Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-ноябры № 197
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9. 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Мамлекеттик алымды бюджетке кириштөө
Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик алым:
- сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт:
- мамлекеттик нотариуска кайрылганда 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;
- жеке нотариуска кайрылганда 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө жеке нотариустун карамагына түшөт;
- жарандык абалдын актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдарга кайрылганда 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө калкты, автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фондуна түшөт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда 85 пайыз өлчөмүндө ыйгарым укуктуу органдын атайын блокирленген эсебине жана 15 пайызы калкты, автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фондуна түшөт;
- чет өлкөгө кетүү жана чет өлкөлүк адамдарды Кыргыз Республикасына чакыруу боюнча келүү укугуна документтерди жол-жоболоштуруу; бул документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү; паспорттор жана аларды алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу; жашап турууга укук берүү же аны узартуу; чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан кетүү укугуна виза берүү; Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү укугуна визаны узартуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылганда 90 пайыз өлчөмүндө республикалык бюджетке жана 10 пайызы калкты, автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фондуна түшөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |