Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 121 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 25-декабры № 316
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун
тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жонундо"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
жана озгортуулор киргизуу тууралуу
2009-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыян-
дуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006-ж., N 10, 851-ст.)
төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы коомдук саламаттык
сактоо органдарына тамекинин зыяндуу таасиринен коргонууга көмөк көрсө-
түү;".
2. 5-статьянын үчүнчү абзацы "тамеки тармагында иштеген адамдарга"
деген сөздөрдөн кийин ", жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу мый-
замдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-статьяда:
2-бөлүктө:
- бешинчи абзацтагы "билим берүүнүн," деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- китепканаларда, көргөзмө залдарда, аудиторияларда (лекциялык
жайларда);";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- турак үйлөрдүн подъезддеринде;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары ээлеп турган имараттарда жана жайларда.";
3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. 12-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга алар ылайык кел-
беген учурларда;".
5. 15-статьяда:
1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "сатып өткөрүү" деген сөздөр "са-
туу көлөмүн көбөйтүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тамеки продукцияларын жарнактоого тамеки заттарын саткан жерлерде
гана уруксат берилет. Жарнак материалынын өлчөмү 2000 кв. сантиметрден
чоњ болбоого тийиш. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материалы бардык
учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянтынын
кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш.".
6. 17-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен
толукталсын:
"- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден;".
7. 18-статьянын 1-бөлүгүндөгү "өстүрүү" деген сөз "өндүрүү" деген
сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев