Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-марты № 46
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 8-статьяда:
7-пункту "камсыз кылууга жана сактоого" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга" деген сөздөр менен толукталсын;
12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;".
3. 15-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "аскердик же" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1474-XII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 6, 184-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 12-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 418-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 98 Мыйзамынын 6-статьясы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 358-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 11-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1033-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1671-ст.).
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |