МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 203 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция10.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 10-ноябры № 203

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Мыйзам менен аскер кызматы белгиленген мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жайылтылат.".

2. 36-пункт "көлөмүндө" деген сөздөн кийин ", ысымы жазылган ок атуучу курал менен сыйлоону албаганда," деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева