткөрүү укугуна ээ эмес.
Ушул Регламентте каралган милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү бул транспорт каражатын эксплуатациялоо мезгилинде эксплуатантка жүктөлөт.
Жолдо жүрүүнүн коопсуздугу, транспорт каражатынын техникалык оң абалда болушу үчүн эксплуатант толук жоопкерчилик тартат.
Техникалык кароону өткөрүүчү диагностикалык борборлор техникалык кароодон өткөрүүдө өздөрүнүн функцияларын тиешелүү аткарбаган, ушул Регламенттин талаптарын сактабаган жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Техникалык кароодон өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
8. 11-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацында "сертификациялоодо," деген сөз алып салынсын;
3-бөлүктүн үчүнчү абзацы жана 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- 3-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында, - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыгуучу зыяндуу заттардын деңгээлинин ылайыктуулугуна карата.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |