Загрузка документа…
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 16-ию-нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмө-түнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Республика-сынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. SK Finanse (СК Финанс) жабык акционердик коомунун "Континент Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы үлүшүнүн 65 проценти мамлекеттештирилсин.2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги SK Finanse (СК Финанс) жабык акционердик коомуна таандык 65 процент үлүшүн мамлекеттештирүүгө байланыштуу:
- "Континент Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары "Континет Принт" ЖЧК) жалпы чогулушун өткөрүүгө демилге көтөрсүн;
- "Континент Принт" ЖЧКнын жаңы уюштуруу документтерин бекитсин жана кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул Декреттен келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объектти каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева