Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 9-декабрь № 231
"Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 6, 184-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ички аскерлердин милдеттери
Ички аскерлердин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;
- ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого, коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абал режимин камсыз кылууга катышуу;
- Кыргыз Республикасын аймактык коргоого катышуу;
- чыр-чатак районун чектөө жана тосуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террористик топторду жана уюмдарды жоюуга, алардын базаларын (кампаларын), коммуникацияларын жок кылууга катышуу;
- ички куралдуу кагылышууларга бөгөт коюу жана каршылашып жаткан тараптарды ажыратуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу жана ички чыр-чатак болуп жаткан райондогу калктын куралын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- чыр-чатак районуна жанаша турган райондордогу коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону күчөтүү;
- аскердик абал киргизилген аймакка кирүүдө жана андан чыгууда өзгөчө тартипти сактоо, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилде ал боюнча эркин жүрүүнү чектөө:
- калкты куткарууга жана көчүрүүгө, кырсыктык-куткаруу жана өрткө, эпидемияларга жана эпизоотияларга каршы күрөшүүдө башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан саламаттык сактоо уюмдарына көмөктөшүү. Экстремалдык шарттарда (эпидемияда, өзгөчө кырдаалдарда, аскердик кырдаалдарда, табигый кырсыктарда, барууга кыйын жана коркунучтуу шарттардагы иштерде) иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди чечүү.".
2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Ички аскерлердин курамы
Ички аскерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:
- ички аскерлердин командачылыгы;
- ички аскерлерди аскердик башкаруу органдары;
- атайын жана оперативдүү багыттагы аскердик бөлүктөр жана подразделениелер;
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр жана подразделениелер;
- кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү окуу жайлары;
- камсыз кылуу бөлүктөрү жана подразделениелери;
- мекемелер (дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборлору).".
3. 8-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Бишкек шаары" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 9-статьяда:
3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүктө "Байланыш министрлиги, Транспорт министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр "байланыш, транспорт жана коммуникациялар, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 10-статьяда:
бешинчи абзацта "башкармасынын" деген сөз "Командалыгынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
жетинчи абзацта "Ички аскер башкармасынын начальнигинин орун басарларынын" деген сөздөр "Ички аскерлердин командачысынын орун басарларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 11-статьянын 3-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- офицерлердин, прапорщиктердин, катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө маселелерин чечет;".
7. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Ички аскерлердин командачылыгы
Ички аскерлердин командачылыгы ички аскерлерди башкаруунун негизги органы болуп саналат.
Ички аскерлердин командачылыгынын ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен белгиленет.".
8. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер
органдарынын начальниктеринин ыйгарым укуктары
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын начальниктери тийиштүү аймактарда (областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын) жайгашкан ички аскерлердин бөлүктөрү менен атайын жана оперативдүү багыттагы аскердик подразделениелеринин командирлерине карата улук оперативдүү начальник болуп саналат жана төмөнкүдөй ыйгарым укук тартат:
- тийиштүү аймактын чектеринде коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү үчүн аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин күчтөрүн жана каражаттарын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин уставында каралган тартипте тартууга;
- аскердик бөлүктөрдөн командирлери менен бирдикте аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелер үчүн кызматтык милдеттердин көлөмүн аныктоого;
- аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин кароолдорунун жана аскердик наряддарынын кызмат өтөөсүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ички иштер органдарынын подразделениелеринин жана ички аскерлердин атайын жана оперативдүү багыттагы аскер бөлүктөрүнүн подразделениелеринин биргелешкен окууларын жана машыгууларын өткөрүүгө катышууга;
- аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин командирлеринин кызматтык-күжүрмөн ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарын угууга;
- ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелеринин, анын ичинде милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келгендердин, ошондой эле ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык корголуусунун гарантияларын сактоо үчүн тиешелүү шарттарды түзүүдө командирлерге көмөк көрсөтүп турууга;
- ички аскерлер тарабынан кайтарууга алынган объектилерди инженердик-техникалык каражаттар менен жабдууну, кароолдук жайларды, аскердик шаарчаларды курууну жана жайгаштырууну, ошондой эле оңдоону уюштурууга.".
9. 14-статьянын 1-бөлүгүндө ", кызматчылардан жана жумушчулардан" деген сөздөр "жана жарандык кызматчы адамдардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 15-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 17-статьянын 2-бөлүгүндө "мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына" деген сөздөр "катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 18-статьянын 2-бөлүгүндө "(областтар, Бишкек шаары)" деген сөздөр "(областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын)" деген сөздөргө алмаштырылсын: "моторлоштурулган атайын аскердик бөлүктөрдүн подразделениесин" деген сөздөр "аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 19-статьянын аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү
багыттагы подразделениелердин милдеттери
Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:".
14. 20-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 22-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
16. 23-статьянын 1-бөлүгүндө:
"е" пунктунда "качып кеткен соттолгон адамдарды жана камактагыларды издөөгө" деген сөздөр алып салынсын;
"з" пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
17. 26-статьянын 1-бөлүгүндө:
"а" пунктунда "түзөтүү-эмгек мекемелеринин кызматкерлерине," деген сөздөр алып салынсын;
"з" пунктунда ", ошондой эле түзөтүү-эмгек мекемелеринин ишине тетири таасир берген аракеттерди" деген сөздөр алып салынсын.
18. 27-статьянын 1-бөлүгүндө:
"б" пунктунда "жана түзөтүү-эмгек мекемелеринин, соттун жана прокуратуранын кызматкерлеринин" деген сөздөр алып салынсын;
"и" пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
19. 28-статьянын 1-бөлүгүнүн "е" пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
20. 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана
ден соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу
Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу тартиби курман болгон (өлгөн) учурда, жаракат, травма, контузия алганда же аскердик кызмат өтөө, аскердик жыйындар мезгилинде ооруп калганда Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдетүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын "өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат".
21. 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
22. 37-статьянын 4-бөлүгүндө "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. 38-статьянын 4-бөлүгүндө "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларына" деген сөздөр "катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 40-статьяда:
4-бөлүгүндө "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларына" деген сөздөр "катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүмдө "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларынын" деген сөздөр "катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |