МыйзамКүчүндө

КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116 «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция16.07.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 16-июлу № 116

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин.

1. 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.".

2. 8-статьяда:

1-бөлүгүндө "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча жүзөгө ашырылат.".

3. 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев