Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-июлу № 153
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
аталган Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын:
"45. Япония".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Япониянын ыйгарым укуктуу органына ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жана анын жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилгени жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |