Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-апрели № 37
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьянын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда мамлекеттик алымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- биринчи жолу алган жарандар;
- жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар;
- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этникалык кыргыздар.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |