МыйзамКүчүн жоготту

КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113» «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

2026-жылдын 23-июнундагы № 93

Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 19-июлу № 113

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү

өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене. "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1. Преамбуладагы "жана чарба жүргүзүшүнүн" деген сөздөр алып салынсын.

 

2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

"4-статья.

 

Пенсияларды жана пособиелерди төлөө мөөнөттөрү төлөп берүүнү жүзөгө ашырган ишканалар менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (мындан ары - фонддор) ортосундагы келишимдерде белгиленет (айына кеминде бир жолу).".

 

3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

"10-статья.

 

Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда пенсияларды төлөөгө каражаттардын жетишсиздиги республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.".

 

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева