МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182 «Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция25.10.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 25-октябры № 182

 

"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 260-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Коомдук кыйроодон сактоо кошуундары Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү тургундардын ичинен ыктыярдуу негизде түзүлөт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева