Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 11-июлу № 206
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
29-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Курорттук-рекреациялык мекемелерге тийиштүү уруксат берүүчү документтери, тазалоочу жайлары же пайдаланылган агынды сууларды чыгарууга, тазалоого келишими жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу келишими жок болгондо Ысык-Көл ЭЭТнын аймагында туристтик, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлгандан күндөн үч ай өткөндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев
|