Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-ноябры № 198

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 5, 73-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

2-статья "Манас"," деген сөздөн кийин "Курманжан Датка"," деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева