Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 29-ноябры № 225
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы", "Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин
укуктук негизи
Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер түзөт.".
3. 4-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук коопсуздук органдары өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери убактылуу чектелиши мүмкүн. Чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде болушу керек.
Ушул Мыйзам менен дагы башка максаттарда укуктарга жана эркиндиктерге чектөөлөр жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан ашык даражада белгилениши мүмкүн эмес".
4. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын
тутуму
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык башкармалыктар, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр), мамлекеттик күзөт органы, ошондой эле аскердик контр чалгындоо органдары.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосу жана башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарынын ишмердигин координациялоо үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Антитеррористтик борбор түзүлөт.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Антитеррористтик борборунун жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
5. 9-статьяда:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган";
1-бөлүктөгү "борбордук" деген сөз алып салынсын.
6. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Аймактык улуттук коопсуздук органдары
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары Кыргыз Республикасынын өздөрүнө тиешелүү областтарда, Бишкек ш. улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иштерин жүргүзүшөт, карамагындагы шаардык, райондук бөлүмдөрдүн (бөлүмчөлөрдүн) иш-аракетин уюштурушат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларын өздөрү иштеген аймактагы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматтар менен камсыз кылып турушат.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын областтар, Бишкек ш. боюнча башкармалары жана аларга баш ийүүчү шаардык, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр) ыкчам-кызматтык иш-аракеттеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына көз каранды эмес".
7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Аскердик каршы чалгын органдары
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик каршы чалгын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик түзүлүштөрдү жана аскердик объекттерди каршы чалгындоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт.".
8. 12-14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруу
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын кызмат ордуна улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат.
Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Коллегия түзүлөт. Төрага жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегия мүчөлөрү болуп саналышат. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
13-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын чет мамлекеттердин
коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүсү
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн чет мамлекеттердин коопсуздук органдары менен байланыш түзүп, жана алар менен мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде өз ара аракеттенет.
14-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын Кыргыз Республикасынын
укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен өз
ара аракеттенүүсү
Улуттук коопсуздук органдары укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган, ошондой эле аларга ылайык улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тиешелүү ведомствонун актыларында кабыл алынган тартипте өз ара аракеттенет.".
9. 15-статьяда:
4-пункттагы "башка эл чарба объекттеринин" деген сөздөр "стратегиялык объекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттагы "Маанилүү эл чарба" деген сөздөр "Стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10. 16-статьяда:
8-пунктта "жана башка борбордук жана мамлекеттик органдардын" деген сөздөр ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат.".
11. 17-статьяда:
2-бөлүктө "Президенти " деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүктө "мыйзамдык" деген сөз "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин айрым категориясынын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларга ылайык чыгарылуучу актылары менен аныкталат.".
12. 23-статьянын 4-бөлүгүндө "жана маанилүү эл чарба объекттеринде" деген сөздөр "жана стратегиялык объекттерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 28-статьяда "Кыргыз Республикасынын Генеральный Прокурору жана ал полномочие берген прокурорлор" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |