Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 559 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2001-жылдын 31-январы ПУ № 46
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир
чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндөгү" Указынын 3-пунктунун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы - Ибраимов Осмонакун Ибраимович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына бекитилсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндөгү" Указынын 4-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улттук комиссиянын төрагасы бир айлык мөөнөттө комиссиянын курамы боюнча сунуш киргизсин.
4. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |