Редакцияот 12.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 12-июну УӨ № 69           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ              Кыргыз Республикасында толук эмес мобилизация                           жарыялоо жөнүндө      2010-жылдын июнунда  Ош  шаарында жана Ош облусунда болгон окуяларреспубликанын аскерий эмес калкынын арасында көп адамдардын набыт болу-шуна  алып  келди,  жарандардын  кайгысына  жана көз жашына,  энелердинмуњ-зарына дуушарлантты. Бузуку күчтөр жана криминалдык элементтер бар-дык моралдык нормаларды жана адамдык каада-салттарды одоно тебелеп-теп-сеп,  Конституциялык түзүлүштү оодарууга жана  республиканын  аймагындажашаган  элдердин ортосундагы кылымдар бою калыптанган ак ниет коњшулукмамилелерди бузууга тартынбастан аракеттенишүүдө.  Талап-тоноолор, зор-дук-зомбулук,  өлтүрүүлөр жана мамлекеттик бийликтин институттарына башийбөөчүлүктөр көбөйүүдө.  Азыркы болуп жаткан татаал  жана  көп  кырдууабалда  өз  убагында  жана  иштиктүү  чара көрүлбөсө жањжалдын масштабыкењейип жана анын бардык кесепеттери менен региондук масштабга өсүп же-тишине алып келиши мүмкүн.     Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын консти-туциялык түзүлүшүн коргоо кызыкчылыгында,  абалды тез арада нормага са-луу, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти калыбына келтирүү максатында,"Кыргыз   Республикасындагы  мобилизациялык  даярдык  жана  мобилизацияжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде,  ошондой эле Кыр-гыз  Республикасынын  Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-июнундагы № 65"Кыргыз Республикасынын Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу жана Араван ра-йондорунда  өзгөчө  кырдаал киргизүү жөнүндө" Декретин ишке ашыруу үчүнКыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. 2010-жылдын 13-июнунан баштап Кыргыз Республикасында толук эмесмобилизация жарыялансын.     2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:     - Куралдуу Күчтөрдүн айрым бөлүгүн мобилизациялык пландарда белги-ленген  тартипте  жана  мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагымыйзамдарына ылайык согуштук мезгилдин уюмуна жана курамына которуу бо-юнча иш-чараларды жүргүзсүн;     - мобилизацияга тартылчу бирикмелердин жана  бөлүктөрдүн  тизмесинөзгөчө  кырдаал  режимин  кармоо  боюнча  аткарылчу  милдеттерге жарашаөзүнүн чечими менен аныктасын.     3. Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Убактылуу Өкмөттүнатайын өкүлү,  өзгөчө  кырдаал  киргизилген райондордун жана шаарлардынкоменданттары колдо  болгон  бардык күчтөрдү жана каражаттарды колдонууменен өлкөнүн  түштүк  регионунда коомдук-саясый кырдаалды оњдоо боюнчакатаал жана бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн.     4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартиптереспубликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук эмес мобилизация-лоо иш-чараларын каржыласын.     5. Декрет 2010-жылдын 13-июнунан тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева