КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 10-ноябры № 203
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Мыйзам менен аскер кызматы белгиленген мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жайылтылат.".
2. 36-пункт "көлөмүндө" деген сөздөн кийин ", ысымы жазылган ок атуучу курал менен сыйлоону албаганда," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |