Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 21-декабры № 202
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө "менчигинин түрүнө карабастан" деген сөздөр алып салынсын.
2. 19 жана 19-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын биринчи абзацында жана 2-статьяда "айлык керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин" деген сөздөр "кепилденген эң төмөнкү кирешенин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда ", Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген нормалары жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык чыгарылуучу башка мыйзам актылары" деген сөздөр "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьянын 2-бөлүгүндө "Эгерде башкача белгиленбесе" деген сөздөр алып салынсын жана "ушул" деген сөз "Ушул" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 21-статьяда "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "коргоо, социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |