Бишкек шаары2010-жылдын 9-августу УӨ № 117 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош облас-тындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Су-зак, Базар-Коргон райондорунда 2010-жылдын июнунда болуп өткөн жапырттополоњго байланыштуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдуктартипти калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жогорудакөрсөтүлгөн шаарлары менен областтарынын аймактарында жагдайды калыбынакелтирүү үчүн өзгөчө абал киргизилген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасындакырдаал турукташты. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-деги № 1
Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областында, Ош областынын Ош,Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда 2010-жылдын 10-ав-густунан тартып өзгөчө абал жокко чыгарылсын. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: -
2010-жылдын 19-майындагы №38 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абадобластынын Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал кир-гизүү жөнүндө" Декрет; -
2010-жылдын 11-июнундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облас-тынын Ош, Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда өзгөчөабал киргизүү жөнүндө" Декрет; - 2010-жылдын 12-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абадобластынын Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал кир-гизүү жөнүндө" Декрет; -
2010-жылдын 19-июнундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Ош облас-тынын Ош, Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда өзгөчөабалды узартуу жөнүндө" Декрет; -
2010-жылдын 21-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абадобластында өзгөчө абалды узартуу жөнүндө" Декрет; -
2010-жылдын 27-июнундагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абадобластында, Ош, Өзгөн шаарларында, Ош областынын Карасуу жана Араванрайондорунда өзгөчө абалды узартуу жөнүндө" Декрет. 3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева