Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                                КР Өкмөтүнүн               2013-жылдын 22-февралындагы № 91 токтомуна ылайык                                КҮЧҮН ЖОГОТТУ  Бишкек шаары2010-жылдын 24-августу УӨ №124           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ               2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,             7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында               Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь              окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад               облустарында курман болгондордун үй-бүлө             мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын                   жабыркаган жарандарын мамлекеттик                       социалдык колдоо жөнүндө      2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаа-рындагы,  13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуя-ларында Ош шаарында жана Ош,  Жалал-Абад облустарында курман болгондор-дун үй-бүлө мүчөлөрүнө,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын  жабыркаганжарандарына  мамлекеттик  социалдык  колдоо  көрсөтүү максатында КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Бул  Декреттин  күчү 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-яларда  жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош,  Жалал-Абад облуста-рында курман болгондордун төмөнкүдөй үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдону-лаары белгиленсин:     - балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;     - пенсия  курагына  жеткен  ата-энелерине (атасы,  энеси) - курманболгон адам жалгыз бала болгон учурда.     2. 2010-жылдын  6-апрелинде Талас облусундагы,  7-апрелинде Бишкекшаарындагы,  13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы  окуяларда  жана  июньокуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган жа-рандарга (мындан ары - жабыркагандар) төмөнкүлөр кирээри белгиленсин:     - денесине оор, анча оор эмес жана жењил жаракат алган, соттук-ме-дициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу бар жарандар;     - 2010-жылдын  6-апрелинде  Талас облусундагы,  7-апрелинде Бишкекшаарындагы,  13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана Ош шаа-рындагы жана Ош,  Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган мер-тинүүлөрдүн кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдардеп табылган жарандар.     3. Төмөнкүлөргө кепилдик  кылынган  минималдуу  кирешенин  он  эсеөлчөмүндө кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпул чектелсин:     - курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө;     балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;     пенсия курагына жеткен ата-энелерине  (атасына,  энесине),  курманболгон адам жалгыз бала болгон учурда, - өмүр бою;     - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп  табылган  жа-быркагандарга  -  майыптык белгиленген күндөн тартып соттук-медициналыкэксперттик комиссиялардын корутундуларынын жарактуулук  мөөнөтү  аякта-ганга чейин.     Кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдарды  чектөөнүн  жана  төлөпберүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.     4. Жаракат жана мертинүү алып,  жабыркаган  жарандарга  төмөнкүлөрберилет:     - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык  жардамменен  камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алка-гында медициналык тейлөө жана жењилдетилген  дары-дармек  менен  камсызкылуу;     - протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;     - соттук-медициналык   экспертизанын  корутундусу  болгон  учурда,врачтардын корутундусу менен Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондунункаражатынын  эсебинен  эки жыл бою жењилдетилген санаториялык-курорттукжолдомолор.     Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санаториялык-курорт-тук дарылоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  камсызда-лышат.     Жабыркаган жарандар иштеген жери боюнча санаторийлерге,  профилак-торийлерге  жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыздоодо артыкчы-лыктуу укуктарга ээ.     5. Курман болгондордун балдары:     - мамлекеттик билим берүү уюмдарында мамлекеттик заказдын жана би-лим берүү стандарттарынын чегинде орто жана жогорку кесиптик билим алу-унун артыкчылыктуу укугуна ээ;     - мектепке чейинки балдар мекемелеринде орун менен кезексиз камсызкылынат.     6. Жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялар  жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары 2010-жылдын 6-апрелинде  Талас  облусундагы,7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-яларда жана Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь окуя-ларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө,  ошондой эле жабыркагандаргатөмөнкүдөй кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу:     - кошумча материалдык жардам;     - турак жай аянты менен камсыздоо;     - жеке  турак  жай курулушуна жана турак-жай-курулуш кооперативде-ринде үйлөрдү курууга процентсиз ссуда берүү;     - курман болгондордун,  ошондой эле жабыркагандардын муктаж болгонүй-бүлөлөрүн отун менен камсыз кылуу;     - шаардык  транспорттун  бардык  түрлөрүндө  (таксини кошпогондо),айыл жеринде - шаар тегерегиндеги жана шаарлар арасындагы каттаган  ко-омдук транспортто акысыз жүрүү менен камсыздоо.     7. Жабыркаган жарандар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы-га  бирдей  аскердик  милдеттери жөнүндө,  аскердик жана альтернативдиккызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында  белгиленген  тар-типте аскердик кызмат өтөөдөн бошотулаары белгиленсин.     8. Бул Декретте белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо  рес-публикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына каршы келбеген бюджеттен тышкаркы  башка  булак-тардын эсебинен ишке ашырылат.     9. Бул Декрет Кыргыз Республикасынын бүткүл  аймагында  колдонулатжана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жа-рандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининсистемасынын аскер кызматчыларына, кызматкерлерине жана билим берүү ме-кемелеринин курсанттарына карата колдонулат.     10. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыла-рын үч айлык мөөнөттө ушул Декретке ылайык келтирсин.     11. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева