МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 11-июлундагы № 206 «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция11.07.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 11-июлу № 206

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

29-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Курорттук-рекреациялык мекемелерге тийиштүү уруксат берүүчү документтери, тазалоочу жайлары же пайдаланылган агынды сууларды чыгарууга, тазалоого келишими жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу келишими жок болгондо Ысык-Көл ЭЭТнын аймагында туристтик, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.".

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам кол коюлгандан күндөн үч ай өткөндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К. Бакиев