Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1994-жылдын 14-апрели № 1474-XII
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1475-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери тапшырылган объектилерди коргоо боюнча кызматтык күжүрмөн милдеттерин аткарууга инсандардын, коомдун жана мамлекеттин таламдарын, граждандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин кылмыш жана башка укукка жат аракеттерден коргоого чакырылган.
2-статья. Ички аскерлердин милдеттери
Ички аскерлердин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;
- ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого, коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абал режимин камсыз кылууга катышуу;
- Кыргыз Республикасын аймактык коргоого катышуу;
- чыр-чатак районун чектөө жана тосуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террористтик топторду жана уюмдарды жоюуга, алардын базаларын (кампаларын), коммуникацияларын жок кылууга катышуу;
- ички куралдуу кагылышууларга бөгөт коюу жана каршылашып жаткан тараптарды ажыратуу;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү куралсыздандыруу жана жоюу жана ички чыр-чатак болуп жаткан райондогу калктын куралын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;
- чыр-чатак районуна жанаша турган райондордогу коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону күчөтүү;
- аскердик абал киргизилген аймакка кирүүдө жана андан чыгууда өзгөчө тартипти сактоо, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилде ал боюнча эркин жүрүүнү чектөө:
- калкты куткарууга жана көчүрүүгө, кырсыктык-куткаруу жана өрткө, эпидемияларга жана эпизоотияларга каршы күрөшүүдө башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан саламаттык сактоо уюмдарына көмөктөшүү. Экстремалдык шарттарда (эпидемияда, өзгөчө кырдаалдарда, аскердик кырдаалдарда, табигый кырсыктарда, барууга кыйын жана коркунучтуу шарттардагы иштерде) иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди чечүү.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Ички аскерлердин иштөө принциптери
Ички аскерлердин иши мыйзамдуулук, адам укуктарын урматтоо, жеке башкаруу, башкарууну борбордоштуруу, жалпыга милдеттүү аскердик милдет жана аскерлерди контракт боюнча ыктыярдуу тартипте комплектилөө принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
4-статья. Ички аскерлердин курамы
Ички аскерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:
- ички аскерлердин командачылыгы;
- ички аскерлерди аскердик башкаруу органдары;
- атайын жана оперативдүү багыттагы аскердик бөлүктөр жана подразделениелер;
- стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр жана подразделениелер;
- кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү окуу жайлары;
- камсыз кылуу бөлүктөрү жана подразделениелери;
- мекемелер (дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборлору).
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Ички аскерлердин негизги фондулары
Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелеринин, аскер-окуу жайларынын жана мекемелеринин турак-жайлары жана башка курулуштары, окуу объектилери, андагы окуу-материалдык база жана милдеттерин аткаруу үчүн ички аскерлер пайдалануучу табелдик инженердик комплекстер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат жана ички аскерлердин негизги фондуларын түзөт. Бул саналып өткөн жана аларга бөлүнгөн башка мүлккө карата ички аскерлер оперативдүү башкаруу укугунан пайдаланат.
Ички аскерлер жерди пайдаланууну, аба мейкиндиктерин пайдаланууну Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
6-статья. Ички аскерлердеги кызматтык мамиле жана иш кагаздарын жүргүзүү тили
Ички аскерлерде кызматтык мамиле жана иш кагаздарын жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде жүзөгө ашырылат.
(КР 2002-жылдын 25-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Ички аскерлердин ишинин укуктук негизи, аскер
кызматчыларынын жоопкерчилиги жана граждандардын укуктары
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары ички аскерлердин ишинин укуктук негизин түзөт.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларына граждандардын кадыр баркын кетирүүгө тыюу салынат. Ички аскерлердин кызматчыларына граждандардын укуктарын жана эркиндиктерин ар кандай чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте гана жол берилет.
Аскер кызматчылары граждандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган учурда командирлер жана начальниктер граждандардын укуктарын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чара көрүүгө, күнөөлүүлөрдү дисциплинардык жана уголовный жоопкерчиликке тартууга милдеттүү.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аракеттери жогору турган командирге (начальникке), аскер прокуратурасынын органдарына жана сотко белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
II бөлүм
Ички аскерлердин мамлекеттик органдар менен өз ара мамилеси
8-статья. Ички аскерлердин областтардын, Бишкек жана Ош
шаарларынын мамлекеттик администрациялары жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара
аракеттенүүсү
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бийлик укуктарынын чегинде:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана ички аскерлеринин командачысынын ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин түзүү боюнча сунуштарын кароого катышат;
- ички аскерлердин иш-аракети үчүн аларга тийиштүү шарттарды түзүп берет, ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук жана социалдык жана коргоонун гарантияларын ишке ашырууну камсыз кылат;
- аскердик формированиелерди чакырылуучулар менен комплектөөдө ички аскерлердин командованиесине көмөк көрсөтөт;
- создуктурууга болбой турган учурларда ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн өздүк курамын алар туруктуу жайгашкан жеринде Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине токтоосуз билдирүү менен авариянын, кыйроонун, өрттүн, табият кырсыктарынын, эпидемиялардын жана эпизоотиялардын кесепеттерин жоюу үчүн тартат.
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аймактарында жайгашкан ички аскерлердин турган жери өзгөргөндүгү жөнүндө кайрылган учурда аскерлерди жаңы жерге көчүрүү жана жайгаштыруу боюнча бардык чыгымдар тийиштүү административдик аймактык түзүлүштүн бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Бул чыгымдарга өздүк курамды, байланыш объектилерин жана окуу материалдык базаны, социалдык, маданий, турмуш тиричилик жана башка багыттагы курулуштар менен имараттарды көчүрүп жайгаштыруу үчүн аскер шаарчаларын, турак-жайларды курууга жана жабдууга кетүүчү чыгашалар кирет, аталган жайлардын курулушу аскер бөлүктөрүн көчүрүү башталганга чейин аяктоого тийиш.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен Ички
аскерлердин өз ара аракеттенүүсү
Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары өздөрүнүн бийлик укуктарынын чегинде ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда аларга көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги граждандарды аскер кызматына жана ички аскерлердин жыйындарына чакырууну ишке ашырат, ички аскерлер өзгөчө кырдаалдын шартында өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарган учурда алардын өздүк курамын жана техникасын ташуу үчүн аскер-транспорт авиациясынын самолетун берет, келишимдик негизде ички аскерлердин офицер кадрларын даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жардам көрсөтөт.
(Үчүнчү бөлүк КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Транспорттун бардык түрлөрүн башкаруу органдарынын кызмат адамдары, аскер коменданттары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскердик жана атайын жүк ташуу органдарынын өкүлдөрү ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусунда транспортто жүрүүсүнө көмөк көрсөтөт, ал эми өзгөчө жагдайларда кезексиз көмөк көрсөтөт.
Коргоо министрлиги, байланыш, транспорт жана коммуникациялар, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери менен ведомстволору өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу жана өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюу боюнча ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү жана подразделениелери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарган учурда аларды башкаруу үчүн байланыш линияларын жана каналдарын акысыз берет.
Мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын көрсөтүлгөн милдеттерин ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм
Ички аскерлерге жетекчилик
10-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин бийлик укуктары
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:
- ички аскерлерге жетекчиликти ишке ашырат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин туура аткарылышы үчүн жооп берет;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткарып, ички аскерлердин ишин уюштуруу маселелери боюнча нормативдик актыларды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- ички аскерлер Командалыгынын структурасын жана штатын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ички аскерлердин жалпы санынын өзгөрүшү, уюштуруу структурасы жана дислокациясы жөнүндө сунуш киргизет;
- ички аскерлердин командачысын дайындоого көрсөтөт жана офицерлерге жогорку офицердик курамын аскер наамдарын ыйгарууну сунуш кылат;
- ички аскерлердин командачысынын сунушу боюнча офицерлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлердин командачысынын орун басарларынын кызматына жана аскер бөлүктөрүнүн командирлигине дайындайт, ошондой эле аларды кызматтарынан бошотот;
- баштапкы аскердик офицердик наамдарды, ошондой эле аскерлердин офицерлерине кезектеги: подполковник, полковник наамдарын ыйгарат;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык офицерлерди аскер кызматынан бошотот;
- ички аскерлердин командачысы, ички иштердин аймактык органдары аркылуу, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары аркылуу ички аскерлерге чакырылуучу толуктоону иликтөө жана тандап алуу ишин уюштурат;
- ички аскерлердин курман болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө ишке орноштурууда, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык материалдык жана турмуш тиричилик жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтөт;
- ички аскерлердин командачысы менен биргелешип Аскер кызмат уставынын талаптарын эске алуу менен аскердик бөлүктөргө (подразделениелерге) ыйгарылуучу кызматтык аскердик милдеттердин көлөмүн аныктайт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички
аскерлеринин командачысынын бийлик укуктары
Ички аскерлердин командачысы ички аскерлерди тикеден-тике башкарууну жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачысы тынчтык жана согуш мезгилинде ички аскерлердин аскердик жана мобилизациялык даярдыгын кармоо жана аларга жүктөлгөн милдеттин ийгиликтүү аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Ички аскерлердин командачысы:
- Ички аскерлердин бүтүндөй өздүк курамынын түздөн-түз начальниги болуп саналат;
- кызматтык-аскердик милдеттерди аткаруу кызыкчылыгында белгиленген сандын чегинде ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана подразделениелеринин штаттарын бекитет;
- ички аскерлерди мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары менен комплектөө пландарын иштеп чыгууну уюштурат, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына ылайык аларды аскер кызматынан бошотот;
- приказдарды, директиваларды, инструкцияларды, жоболорду чыгарат;
- ички аскерлерди аскердик жана мобилизациялык даярдоо пландарын жана программаларын, ошондой эле илимий изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин пландарын бекитет;
- офицерлердин, прапорщиктердин, катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө маселелерин чечет;
- офицерлерге аскердик наам ыйгарат жана майорду кошкондо ага чейинки офицерлерди аскердик кызматынан бошотот;
- өздүк курамы үчүн материалдык базанын өнүгүшүн жана зарыл болгон социалдык-турмуш-тиричилик шарттарынын түзүлүшүн камсыз кылат;
- ички аскерлердин аскер кызматчыларын, кызматчыларды жана жумушчуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча аскердик жана башка техниканы жана мүлктү аскерлердин куралдануусуна (жабдууга) кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген тартипте жараксыз болгон мүлктү же керектелген материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын аскердик (бюджеттик) эсептен чыгарат;
- өзгөчө абалдын укуктук режимин киргизүү шартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри берген бийлик укуктардын көлөмүндө ички аскерлердин, өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу үчүн тартылган тиешелүү аймактык ички иштер органдарынын аракетин координациялайт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Ички аскерлердин командачылыгы
Ички аскерлердин командачылыгы ички аскерлерди башкаруунун негизги органы болуп саналат.
Ички аскерлердин командачылыгынын ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен белгиленет.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер
органдарынын начальниктеринин ыйгарым укуктары
Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын начальниктери тийиштүү аймактарда (областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын) жайгашкан ички аскерлердин бөлүктөрү менен атайын жана оперативдүү багыттагы аскердик подразделениелеринин командирлерине карата улук оперативдүү начальник болуп саналат жана төмөнкүдөй ыйгарым укук тартат:
- тийиштүү аймактын чектеринде коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү үчүн аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин күчтөрүн жана каражаттарын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин уставында каралган тартипте тартууга;
- аскердик бөлүктөрдөн командирлери менен бирдикте аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелер үчүн кызматтык милдеттердин көлөмүн аныктоого;
- аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин кароолдорунун жана аскердик наряддарынын кызмат өтөөсүн контролдоону жүзөгө ашырууга;
- ички иштер органдарынын подразделениелеринин жана ички аскерлердин атайын жана оперативдүү багыттагы аскер бөлүктөрүнүн подразделениелеринин биргелешкен окууларын жана машыгууларын өткөрүүгө катышууга;
- аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелердин командирлеринин кызматтык-күжүрмөн ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарын угууга;
- ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелеринин, анын ичинде милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келгендердин, ошондой эле ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык корголуусунун гарантияларын сактоо үчүн тиешелүү шарттарды түзүүдө командирлерге көмөк көрсөтүп турууга;
- ички аскерлер тарабынан кайтарууга алынган объектилерди инженердик-техникалык каражаттар менен жабдууну, кароолдук жайларды, аскердик шаарчаларды курууну жана жайгаштырууну, ошондой эле оңдоону уюштурууга.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV бөлүм
Ички аскерлерде кызмат өтөө
14-статья. Ички аскерлердин кадрлары
Ички аскерлердин кадрлары аскер кызматчыларынан жана жарандык кызматчы адамдардан турат.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аскердик наамдары, ошондой эле алар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген даража белгилери жана кийимдери болот. Аларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө шарттарын жөнгө салган нормативдик актылары жана ошол мыйзамда каралган кыскартууларды жана толуктоолорду эске алуу менен жалпы аскердик уставдардын талаптары колдонулат.
Ички аскерлердин кызматчылары менен жумушчуларынын кызматтык жана эмгектик иш-аракети Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Ички аскерлердеги аскер кызматы
Ички аскерлерди комплектөө контракт боюнча ыктыярдуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын граждандарын аскер кызматына чакыруу негизинде жүргүзүлөт.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө шарттары, тартиби жана мөөнөтү, алардын статусу, укуктары жана милдеттери, кызмат жагынан которуштуруу, аскердик наамдарды ыйгаруу, аттестациялоо, бошотуу жана пенсия менен камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрү бар Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланат, ал чектөөлөр аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган.
(Төртүнчү бөлүк КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Ички аскерлердин кадрларын даярдоо
Ички аскерлер үчүн офицерлерди даярдоо республиканын аймагындагы жогорку окуу жайларда, аскер окуу жайларында келишимдик шартта ишке ашырылат.
Прапорщиктерди, сержанттарды (старшиналарды) жана адис-солдаттарды даярдоо ички аскерлердин окуу бөлүктөрүндө жүргүзүлөт. Ички аскерлердин офицердик курамынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу граждандык министрликтердин аскер окуу жайларынын факультеттеринде, кафедрасында жана курстарында ишке ашырылат.
V бөлүм
Ички аскерлерди аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тартуу
17-статья. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жана
подразделениелеринин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди
аткаруу тартиби
Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнө жана подразделениелерине жүктөлгөн аскердик милдеттерди аткаруусунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин Уставы жана министрликтин нормативдик актылары менен аныкталат.
Өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында аскердик бөлүктөрдү жана подразделениелерди милдетин аткарууга тартуунун узактыгы эреже катары 3 айдан ашпоого тийиш. Мында офицерлерге, прапорщиктерге, катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына өтөгөн кызматынын ар бир айы узак жылдар иштегенде пенсияга укук берген 3 айга тете эсептелет, ал эми мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын 1 айы пенсия дайындатуучу эмгек стажысынын 3 айына эсептелет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө жогорулатылган акчалай акы төлөнөт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана
подразделениелерин алар жайгашкан райондордун чегинен
тышкары жерде милдеттерин аткарууга тартуу
Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү менен подразделениерин алар жайгашкан райондордун чегинен тышкары жерде милдеттерин аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кабыл алынган чечим жөнүндө ички аскерлердин командачысына милдеттүү түрдө билдирүү менен тийиштүү аймактардын чегинде (областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын), коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү үчүн 1 айга чейинки мөөнөткө аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелерди тартууга улук оперативдүү начальниктерге укук берилет.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI бөлүм
Ички аскерлердин милдеттери жана укуктары
19-статья. Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү
багыттагы подразделениелердин милдеттери
Аскердик бөлүктөр менен атайын жана оперативдүү багыттагы подразделениелерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- шаарда жана калктуу пункттарда патруль-пост кызматын өтөө аркылуу коомдук тартипти коргоо, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер органдары менен бирге катышуу;
- адамдарды аман сактоо, кароосуз калган мүлктү кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүдө, аварияда, кыйроодо, өрттө, табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө жагдайларда, ошондой эле өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү;
- калктуу пункттарда, ал эми зарыл учурда түзөтүү-эмгек мекемелеринде массалык баш-аламандылыктарды басууга катышуу;
- ушул статьяда каралган милдеттерди ички аскерлер аткарган райондордо чалгындоо мүнөзүндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
Ички аскерлерди санкцияланбаган митингилерди, көчө жүрүштөрүн жана зомбулук мүнөзүндө болбогон демонстрацияларды басуу үчүн тартууга тыюу салынат.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Түзөтүү-эмгек мекемелерин күзөтүү жана камактагыларды
айдоо боюнча аскердик бөлүктөрдүн милдеттери
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү
кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөрдүн милдеттери
Маанилүү мамлекеттик объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөргө төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:
- маанилүү мамлекеттик объектилерди, коммуникациялык курулуштарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге кирген атайын жүктөрдү кайтаруу;
- кайтарылуучу объектилерде жана курулуштарда авариялардын, кыйроолордун, өрттүн, табият кырсыгынын жана башка өзгөчө жагдайлардын кесепеттеринен жоюуга катышуу;
- кайтаруудагы аймакка өткөн адамдарды издөөгө жана кармоого катышуу.
22-статья. Авиациялык аскердик бөлүктөрдүн милдеттери
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ички
аскерлердин аскер кызматчыларынын укуктары
Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн аскердик милдеттерин аткарууда төмөндөгү укуктарга ээ:
а) граждандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, кылмыштарды, административдик укук бузууларды жана өз милдеттерин аткарууга тоскоол болгон аракеттерди токтотууну талап кылууга;
б) граждандардын жана кызмат адамдарынын кылмыш жасоосунан же административдик укук тартибин бузуусунан шек келтирген жетиштүү негиздер болгон учурда, алардын ким экендигин далилдеген документтерин текшерүүгө;
в) укук тартибин бузган же андай иш жасоого аракеттенген адамдарды, же ким экендигин тактоо максатында кармоо жана милиция органдарына жеткирүүгө;
г) кайтарылуучу объектиге кирген адамдарды милиция органдарына өткөрүп бергенге чейин 3 саатка чейин кармоого жана ички аскерлердин кызматтык жайларында кармап турууга, алардын жеке өздөрүн карап чыгууга, буюмдарын текшерүү, алардын буюмдарын жана документтерин алып коюуга;
д) ички аскерлер кайтарган объектилерде белгиленген эрежелерге ылайык транспорт каражаттарын текшерип чыгууга;
е) дипломаттык иммунитети бар адамдардан тышкары менчигинин түрүнө карабастан сутканын ар кандай мезгилинде күзөттөгү ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында тоскоолсуз кирүү жана коомдук тартипке, граждандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү укук тартибин бузууга жол бербөө максатында аларды карап чыгуу; кайтарылуучу аймакка кирген адамдарды издөө жана кармоо;
ж) улук оперативдүү начальниктин чечими боюнча, ал эми бөтөнчө бир учурларда - аскер бөлүгүнүн же подразделениесинин командиринин чечими боюнча качып кеткен соттолгондорду жана камакка алынгандарды издөөдө жер участкаларын, айрым курулуштарды жана башка объектилерди курчоо, кайтаруудагы аймакка өткөн адамдардын артынан түшүү, массалык баш аламандыкты жана коомдук тартипти топтошуп бузууну токтотуу, ошондой эле табият кырсыгынын, авариялардын, башкача өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюуда зарылчылыгына жараша транспорт каражаттарын карап чыгууга;
з) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
и) ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда аларга көмөк көрсөтүүдө айырмаланган граждандарды колдоого.
Өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында милдеттерди аткарууда ички аскерлерге өзгөчө абалдын укуктук режими жөнүндө мыйзамга ылайык кошумча укуктар берилет.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII бөлүм
Ички аскерлердин мажбурлоо чараларын колдонушу
24-статья. Күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника
колдонуунун шарттары жана чектери
Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте гана күч колдонууга, атайын каражаттарды, табелдик куралдарды жана штаттык аскердик техниканы сактоого жана колдонууга укуктуу.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары атайын даярдыктан өтүүгө, ошондой эле мезгил-мезгили менен күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонуу менен байланышкан шарттарда аракеттенүүгө жарактуулугун, ошондой эле жапа чеккендерге врач келгенге чейин жардам көрсөтө билүүсүн текшертип турууга милдеттүү.
Күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууда ички аскерлердин аскер кызматчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууну, создуктуруу граждандардын, аскер кызматчыларынын же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден тике коркунуч түзүп, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон же алдын ала эскертүү жасоо ошол жагдайда орунсуз болгон же мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү, күч, атайын каражат, курал же аскердик техника колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүү жасоого;
- дене боюнунан жаракат алгандарга врач келгенге чейинки жардамды камсыз кылууга;
- күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонуунун ар бир учуруу жөнүндө команда боюнча билдирүүгө.
Ички аскерлердин тийиштүү командирлери жана начальниктери күч, атайын каражат, курал жана аскердик техника колдонууда жарадар болуунун же курман болуунун бардык учурлары жөнүндө прокурорго токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Күч, атайын каражат, курал же аскердик техниканы өз бийлик укуктарынын чегинен чыгуу менен колдонуу аскер кызматчыларын мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга алып келет.
25-статья. Күч колдонуу
Ички аскерлердин аскер кызматчылары эгерде башка ыкмалар аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кыла албаса, кылмыштын же административдик укук бузуунун жолуна бөгөт болуу, андай аракеттерди жасаган адамдарды кармоо, өзүн коргоо, ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүүнү жоюу үчүн күч, анын ичинде күрөштүн аскердик ыкмаларын жана колдо бар каражаттарын колдонууга укуктуу.
26-статья. Атайын каражаттарды колдонуу
Ички аскерлердин аскер кызматчылары төмөндөгү учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу;
а) граждандарга, аскер кызматчыларына же ички иштер органдарынын кызматкерлерине кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
б) ички аскерлердин аскер кызматчыларына каршылык көрсөтүүнү басуу үчүн;
в) граждандардын өмүрүнө, ден соолугуна же менчигине каршы кылмыш жасоодо бетме-бет келген же качууга аракет жасаган адамдарды кармоо үчүн;
г) куралдуу каршылык көрсөтүүгө ниеттене тургандыгы жөнүндө жетиштүү негиздер болгон адамдарды кармоо үчүн;
д) кармалган адамдар же административдик камакка алынган адамдар жана камакта олтурган адамдар өзүнүн жүрүш-турушу менен качууга же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтирүүгө шек туудурган учурда мындай адамдарды милиция органдарына жеткирүү, айдап баруу жана аларды коргоо үчүн;
е) аскер шаарчаларына, аскер эшелондоруна жана колонналарына, кайтаруудагы объектилерге, имараттарга жана жүктөргө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
ж) барымтадагыларды, басып алган имараттарды жайларды, курулуштарды, транспорт каражаттарын жана участкаларды бошотуу үчүн;
з) массалык баш аламандыкты жана транспорттун, байланыштын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин бузган аракеттерди токтотуу үчүн;
и) өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында айдоочулары алардын токтотууга мыйзамдуу талаптарын аткарбаган транспорт каражаттарын токтотуу үчүн, ошондой эле транспорт каражаты менен качкан соттолгон адамдарды же камактагы адамдарды кармоодо;
к) соттолгон жана камакка алынган адамдар кайтаруудан качып чыкканда аларды издөө жана кармоо үчүн.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары атайын каражат катары төмөндөгүлөрдү пайдалана алышат:
- резина союлдар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- жаш агызуучу газ - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- кол кишендер - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн б, в, д, к, пункттарында каралган учурларда. Кол кишендери болбогон учурларда аскер кызматчысы байлоо үчүн колунда бар каражатты пайдаланууга укуктуу;
- жарык, үн чыгаруучу, алагды кылуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, г, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- тосмолорду бузуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн г, ж, к пункттарында каралган учурларда;
- транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн и, к пункттарында каралган учурларда;
- суу бүркүчтөр жана бронемашиналар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда жана колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго маалымдоо менен улук оперативдүү начальниктин (оперативдүү) көрсөтмөсү боюнча гана;
- үйрөтүлгөн иттер - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, д, з, к пункттарында каралган учурларда.
Атайын каражаттардын бардык түрлөрү ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда колдонулушу мүмкүн.
Кош бойлуулуктун белгиси байкалган аялдар, майыптыгы айкын адамдар жана балдар куралдуу каршылык көрсөтпөсө, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен кол салбаса, аларга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Коргонуу зарыл болгон учурда же өтө зарылчылыкта ички аскерлердин аскер кызматчысы атайын каражаты же ок ата турган куралы болбосо, өзүнүн колунда бар ар кандай каражаттарды колдонууга укуктуу.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-статья. Курал колдонуу
Ички аскерлердин аскер кызматчылары төмөндөгү учурларда курал колдонууга укуктуу:
а) граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан аларды коргоо үчүн;
б) аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, ошондой эле алардын куралын ээлеп алуу аракеттерин басуу үчүн;
в) барымтадагы адамдарды, басып алынган кайтаруудагы объектилерди, имарат жайларды, жүктөрдү жана аскердик техниканы бошотуу үчүн;
г) граждандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине каршы кылмыш жасаган адамдарды, ошондой эле куралдуу каршылык көрсөткөндөрдү кармоо үчүн;
д) кылмыш жасады деген шек менен кармалган адамдардын, аракетине жараша камакка алуу чарасы колдонулган адамдардын, эркинен ажыратуу жазасына соттолгон адамдардын камактан качып чыгуусуна бөгөт болуу үчүн, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын зомбулук колдонуп бошонууга жасаган аракеттерин басуу үчүн;
е) милиция кызматкеринин же аскер катчысынын мыйзамдуу талабына баш ийбей айдоочу өзгөчө абалдын укуктуу режиминин шартында токтотуудан баш тартса, анын транспорт каражатына зыян келтирип токтотуу үчүн;
ж) аскер шаарчаларына, аскердик эшелондорго жана колонналарга, кайтаруудагы объектилерге, курулуш жайларга жана жүктөргө, граждандардын турак жайына, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жайларына, топтошуп же куралдуу-кол салуунун, анын ичинде транспорт каражаттарын пайдалануу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
з) укукка каршы аракеттерди токтотууга жана колундагы куралын жана аскердик техниканы тапшырууга мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткан куралдуу топтордун каршылыгын басуу үчүн;
и) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
к) курал колдонуу, кооптонуу (тревога) жана жардам чакыруу белгисин берүү жөнүндө граждандарга эскертүү үчүн.
Курал күтүүсүз кол салууда, куралдуу каршылык көрсөтүүдө, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, дарыя кемелерин пайдалануу менен кол салгандардын мизин кайтарууда, камактагылар курал менен же транспорт каражаттарынын учуучу аппараттардын жардамы менен качканда, ошондой эле көрүү чектелген шартта (бүдөмүктө, иңирде, туманда ж.б.) качкан учурда же транспорт каражаты менен алып бара жатканда качкан учурда эскертүүсүз колдонулат.
Аялдар, майыптыгы ачык көрүнгөн адамдар, жашы жетпегендиги даана сезилип тургандар куралдуу каршылык көрсөтпөсө, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, топтошуп кол салбаса, аларга карата курал колдонууга тыюу салынат.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-статья. Аскердик техниканы колдонуу
Ички аскерлердин куралдануусунда турган штаттык аскердик техника төмөндөгүдөй учурларда колдонулат:
а) барымтадагыларды, басылып алынган кайтаруудагы объектилерди, курулуш жайларды, жүктөрдү жана аскердик техниканы бошотуу үчүн;
б) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды кармоо үчүн;
в) өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында транспорт каражатын токтотуу үчүн;
г) аскер шаарчаларына, аскердик эшелондорго жана колонналарга, кайтаруудагы объектилерге, имарат жайларга жана жүктөргө, граждандардын турак жайларына, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын турак жайларына топтошуп же куралдуу кол салуунун, анын ичинде транспорт каражаттарын пайдалануу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
д) укукка каршы аракеттерди токтотуу жана колундагы куралы менен аскердик техникасын тапшыруу жөнүндө ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан куралдуу топторун каршылыгын басуу үчүн;
е) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын жеке
коопсуздугунун гарантиялары
Ички аскерлердин аскер кызматчысы түзүлгөн жагдайда ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралагандай курал колдонуу үчүн негиз пайда болушу мүмкүн деп эсептесе, куралын чыгарууга жана аны даярдык абалына келтирүүгө укуктуу.
Кармалган адам Ички аскерлердин аскер кызматчысына бычак же ок атуучу курал, же денеге жаракат келтирүүчү башка бир нерселер менен жакындоого аракет жасаса, аскер кызматчысы көрсөткөн аралыкты сактабаса, аскер кызматчысынын буйругун укпастан кийиминен бир нерсе алып чыгууга, ошондой эле аскер кызматчысынын куралына кол тийгизүүгө аракет жасаса, аскер кызматчысы зомбулук катары баалашы мүмкүн болгон башка коркунучтуу кыймыл-аракеттер болсо, ага ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгүнүн б) пунктуна ылайык, курал колдонууга укук берет.
Аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу таламында аскер бөлүктөрүнүн жайгашкан (которулуп жайгашкан) жери, куралдуу кылмышкер топтор менен кагылышууга катышкан ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат өтөгөн жана жашаган жери жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына чыгарууга жол берилбейт. Ички аскерлердин аскердик-кызмат иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысынын уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.
VIII бөлүм
Ички аскерлердин аскер кызматчыларын укуктук жана социалдык жактан коргоо гарантиялары
30-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу
талаптарын аткарууга милдеттүүлүк
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын Кыргыз Республикасынын граждандары менен адамдары аткарууга милдеттүү.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо жана аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга кылуучу аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.
31-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын аракетине
кийлигишүүгө жол берилбестик
Ички аскерлердин аскер кызматчысы кызмат өтөөдө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып, мыйзамды гана жетекчиликке алып, бийлик өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосу астында турат.
Ушул Мыйзамда тике бийлик укугу бар адамдардан тышкары Ички аскерлердин аскер кызматчысынын мыйзамдуу аракетине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Ушул Мыйзамда Ички аскерлерге жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга Ички аскерлердин аскер кызматчысын мажбурлоого эч кимдин укугу жок.
32-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын көрсөтмө бериши
Ал жапа чегүүчү же күбө болуп саналган кылмыш же административдик уку бузуу жөнүндөгү иш боюнча Ички аскерлердин аскер кызматчысынын берген көрсөтмөлөрү мыйзамда аныкталган тартипте алынган далилдер менен бир катарда бааланат.
33-статья. Соттук коргоого Ички аскерлердин аскер кызматчысынын укугу
Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоого, анын ичинде аскер кызматынан бошотулгандыгы жөнүндө приказды аскер сотуна даттанууга укуктуу.
34-статья. Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана
ден соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу
Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу тартиби курман болгон (өлгөн) учурда, жаракат, травма, контузия алганда же аскердик кызмат өтөө, аскердик жыйындар мезгилинде ооруп калганда Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдетүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын "өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларын турак жай менен
камсыз кылуу
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
36-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларын телефон менен
камсыз кылуу жана балдардын мектепке чейинки
мекемелеринде алардын балдарына орун берүү
Ички аскерлердин аскер кызматчылары (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан башкасы) кызматтык зарылчылык болгон учурда квартира телефондорун кезексиз койдурууга укуктуу.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын балдарына мектепке чейинки балдар мекемелеринен орун жергиликтүү органдар, тийиштүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, ведомстволор, ишканалар жана мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген жеңилдик шартта акы төлөтүү менен арыз берген күндөн тартып алты айдын ичинде берилет.
37-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана алардын
үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык жактан камсыздоо
Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын медициналык жактан камсыз болуу укугу аскерлерде санитардык-гигиеналык, профилактикалык жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү, аскер кызматчыларынын саламаттык абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүү, алар жарадар болгондо же ооруп калганда медициналык жардам көрсөтүү, аларга дары-дармектерди жана ар түрдүү медициналык кызматтарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык мекемелеринде акысыз көрсөтүү берүү жолу менен ишке ашырылат.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерствосунун дарылоо мекемелеринде амбулаториялык жана стационардык дарылоого кабыл алынат, ал эми келишимдик башталышта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бюджетинин эсебинен - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери менен ведомстволорунун дарылоо-профилактика мекемелеринде кабыл алынат.
Зарыл учурда ички аскерлердин аскер кызматчыларына шашылыш медициналык жардам көрсөтүү керек болгондо, мындай жардам аларга Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин жакын арадагы медициналык мекемесинде же Кыргыз Республикасынын башка ар кандай саламаттык сактоо мекемесинде акысыз көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин дарылоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн өтүү укугуна ошондой эле офицердик курамга киргендердин, прапорщиктердин катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле аскер кызматынан запаска же отставкага бошонгон жана 20 календарлык жылдан кем эмес узакка иштеген аскер кызматчылары да укуктуу.
Ички аскерлердин аскер шаарчаларынын объектилеринде санитардык көзөмөл Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын акысыз жүрүү укугу
Ички аскерлердин аскер кызматчылары кызматтык милдетин аткарууда шаар ичинде, шаар четине каттаган жана жергиликтүү каттамадагы коомдук транспорттун (жеңил таксиден башка) бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланат.
Транспорт коммуникацияларында же өзгөчө абалдын укуктук режими киргизилген райондордо кызмат өтөгөн ички аскерлердин аскер кызматчылары мындан тышкары, участкаларда тейлөө чегинде поезддерде акысыз жүрүүгө укуктуу.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары өз үй-бүлө мүчөлөрү менен (мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын үй-бүлөсү кирбейт) бирге республиканын чегинде кезектеги отпусканын өткөрүүчү жерге барганда жана кайтып келгенде акысыз жүрүү укугуна ээ.
Өз транспортун кызматта пайдаланган офицерлерге, прапорщиктерге жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө акчалай компенсация төлөнөт.
(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат сапарындагы укуктары
Ички аскерлердин кызмат сапарына жөнөтүлгөн аскер кызматчылары транспорттун бардык түрлөрүнө жүрүү документтерин кезексиз сатып алууга жана кызмат сапарынын күбөлүгү боюнча мейманканага кезексиз жайгаштырууга укуктуу.
40-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчыларын социалдык
турмуш-тиричилик жактан камсыздоо
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-турмуш тиричилик жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн белгиленген тартипте аскердик соода органдары, ошондой эле башка соода мекемелери аркылуу аларга аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин, мекемелердин начальниктеринин заявкалары боюнча бөлүнгөн ресурстардан жүргүзүлөт.
(2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15 жана андан ашык календарлык жыл эмгектенген ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана ошончо жыл кызмат кылып, жашына, оорусуна, аскерлердин санынын жана штаттардын кыскарышына же ден соолугунун начарлашына байланыштуу аскер кызматынан бошотулгандарга, курман болгон аскер кызматчыларынын же аскер кызматын аткарууга байланыштуу жарадар болуунун, контузиянын, майыптык алуунун, оорунун кесепетинен көз жумган аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленгендегиден төмөн болбогон нормалар боюнча өзүмдүк турак үйлөрдү курууга жана бакча-огород чарбасын күтүүгө жер участкалары акысыз берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө тийиштүү турак жай курулушун салууга ссуда берилет.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары аскер кызматынан бошотулганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аларга бир жолку берилүүчү пособие төлөнөт.
20 жана андан ашык календарлык жыл кызмат кылган офицерлерге, прапорщиктерге жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына алардын өтүнүчү боюнча баштапкы калдык наркы боюнча ички аскерлердин куралдануусунда турган автомобилдер жана автотрактордук техника Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министри белгилеген тартипте сатылышы мүмкүн.
Алыскы гарнизондордо жана ишке орноштуруу мүмкүн болбогон жерлерде кызмат өтөп жатышкан офицерлердин, прапорщиктердин жана катардагы, сержанттык курамдардын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аялдарына ай сайын социалдык пособие төлөнөт, анын суммасы эмгек акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмүнө барабар. Ал эми мындай пособие алган мезгил жалпы эмгек стажысына киргизилет.
Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген социалдык жана укуктук гарантиялардын башка нормалары, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча - ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тийиштүү категориялары үчүн каралган социалдык жана укуктук гарантиялардын нормалары толук көлөмүндө жайылтылат.
Жергиликтүү аткаруу бийлик органдары ички аскерлердин аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоонун ушул Мыйзамда каралбаган кошумча гарантияларын белгилей алышат.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
IX бөлүм
Ички аскерлерди финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
41-статья. Ички аскерлерди финансылоо
Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен өзүнчө финансыланат.
42-статья. Ички аскерлерди материалдык-техникалык жана аскердик
жактан камсыздоо
Аскер бөлүктөрүнүн аткаруучу милдетин эске алуу менен ички аскерлерди материалдык-техникалык жана аскердик жактан камсыздоонун тартиби жана нормалары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Аскердик техниканы оңдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оңдоочу ишканаларында ички аскерлердин келишимдеринин (заявкаларынын) негизинде жүргүзүлөт.
Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүн (подразделениелерин) жайгаштыруу үчүн объектилерди куруу же берүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген тартипте жана нормалар боюнча (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктай турган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен) ички аскерлер кайтарган объектилер карамагында турган министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт, ал эми ички аскерлер башкармасын, аскердик бөлүктөрдү, окуу авиациялык, оперативдүү багыттагы жана атайын моторлоштурулган аскердик бөлүктөрдү, ички аскерлердин мекемелерин жана аскердик-окуу жайларын, камсыз кылуучу бөлүктөрүн жайгаштыруу үчүн объектилерди куруу же берүү - Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын жана материалдык ресурстар менен борбордоштуруп камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктөрдү (подразделениелерди) жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аскер шаарчаларын, имараттарды жана курулуштарды оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, мында анын кызыкчылыгында ички аскерлердин өздүк курамы кызматын аткарып жаткан министрликтер менен ведомстволор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул максатка бөлгөн адам жана материалдык ресурстар колдонулат.
Инженердик-техникалык каражаттарды куруу, капиталдык оңдоо реконструкциялоо жана аларды эксплуатациялоону камсыз кылуу карамагында ички аскерлер коргоочу объектилер турган министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Ички аскерлер башкармасынын, окуу бөлүктөрүнүн, авиациялык аскердик бөлүктөрдүн, оперативдүү багыттагы аскердик бөлүктөрдүн, жана атайын моторлоштурулган аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин жана аскер имараттарын оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө ички аскерлерди камсыз кылуучу бөлүктөрдүн аскер окуу жайларынын, ички аскерлерди камсыз кылуучу бөлүктөрдүн имараттарын оңдоо жана коммуналдык жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын бюджетинин жана материалдык ресурстар менен борбордоштурулуп камсыз кылынуучу жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарынын бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Өздөрүнүн аскердик бөлүктөрү туруктуу жайгашкан жерден обочодо убактылуу милдетин аткарып жаткан ички аскерлердин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын бюджетинен атайын бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жайгашуу үчүн турак жай, коомуналдык кызматтар, байланыш линиялары жана каналдары автотранспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар, кошумча тамак-аш менен камсыз кылынат.
X бөлүм
Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл
43-статья. Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына
прокурордук көзөмөл
Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору жана ага баш ийген аскер прокурорлору жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |