МыйзамКүчүндө

Закон КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153 «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция19.07.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 19-июлу № 153

 

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын:

"45. Япония".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Япониянын ыйгарым укуктуу органына ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жана анын жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилгени жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев